Айбат » Темир Бирназаров, кинорежиссер: “Кыргыз эли – улуу эл. Ошол улуулук касиетибизди жоготпой, арыбызга келели”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Темир Бирназаров, кинорежиссер: “Кыргыз эли – улуу эл. Ошол улуулук касиетибизди жоготпой, арыбызга келели”

Бирназаров Темир- Узак жылдардан бери карай эле бийлик менен оппозиция тирешип келатат. Азыр да оппозиция жээгиндегилер Каршылык көрсөтүү кыймылы өңдүү кыймылдарды түзүп алып, бийликти колдорунан келишинче сынга алууда. Алардын сынын бийлик өкүлдөрү бийлик үчүн гана күрөш катары баалоодо. Сиздин оюңуз кандай?

– Ырасында эле Кыргызстанда бийлик талашмай, бири-бирин чукушмай, ооз көптүрө сындамай өнөкөт ооруга айланды. Кыргызстанды бутуна тургузалы, элибиздин жашоосун оңдойлу, ыйык жерибизди көздүн карегиндей сактайлы, ызы-чуу болуп тирешип атып башка өлкөлөргөжем болуп калбайлы деп ойлонгондору жок. Азыр бизде акчасы көп адамдар партия ачат, же кандайдыр бир кыймыл түзөт. Ошол эле акчага завод-фабрика курсам, элимди жумуш менен камсыз кылсам деп ойлонушпайт. Бул абдан жаман көрүнүш. Бийлик менен оппозиция бири-бирин укпай калды. Кандайдыр бир маселени чечкилери келсе эле элди чогултуп, митинг өткөрүүнү ойлошот. Анан башаламандык жасоого аракеттенишет. Андыктан мына ушундай көрүнүштөргө чекит коюп, тез арада ирээтке келтирбесек болбой калды. Бизде мыйзамдын диктатурасы, абийирдин диктатурасы деген жок. Ал эми мыйзам иштебесе, ар бир адам өз абийиринин алдында жооп бербесе оңоло албайбыз.

- Канткенде Кыргызстан деп аталган мамлекетибизди алдыга жылдыра алабыз? 

– Биз качан гана бири-бирибизди уга билүүнү үйрөнсөк,мамлекетибизди алдыга жылдырабыз. Болбосо, өзүбүздү-өзүбүз чалып жыгып, багалегине чалынып жыгылган жаш баладай болуп жүрө беребиз. Оппозиция айткан сындардыбийлик угушу керек, бийликтин айтканын оппозиция туура кабыл алышы зарыл. Кеңешип кескен бармак оорубайт дегендей кеңешип иш кылыш керек. Биз канчалык талашып-тартышкан сайын, эгерде себепсиз эле талаша берсек, мамлекетибиз артына карай кете берет. Ансыз да жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери алдыга жыла албай койдук. Мекендештерибиздин көбү чет өлкөлөп кетишти. Катуу айтканда, көбү малай болуп жүрөт. Ошондуктан арданышыбыз керек. Кыргыз эли – улуу эл. Ошол улуулук касиетибизди жоготпой, арыбызга келели. Мына ушундай жагдайды биринчи кезекте ошол өздөрүн лидер эсептеп жүргөн саясатчылар эске алышы керек.

- Учурдагы саясатчыларга кандай сапаттар жетишпей жатат? 

 

– Кадр тандоо жагынан аксап жатабыз. Кандай кадр болсо да биздин партиядан болсун, бизге жакын адамдардан болсун деген аракет байкалып жатат. Ошентип мыкты кадрлар чекеге сүрүлүп чыгып, кыйкырып сүйлөгөндөр алдыга чыга калууда. Ал эми азыркы оппозицияда жүргөндөр деле убагында бийликте отургандар. Ошондо деле эч нерсени чечишкен эмес. Азыр болсо алар бийликтин кетирген катачылыктарын илип ала коюп, аныөздөрүнө курал кыла коюп, упай топтогулары келет. Албетте, оппозиция болушу керек. Бирок, кандай гана катачылык болбосун, аны курал катары эмес, ошону болтурбоо, оңдоо максатында иштешсе жакшы болмок.

Ырыс алды ынтымак дейт элибиз. Канткенде саясатчыларыбызды ынтымакка чакыра алабыз?

– Бул азыр өтө кыйын маселе. Бизге демократия кирип келгени, капиталисттик системада жашап баштаганы байлык деген нерсе биринчи орунга чыкты. Ач көз болуп алдык. Ушундай темп менен кете берсек, жакында абаны да сатып баштайбыз. Эмнелерди гана саткан жокпуз? Жерди, сууну, абийирибизди саттык. Каада-салтыбызды да сата баштадык. Ошондуктан байлык гана топтоо деген арам ойдон ойгонуп, келечегибизди сергек көз карашыбыз менен карашыбыз керек болуп турат. Качан ач көздүктүтыя алсак, көрө албастыкты жоготсок – ынтымакка келип, мамлекетибиз үчүн иштей баштайбыз.

Акинай Айдарова

Айбат гезити №47



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru