Айбат » Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын лидери: “Дөнөнбайдын элесин калтырат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Саясат » Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын лидери: “Дөнөнбайдын элесин калтырат”

Турсунбеков Чыныбай-Чыныбай мырза, “Каршылык көрсөтүү” кыймылы түзүлдү. Аты айтып тургандай эле сиздердин фракция жетектеп турган бийликке каршы чыкканы белгилүү болуп турат. Бул кыймылдын жаралганын кандай кабыл алдыңыздар?

-Коомдо ар кандай пикирлерди жарата бере тургандар болот. Ошол сыяктуу пикир жаратуучулар катары кабыл алдым. Түз жолдо бара жаткандардын ишине тоскоолдук жаратаары белгилүү. Кыргыз элибиздин ичинде айрым бир жосунсуз эле каралоо, жамандоого жагынан алдына киши чаптырбаган, курулай жамандоого ышкыбоз болгон саясатчыларыбыз өсүп чыкты. Макул эми сындасын, оппозиция бийликти сындаганын дайым колдойм. Кашаңдап турган бийлик болсо, аны камчылап өйдөнү көздөй түртмөлөп турган күч катары жакшы сыйлайм. Бирок, жөнү жок сындоонун кереги жок. Жаңы түзүлгөн бул кыймылдын максаттарын, ураандарынан, айткан кептеринен улам түшүндүм. Бир четинен оппозициябыздын деңгээли өтө төмөн болуп калганы, бир аз капалантып турат. Ушул оппозиция эртең кимди жыргатат деп түңүлүп калдым. 5 жыл чогуу окуган факультетин жана курсун унутуп калса, кыймылдын ана башчысы Бегалы Наргозуев. Кыргызда макал бар, калпты каратып туруп айтса, чындык чыга качат деген.

-Жогоруда аталган кыймылдын лидерлеринин бири Бегалы Наргозуев менен “Азаттыктын” “ыңгайсыз суроолор” берүүсүнөн экөөңүздөр айтыша кеттиңиздер. Ушундан улам эле бул кыймыл жакпай калган жокпу?

-Албетте, саясий чөйрөдө, элдин жашоосун жакшыртуу үчүн жүргөндөргө бул абдан эле терс, уят көрүнүш. Чындыкты айтыш керек, жөн гана калптарды айтуу менен элге жакшы көрүнүү, популизмди токтотуубуз зарыл. Баардык кадамдарга маданияттуу түрдө мамиле жасаганыбыз оң. Ажылдап эле ар кайсыны айта берген болбойт. Жөнү жок асылмайларын ошол көрсөтүүдөн баштаганын жамы журт көрдү, укту, билди. Биз жашап жаткан Конституция Президенттик башкаруудагы конституция эмес, президенттик, парламенттик башкаруудагы башмыйзам. Ошондой эле парламентте отурган +мүрбек Текебаев, Феликс Кулов ж.б. депутаттар Акаевдин, Бакиевдин тушунда диктатуралары күчөп, бандиттери, криминалдары күчөп турган маалда жок кылабыз дегенине моюн бербеген Текебаев, бүгүнкү күндө парламентте, коалицияда жүргөндө бийликти бир колго өткөрүүгө жол бермек беле. Бул такыр эле калп.  Кынтык издеп, карайлап эч нерсе таба албагандыктан келип чыккан жалаалар деп эсептейм. 26 депутат менен КСДП Жогорку Кеңеште эч бир маселени чече албастыгын, Жогорку Кеңешсиз бир да маселени Атамбаев эч бир ишти кыла албастыгын билип туруп дагы, ушуну айтууда. Качан КСДП Жогорку Кеңештин жарымын түзсө, күнөөлөсө мен макул болот элем.  Мындан улам булардын максаттары бир гана бийлик экенин түшүнсөк болот.

– Коомчулукта бир бийликке барган адам, кайрадан эле бийликти эңсеп калат деген оору пайда болоору айтылып жүрөт. Балким  башкачадыр?

-Аталган кыймылдын ана башчылары бийликтин даамын кичине татып калгандар. Туура, сиз айткан сөзгө кошулам. Болбосо, бийликте жүргөндө жарытаарлык иштерин деле көргөн эмесмин.

-Сиз дагы бийликтин даамын татып калдыңыз. Бийликти сактап калуу өзүнчө оорубу? Сизде ушундай сезим пайда болдубу?

-Сиз айткандай бийликтин ушундай таттуу экенин көрө элекмин. Жогорку Кеңеште жүргөнүмө 3 жыл болду. Ошол эле Наргозуевге караганда көбүрөөк болду. 2007-жылдын октябрь айында депутат болуп шайланып келсе, 2010-жылы айдалып кеткен. Салыштырып карап келгенде, биздин тажрыйбабыз көбүрөөк. Ошого карабастан бийликти самаган жерим жок.

– Теле дебаттын соңунда Бегалы мырза бир документти көрсөтүп сизди күнөөлөп жатты. Ал эмне болгон документ экен?

-Ал документ жанымда жок экен. Аны сурадым, дебат бүтүп калбадыбы… окуп чыккам, анда Аймтымбетов деген бала боюнча документ экен.  Айтымбетов менен Турсунбековдун ортосунда айырма барбы, жокпу десем, бир нерсе деп кыйкырып кетип калды. Айтымбетов деген жигитке козголгон иш экен. Кандай болуп, эмне болгонун билбейт экенмин, бирок, Бегалы айткандан кийин бул маселени билиш керек экен деп ойлоп калдым. Бишкек ликеро заводдо администратор болуп иштеген Айтыбетов жөнүндө иш экен деп түшүндүм. Ал жигитти көргөн да, тааныган да эмесмин. Анткени, Бишкек ликерозаводдго менин атымды жабыштырып жүрүшпөйбү? Эч нерсе таппаганынан ушуну алып чыккан окшойт. Ошол үчүн бул маселеге өзүм түшүп изилдеп, такташым керек болуп калды.

-Андан сырткары да “АкылИнвестБанк” боюнча да сизге кине тагылып, улутташтырылган деп жүрүшөт. Буга кандай комментарий бере алат элеңиз?

-Бул “АкылИнвестБанктын” улутташтырылганын эч жерден уккан эмесмин. Эч бир маселесин көрө элекмин. Бакиев заманында да бир банктын чоң акционери болгонмун. Азыр дагы бир банктын акционери болом. +лкө ичинде түркүн-түстүү соода-сатык иштери болгон сыяктуу эле, банкты ээси кимге сатат, канчага сатат, ал өзүнүн иши. Күнөө катары карагандын өзү акылга сыйбаган нерсе. Мисалы, менин акылыма сыйган жок. Эгерде анын акылына сыйган нерсени мага көрсөтсө болмок, бирок, көрсөтө алган жок. Теледебатта Бегалы мырза, билип-билбей ушактарга таянып бакылдап, ажылдап алды же билип туруп эле элге жакшы көрүнүү максатында айтып чыкты. Бул экөөнүн бирөө. Бул ашыкча болуп калды. Ушундай нерсеси үчүн мындай акмактарды кечирүүгө болбойт.

-“АкылИнвестБанктын” ээси, сиздин жубайыңызбы?

-Ооба, аны эч ким танган жок.

-Аталган банк тууралуу сот иштери болду деген кептер бар. Болду беле?

-Эч кандай соттук дагы, чырлуу дагы иш болгон эмес.

-Атамбаевге тиешеси бар дейт. Туурабы?

-Атамбаевдин бул жерде кандай тиешеси бар. Жөн эле бет тырмаалык кыла бергендин чеги болот да.

-Журналисттерди эмне себептен сотко берип жатасыз?

-Туура, сотко берип жатам. “Мекен Инфо” гезитин сотко бергем. Анын башредактору келип, кечирим сурап кетти. Рахмат. Кечирим сурап келсе, күнөөсүн мойнуна алгандарды сөзсүз кечиребиз. Дагы бир гезит жана Бегалы Наргозуевдин сайтын сотко бергем. Сот жүрүп атат. Кечирим сурашса, кечирем. Эгерде, чыгарган макалаларында айтылган фактыларга жооп бере албаса, анда жооп бериши керек. Алар тараткан ушактарда, мени арак ичип жүргөн, иштей албай, окуй албай жүргөн деген каралоолор бар. Университетти кандай окуагымды 150 курссташым билет. ЖОЖдо кандидаттыгымды жактап барып, иштеп, далай студентти окутканмын. Курулай көө жаба берген болбойт да.

Маектешкен Улукбек Кутманбаев

Айбат гезити №47



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru