Айбат » Кыргызстан «Кумтөрдөн» пайда табышы керекпи же жоготуулардыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кыргызстан «Кумтөрдөн» пайда табышы керекпи же жоготуулардыбы?

алтын«Кумтөр» маселесин өздөрүнүн жеке керт баштарынын кызыкчылыгына пайдалангысы келген саясатчылардын айынан үстүбүздөгү жылы мамлекетибиз жүздөгөн миллион жоготууларга кабылды. Маселен, карапайым элдин башын айландырган саясатчылардын азгырыгы менен май айынын аяк ченинде Жети-Өгүз районунда адегенде митинг, андан кийин жол тосуу, «Кумтөр» ишканасын электр энергиясы менен камсыз кылуучу подстанцияны өчүрүү, анан барып милиция кызматкерлери менен митингчилердин кагылышуусу болуп өткөн. Шылтоого шыноо таба албай араң турган ташиевчилер Жети-Өгүздөгү митингчилердин деми менен Жалал-Абадда облустук администрацияны басып алып, «элдик губернаторду» шайлап, акыр аягы түштүк менен түндүктү бириктирип турган жападан жалгыз жолду эки күн бою бууп турушкан. Мына ушундай мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен мамлекетибиз жалпысынан 1 063,2 миллион сом зыян тартканын көзкарандысыз эксперт Искендер Шаршеев эсептеп чыккан. Маселен, Жети-Өгүз районундагы баш-аламандыктан бюджетибиз 443 миллион сом зыян тартса, «Кумтөр» ишканасы 4,6 миллион доллар, кыргыз сому менен 220 миллион сом жоготууга кабылган. Жалал-Абаддагы баш-аламандыктан, Ош-Бишкек жолун тосудан 350 миллион сом чыгашага кептелген экенбиз. Ал эми мына ушул баш-аламандыктарды басуу үчүн мамлекетибиздин бюджетинен дагы 50, 2 миллион сом чыгаша болгон. Сөзүбүз кургак болбос үчүн бир гана Ысык-Көл облусун алалы. Аталган облустун бир суткадагы ИДПсынын көлөмү 118 миллион сомду түзөт. Ал эми башаламандыктын учурунда андагы ишканалардын иши демейдеги режиминен 50 пайызга төмөндөгөн. Ошондо жети күнгө созулган башаламандыктан 413 миллион сом жоготу жаралган. Тактап айтканда жетини 118ге көбөйтүп, кайра экиге бөлгөндө 413 миллион сом пайда болот. Мындан сырткары дал ошол маалда туристтик сезондун ачылышы болмок. Туристтик сезон маалында салыктардын көлөмү 50 миллион сомго көбөйөт. Ал эми андагы элдин агрессивдүү абалынан улам туристтердин саны да 30 пайызга азайган. Демек, мамлекетибиз эки бою келе турган туристтердин 30 пайызынын пайдасын көрбөй калган. Ал 30 миллион сомду түзөт. Бул биздин айрым саясатчылардын мурдунун учунан алысты көрө албагандыгынын кесепети болду. Тилекке каршы ошол эле саясатчылар, аларга кошулуп ЖК депутаттары дагы «Кумтөр» маселесин саясатташтыруу аркылуу алдыда дагы бир жолу мамлекетибизди туңгуюкка түрткөнү турушат. КР өкмөтү үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта канадалыктар менен сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында мамлекетибиздин кызыкчылгына төп келе турган биргелешкен ишкана түзүү туралуу Меморандумга кол коюуга жетишкен. Анын эсебинен бюджетибиз «Кумтөрдөн» түшчү кирешесин дагы 84 пайызга көбөйтүү мүмкүнчүлүгү турат. Бирок, негедир мындай ийгиликти ЖК депутаттары колдобой тургандай абалда турушат. Мындан улам эртеңки күнү дагы «Кумтөрдү» улутташтырабыз деген митингдер улана турган болсо, экономикабыз биротоло жардан ары кулап, кыйрап калуу коркунучу турат. Анткени депутаттар Меморандумду колдобосо, алдыда эл аралык сотко баруу коркунучу турат. Ал эми андай болгон күндө Кыргызстандын утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү таптакыр жокко эсе экендигин, утулуп калсак 2,5-3 миллиард доллар доого жыгыла тургандыгыбызды дасыккан адистер, эксперттер эсептеп чыгышкан. Андыктан акыл калчап, терең ойлонуп, өкмөт менен парламент консенсуска келип, экономикабызды сактап калуу маселеси турат.

Айбат гезити №47




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Atka minerler oz kyzykchylyktaryn oilop ele olkonu ,eldi unutup jatywat…owonduktan da bizdin olko jardy olkolordun kataryna kirip kaldy…kachan Kumtordu ozubuz paidalanabyz?degi kumtordon paida tababyzby jokbu?

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru