Айбат » Ажылдаган Бегалы Наргозуев өз сөзүнө деле отчет бере албай калганбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ажылдаган Бегалы Наргозуев өз сөзүнө деле отчет бере албай калганбы?

Бегалы Наргозуев

Журналист чалыш, депутат чалыш, бизнесмен чалыш, ошол эле учурда саясатчы чалыш Бегалы Наргозуев өзүнүн чыныгы деңгээлин, чалыштап эле басып жүрөөрүн кече жакында эле Азаттыктын “Ыңгайсыз суроолорунда” тастыктап койду.

Саясый дебатка интеллигент адамдар келишчү эле, Майк Тайсондой болуп эле жулуна берген ким болуп кетти экен (?) дешип, анча-мынча Бегалы мырзаны тааныбагандар таңдайларын такылдатып тим болду.

Сүйлөө этикасы, сөз маданияты, деги эле маданияттуулук дегенден ныпым нөл турбайбы деп калдык. Саясый атаандашы менен эркекче сүйлөшкүсү келсе, эфирден кийин ээнирээк жерге барып алып, сенсирей бербейби дегендер да болду. Себеби, Бегалы мырза чү эле деген жерден маданияттуу адамдарга таандык каршылашына Сиз деп кайрылууну унутуп, сен эле сен, сен минтип жүрбөдүңбеле, деген сыяктуу сөздөрү менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн жипкирттип алды.

Аа кокуй, биз ишенели деп аткан оппозиция лидери ушундай болсо, анда азыртадан эле алды-алдыбыздан тал кармай берели деген пикирдегилер калды. Кыязы, Бегалы мырза Азаттыктын студиясына азыр бара калып эле Чыныбай Турсунбековду сенсирете бир уруп, нокаут түшүрөм деп келсе керек. Бирок, анын курулай кыйкырык, айлантып-тегерентип сүйлөгөн сөздөрүнүн удары өзүнүн тумшугуна кадалып, көрсөтүүнү көргөн жумурай журттун алдында нокаутка жыгылды.

Эми анын көрсөтүүнүн жүрүшүндө чалыштаган сөздөрүнө бир аз кайрылалы. 2010-жылы 7-апрелде бүгүнкү бийликтегилер элди баштап чыгып, бийликти алышты дейт ал. Таба эмес, тооба дейличи! Ушунчалык да каратып туруп калп сүйлөгөнгө болобу? Же 2010-жылдын 7-апрелинде азыркы бийликте отургандардын кимиси элдин алдына түшүп алып, жетектеп жүрдү эле? Бардыгын 6-апрель күнү Бакиевдин бийлиги бир-бирден кармап, камакка алганын Наргозуев билбейби? Сонун эле билсе керек.

Экинчиден, ал азыр бийликти Атамбаевдин партиясы узурпациялап алды деп далили жок кыйкырат.Журналисттин “конкреттүү кайсыл укуктарды президент парламенттен тартып алды?” деген суроосуна деле конкреттүү жооп айта алган жок. Адатынча айлантып-тегерентип, бийлик Конституцияда көрсөтүлгөн мыйзамдарды одоно бузуп, бийликти өз колуна топтоп атат дейт. Бирок, кайсы укуктарды колуна топтоп атканын айта албады. Демек, жөн эле элди өзүнө көңүл бурдуруу аракети экендиги байкалды.

Анан дагы Чыныбай Турсунбековго атырылып, “сен Текебаевден кыйын билесиңби, Равшан Жээнбековдон кыйын билесиңби? Жээнбеков азыр президент да, сот да, өкмөт да Атамбаев деп айтып жатпайбы?”, дейт. Мына эмесе, Равшан Жээнбеков айтып жатса эле, ал жалпы коомдун пикири болуп калабы? Батыштын саясатын жүргүзгөн, батышка бат-баттан каттап турган Равшан Жээнбековдун айтканы менен иш кылса, анда Бегалы мырзанын иши бүткөн экен. Оппозиция бардыгы биригип алса, анда эки-үчөө эле иштеп, калгандар чай ичип эле отура беришет дейт. Демек, бүгүнкү оппозицияда жалаң чайкорлор отура тургандыгын айтып жатабы?

Баарынан кызыгы, “мен Чыныбай Турсунбеков менен курсташ эмесмин, сен филфакта окугансың, мен журналистикада окугам” деп опурулат. Эмне ага Чыныбай мырза “экөөбүз группалашпыз” деп айттыбы? Же эки башка факультетте окугандарды курсташ деп атабайбы? Же Бегалы мырзанын курсташ деген сөздөн да түшүнүгү жокпу? Анан дагы өзү базарда отурган аялдардай ажылдап атат дагы “сен ажылдабай угуп тур” деп Чыныбай мырзага опурулат. Балким, ким ажылдаганын, ким маданияттуу отурганын көрсөтүүнү интернет-сайттардан дагы бир жолу карап таразалап чыгаар?

Кызыгы, Бегалы мырза дагы деле Бакиевдин убагындагы “Ак жол” партиясынын депутаты болуп жүргөндөгү эйфориясынан чыга албай жүргөндүгү болду.

Анын айтуусу боюнча, “Ак жол” партиясынын убагында өкмөткө да, башкасына да адамдар кезекке жыйылбай эле, каалаганындай кирип, маселелерин чечип чыгышчу экен. Азыр болсо, өкмөттө да, президенттин аппаратында да кабыл алуусунда кезекке тургандардын көптүгүнөн кимдир-бирөөмаселесин чече албай коюптур. Бир адам кезекке тургусу келбей, шашылып үйүнө кетип калса дагы бирөө-жарым күнөөлүү болобу? Анын үстүнө ал адам КСДП партиясынын мүчөсү турбайбы? Аны кезексиз эле кабыл алып коюшканда да “анна, өздөрүнүн партиялашын кезексиз кабыл алып жатышат” деп чыгышат эле го?

Айтор, Бегалы мырза Азаттыктын “Ыңгайсыз суроолорунда” кызыл чүпүрөктү көрсө эле сүзө качыра бере турган цирктеги букадай эле болду. Журналисттин суроолоруна түз жооп бербей, Чыныбай мырзага эле атырылып туруп алганы, анын мамлекеттин тагдырына байланыштуу көйгөйлүүмаселелерди кантип чечүү керек экендиги тууралуу олуттуу деле ойлору жок экендигин көрсөтүп койду.

Ал эми Наргозуевдин Бакиевдин убагында каалашынча майкаңдап, Максим Бакиев менен бирге “Эсен Эйр” деген авиакомпанияга ээлик кылып, мындайча айтканда “көөп” жүрүшү – ошол эски мезгилди эңсеп, качкын президенттин кандуу бийлигин самап турганынан кабар бербейби? Азыркы бийликти сындап, оппозиционер болуп чыга келгени да ошондон.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru