Айбат » Оппозициянын «оппа- позициясы» – «Юпи» планы болгондугу ачыкталды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Оппозициянын «оппа- позициясы» – «Юпи» планы болгондугу ачыкталды

Эрлан Өмүралиев

Кыргызстандын гана эмес, коңшулаш жана алыскы мамлекеттердин коомчулугунун да көңүлүн ирээнжиткен оппозициячылдардын «Юпи» планы ашкере болгондон бери анда аттары аталган саясатчылар түн уйкуларынан безип, чогулуп алып маалымат жыйынын өткөзүп, жалданма басылмалары аркылуу колдорунан келишинче актанып, «бул бийликтин оппозицияны алсыратуу үчүн жасаган ыкмасы» деп безеленип жатышкандарына көп эле болду. Курултай, митинг, жол тосууларга акча жумшагандары аз келгенсип, эми Эрланбек мырзаны Өмүралиевди да акчанын күчү менен сатып алышып, телефондон тескери сүйлөткөндөрүн билдик. Эрланбек мырза Садыр Жапаров менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө «Мага бул пландарды УКМКнын кызматкери үйрөткөн, мен аларды кайталап гана бердим» деп жатат. Бирок, бул пландар кечээ эле пайда болуп, Эрланбектин кулагына куюлган иш эмес экендигин Нарындын тургуну, «Хизб-Ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү Бактыбек Жуматаев 24-сентябрдагы маалымат жыйынында шардана кылды. «Мен Эрланбекти Нарындын тургуну катары гана таанычумун. Тактап айтканда 2012-жылдан бери таанышмын. Бирок, эч кандай жакын мамиледе болгон эмеспиз. Анан ал мага жаз айларында келип, адегенде ден-соолук, ал-жай сурашып, анан «Юпи» планын ишке ашырсак деп айткан. Нарын суусуна цианид куюу керек экендигин, анүчүн Садыр Жапаровдор тарабынан чоң көлөмдөгү акча бериле тургандыгын айта баштаганда эле мен аны токтотуп, «Бул мусулман баласы жасай турган жумуш эмес, кантип өз элибиздин ичээр суусун булгамак элек, ал оюңдан кайт» деп айткам» дейт Бактыбек Жуматаев. Мына ушунун өзүнөн эле «Юпи» планын оппозициячыл саясатчылар көптөн бери эле ойлонуп келишкенен кабарлайт. Эгерде Эрланбек айткандай ага бул планды УКМКдан үйрөтүшкөн болсо, анда жаз айларында Бактыбек мырзага ушул эле планын ишке ашырууну суранып неге барып жүрөт? «Кумтөрдү» негизсиз сынга алып, ага кошуп бийликти шыбап жүргөндөрдүн акыркы кадамдарынан улам алардын бийлик үчүн баарына даяр болуп калгандары байкалган. Бирок, бийлик кумары жалпы кыргыз элинин, анан дагы коңшулаш мамлекеттердин ичээр суусун булгоого чейин бараарын күткөн эмес элек. Актана бергендин да чеги болот. Камчыбек Ташиев өткөн жылы 3-октябрда элди бийликти алууга үгүттөгөн сөздөрү, Ак үйдүн тосмосун ашып өткөнү видеотасмаларда ачык эле көрүнүп турса дагы, «Мен жумушума бараткам, элди үгүттөгөн эмесмин» деп актанганын эстен чыгара элекпиз. Ошол сыяктуу эле «Юпи-гейт» планын түзгөндөр дагы алардын чыккынчлк кылыктары ачкка чыгып жатса дагы долуланып танып отурушат. Убактылуу танганга болот. Бирок, тарых эч качан мындай аракеттерди өз сабынан чийип кое албайт.

Айбат гезити №47



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru