Айбат » Бакытбек Жуматаев: Э.Өмүралиев “Юпини” ишке ашырсак, Садыр Жапаров тарабынан чоң суммадагы каражат берилет деген

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бакытбек Жуматаев: Э.Өмүралиев “Юпини” ишке ашырсак, Садыр Жапаров тарабынан чоң суммадагы каражат берилет деген

Хизб ут-Тахрир

24-сентябрда Бакытбек Жуматаев маалымат жыйынын өткөрүп оппозициянын “Юпи” планы жөнүндө айтып берди. Ал белгилегендей, Э.Өмүралиев аны жаз айларында Нарын суусуна цианит төгүүгө үгүттөгөн. Бул үчүн оппозиция тарабынан ири суммадагы акча түшөрүн баяндаган. Белгий кетсек, Б.Жуматаев “Юпи” планынан баш тартканын буга чейин УКМКга да баяндап берген.  

Э.Өмүралиев менен качан жолуккансыз жана ал сизге кандай сунуш айткан?

– Э.Өмүралиев ушул жылдын жаз айлырында мага “Юпи” планын айтып аны ишке ашырууга үгүттөгөн. Бул программаны ишке ашырсак, Садыр Жапаров тарабынан чоң суммадагы каражат берилет деген. Бирок, мен андан баш тартып мындай кыянатчылыкка барбоого чакырдым. “Мусулман адам эч качан мындай ишке барбайт. Элди мындай жол менен көтөрүлүшкө алып баруу туура эмес. Өз элиң ичип жаткан сууга кантип уу төгөсүң. Бул бузукучулук. Сен саясатчылырдын сөзүнө кирип элге думандык кылба” деп аны кайтаргамын. Бул менин мусулмандык парызым эле.

Аны менен канча убакыттан бери таанышсыз?

– 2012-жылдан бери мамилебиз бар. Э.Өмүралиев ооруп мага кайрылган. Мен аны мусулманчылык жолу менен хажнама жасап айыктыргам. Аны жаран катары тааныймын. Аласа-бересебиз деле жок.

Э.Өмүралиев сизди “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун дисктерин тарат деген маалыматты да айтты эле. Ушул чынбы?

– Мен ага эч кандай диск берген эмесмин. Калп айтып жатат. Ал кимдин бурутмасы менен мындай ишке барып жатканын билбедим.

Сиз Э.Өмүралиевдин айкандары боюнча УКМКнын өкүлдөрүнө көрсөтмө берипсиз. Күч кызматтары тарабынан кыйноолор же коркутуулар болгон жокпу?

– Мен ал тасмада УКМКнын өкүлдөрүнө айтып бергемин. Алар мени тиешелүү суроолор менен суракка алды. Бирок, эч ким мага күч колдонгон жок.

Садыр Жапаров менен кандайча тааныштыгыңыз бар?

– Аны саясатчы катары эле тааныймын. Жеке мамилелерибиз жок.

Айбат гезити №47




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru