Айбат » Садыр Жапаров, Эрмек Жунушбаев, Бактияр Курманов, Наргиз Калчаев сыяктуу «Кумтөрдүн» «саанчылары» жакында бекер «митинг-концерт» өткөрүшөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Садыр Жапаров, Эрмек Жунушбаев, Бактияр Курманов, Наргиз Калчаев сыяктуу «Кумтөрдүн» «саанчылары» жакында бекер «митинг-концерт» өткөрүшөт

Жапаров СадырМитинг өткөрүү боюнча мастер болгон Садыр Жапаров өзүнүн артынан дагы «шакирттерин» тарбиялап, өстүрүп келатыр. Кыргызда айтылгандай «Досуңду көрсөтчү, сенин ким экенинңди айтып берейин» демекчи, Садыр Жапаровдун ким экенин анын «шакирттеринен» эле билип алса болот. Маселен, анын «бересиң, бербесең өлөсүң» деген гана сөздөрдү билген, маданияттуу сүйлөшүүдөн, мыйзамдуулук деген түшүнүктөрдөн таптакыр алыс турган эки «шакирти» Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдорду абдан жакшы тааныйбыз. Бул эрендер май айынын аягында Жети-Өгүздө болуп өткөн митингдин башында туруп, бөтөлкөгө куюлган бензин менен өрттөнүп өлөбүз деген коркутууларды жасашкан. Мындай аракеттери менен алар эл байлыгы болгон «Кумтөр» үчүн күйүп жаткандай түр көрсөтүүгө далалат жасашкан эле. Тилекке каршы алардын кандай «патриот» экендери УКМК тарабынан тартылып алынган тасмадан шардана болгон. «Кумтөрдүн» өкүлүнөн 3 миллион доллар (табиттеринин укмуштуулугун айта бер) талап кылып жатышкандары, өкмөттөн да андан жогоркуларынан да коркпой тургандыктары тууралуу айтып отурушканын көрүп, жадакалса алардын жердештери да ооздору ачылган. «Өкмөт «ерунда», иштегиңер келсе биз менен сүйлөшкүлө, биз гана бардыгын чечебиз» деген билермандар. Алар өз чөнтөктөрүн 3 миллион доллар менен кампайтып алгандан кийин ««Кумтөр» – кыргыз элинин байлыгы» деген кыйкырыктарын токтотушмак. Демек «жармач патриоттор» деп айтуу да алардын кадыр-баркын көтөрүп коет. Андан да төмөнкү деңгээлдегилер. Ал эми дагы бир «шакирти» Нарис Калчаев деген эрен. Колуна акча карматып койсоң болду, үйүндө уктап жаткан адамдарды да ойготуп, митингге алып чыга алат. Бирок, «устаттары» берген акчалардын жарымысынан көбүн сол чөнтөктөрүнө солоп жиберет. «Эмнеси бар экен» деп ойлойт ичинен – «алар деле мамлекеттин акчаларын дайыма эле сол чөнтөктөрүнө солоп келатышпайбы, болбосо буларда мынчалык көп акча кайдан болмок эле?». Анн мындай шылуундугун «Ачык саясат» гезити жакында эле жарыя кылган. Көрсө, Нарис Калчаев оппозициянын митингдерин уюштурган эмгегинин акыбети кайтып 600 миң сомду төш чөнтөгүнө кымырып койгон экен. Ал эми алардын анабашчысы, дирижеру, сценаристи, режиссеру болгон Садыр Жапаров убагында «Ысык-Көл инвест банкын», «Жыргалаң» шахтасын рейдерлик жол менен басып алганы маалым. Анын ашынган коррупционер экендигин элдин баары билет. Бирок, «Мен патриотмун, элим үчүн, элимдин байлыгы үчүн күйүп жатам» деп көкүрөгүн койгулаганн токтотпойт. Ал канчалык көкүрөгүн койгулаган сайын мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, келечегине каршы жасап жаткан аракеттери чекесинен чубуруп чыгып жатат. Эми мына ушундай жалаң өздөрүнүн кызыкчылыгн көздөгөн, бири-биринен да кымырып ала коюуну өнөкөткө айлантып, талант катары баалагандар чогулуп 30-сентябрда Жети-Өгүз районунда, же Каракол шаарынын борборунда бийликке каршы чоң митинг өткөрүүнү пландаштырып жатышкандары маалым болду. Азыркы тапта Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаев камакта болгондуктан алардын туугандары менен Садыр Жапаров тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бул «митинг-концерттеринин» репертуарында Садыр Жапаровдун мурдатан эле ырдап келаткан «халтура обондору» сызылмакчы. Жаңы ырдын бет ачаары жок. Ал эми Нарис Калчаев болсо кайрадан эле митингди уюштуруу иштерин шымалана колуна алып, эми алаканын тырмап акчанын келишин күтүп турган кербези экен. Мына ушундай жалаң өздөрүнүн напсилерин тыя албай, жөн жаткан элди дүрбөтө берген эргулдарга акыры чара көрүү керек го. Болбосо, мына ушундай ууру-кески, бандит, шылуун жана студент кезинде «3» деген баадан башы көтөрүлбөгөндөр качанкыга чейин өлкөбүздөгү саясый кырдаалды ары-бери чайкай беришет?

Айбат гезити №47




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru