Айбат » Кубанычбек Исабеков Курманбек Бакиевди «баатыр» кылгысы келгенин мойнуна алды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кубанычбек Исабеков Курманбек Бакиевди «баатыр» кылгысы келгенин мойнуна алды

Исабеков

«Кумтөр» маселесин «дастанга» айлантып, көптөгөн жылдардан бери «күпүлдөп» айтып келаткан саясатчылардын бири Кубанычбек Исабеков дагы деле бул «дастанын» түрдүү варианттар менен айтып келатканы маалым. Эске сала кетсек «Кумтөр» долбоору боюнча 2009-жылы келишим кабыл алынганда терисине батпай сүйүнүп, «Бул келишим Кыргызстан үчүн чоң ийгилик болду» деп айтканы бар. Мындан улам «Эми мындан ары Кубанычбек мырза «Кумтөр» «дастанын» созолонтконду токтотот го» деп ойлоп калдык эле. Бирок, Бакиевдердин убагында дымып жатып, анан бийлик алмашкан соң кайрадан эле эски жолоюна түшүп, ««Кумтөр» Кыргызстандын кызыкчылыгына иштебей жатат» деп чыкканда таң калганбыз. Кандайча өзү бир кезекте «Кыргызстан үчүн эң чоң жетишкендик болду» деп мактап жаткан келишим мамлекетибиздин кызыкчылыгына иштебей жатат болду экен деп? Анан дагы учурунда үлкөн кызматтарда иштеп жүрүп, деги эле «Кумтөр» деген сөздүү оозанбагандар менен бирге боло калып, Жети-Өгүздө митинг уюштургандардын катарында болгондугу туралуу да кыргыз басылмалары жазып чыккан. Албетте, андан кийин Кубанычбек мырза «мен ал убакта Германияда болчум» деп актанып кутулду. Мунусун бул жакка коелу дагы, Кубанычбек мырзанын жаңы «барактарын» ачалы. Кече жакында Исабеков маалымат жыйынын өткөзүп, «Бакиевге эл баатырлыгын бериш керек дегеним чын» деп моюунуна алды. Ырасында моюунуна албаска аргасы деле жок эле. Анткени ЖКнын архивинде анын парламентте Курманбек Бакиевге жагалданып сүйлөп атканы аликүнчө сакталуу тургандыгын билебиз. Бул боюнча Исабековдун учурдагы оюн сөзмө-сөз берели: «Бул ошол кездеги оюм болчу. Бакиевге Эл баатырлыгын бериш керек дегеним чын. Себеби, мен Кумтөр боюнча 45 жолу соттоштум. Бакиевге кирип айтканымда дагы ал мени колдогон. Ал убакта Бакиевдин элди атарын кайдан билиптирмин? дейт ал. Ырас эле Бакиевдин өз элине ок чыгарарын эч ким билген эмес. Бирок, 2009-жылдагы келишим дагы Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келбей калганын жалпы эле коомчулук түшүнүп турган. Муну Кубанычбек мырза деле түшүнгөн болушу керек. Бирок, эмне себептен Бакиевге Эл баатырлыгын бергиси келгенин түшүнүү кыйын. Анан дагы бүгүнкү күндө кыргыз өкмөтү менен канадалыктардын биргелешкен ишкана түзүү тууралуу Меморандуму юридикалык жактан 2009-жылкы келишимге караганда артыкчылыктары бар экендигин моюунуна алат. Бирок, Бул Меморандум азыр юридикалык күчкө ээ эмес, ал болгону сунуш дейт. Кыязы, мына ушул сунуш Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылса юридикалык күчкө ээ болорун билбей жатса керек. Билсе да, түшүнгүсү келбей тургандай. Бирок, анын юридикалык жактан артыкчылыктары бар экендигин айткандыгын белгиледик. Анда неге кыргыз өкмөтүн ушундай жетишкендиги үчүн Колуман келсе, Эл баатырдыгын берет элем деп айтпайт? Айтор, Кубанычбек мырзанын Кумтөр маселеси боюнча бир жактуу пикири жоктой болуп турат. Балким жаң түзүлгөн Меморандум 2009-жылкга салыштырмалуу юридикалык жактан да, экономикалык жактан да артык турат деп айтууга күчү жетпей турат окшойт. Балким эми айтаттыр. Анткени жаңы Меморандум боюнча Кыргызстандын бюджети Кумтөрдөн түшкөн кирешесин 84 пайызга көбөйтө ала тургандыгын дасыккан адистер айтып жатпайбы?

Айбат гезити №47




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru