Айбат » Фейсбуктагы талаштар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Социалбет » Фейсбуктагы талаштар

14-майда саат 22:36да Бишкек шаардык ИИБга Жибек Жолу проспектинде, Аламүдүн базарынын бет маңдайында уйгур тектүү жарандар менен кыргыз улутундагы жарандар ортосунда массалык мушташ болгон.  Бул окуяга журналист Жыргалбек Касаболотов менен укук коргоочу Азиза Абдирасулова фесбук социалдык түйүнүнө айтыша кетишти. Анда эмесе эч өзгөртүүсүз окуп коюңуздар…

Бектурган Бейбашов: “Жамандын коногу бийлейт!” Же кутура элек уйгурлар калды беле?..

j_kasabolotov_azattyk

Жыргалбек Касаболотов:

- Мен ушул жерде жазылган маалыматка таянып атам. Эгерде бул маалымат чын болсо, менин оюм ошондой. Калп болсо, анда кеп башка. Бул жерде Сиз айткандан таптакыр башка маалымат жїрєт. Кармалган ал аял жалгыз эмес, мушташты уюштуруп атканда мас болчу, жабыркаган кызга эч кандай туугандык жайы жок деп жїрєт. Аны кандай тїшїнєбїз?

 

 

 

Азиза Абдирасулова:

– Жыргалбек, мас аял чакырды деп баары чуркап барышып, эч нерсени иликтебей колуна тийгенди токмоктоп жатышат. Эки водитель бири-бирине дооматы жок экен,

170187_122366747837096_7425975_o

жараат алган кызды атайын уруп кеткен эмес, эки машина кагышканда бирєєсї серпилип барып тиги кызга тийген. Ал кыз да ооруканага жаткандан баш тартып їйїнє кетти. Баарына кїнєєлїї деп жалгыз аялды гана кармашып ИВС ке камап коюшту. Мен сурап жатамын, кана калган, бири-бири менен мушташкан эркек сєрєйлєр. Бир аял чакырды деп 30-40 эркектер мушташка кирип кете берсе жакшыбы? Акыл-эс дегенди кудай адам баласына эмнеге берген?

 

 

 

Жыргалбек Касаболотов:

- Эми эже, сиўдимди коюп кетти эле коюп кетти, союп кетти эле союп кетти деп чырылдап атса тигил кыз, анан балдар ошонун айтканына ишенип болушса болушкандыр да. Тигил кыздын машинеге урунуп жыгылганын кєргєндєр го деги бар, анын їстїнє тез жардам алып кетти деп жанында тургандар айтып атышса. Тигинин сиўдиси экенин, же сиўдиси эмес экенин алар кайдан билет? Анын камалган-камалбаганын кайдан билет? Болушту, єзї тїшїнїшїнчє єз милдетин аткарды, кетти. Эмгичекти унутуп деле калды болуш керек. Мушташ болгон жерде милийса келгиче качан бизди кармайт деп кїтїп турган жаштарды ушунча болуп кєрє элекмин. Эгерде чын эле Сиз айткандай жєнї жок жерден улут аралык чатак чыгарса – ал кыз туура эле отурат анда. Отурмактан отурсун. Баштаган ошол болуп атпайбы, териштире келсе.

 

Азиза Абдирасулова:

-Кєрдїўбї иним бир кумалак бир карын майды чиритет дейт. Бизде дайыма ушундай. Ошол аял канча єкїрсє да , тем более мас экен, башка жигиттер токтоо болушпайбы. Эмне, бир мас аял айдактаган жакка чуркап барчуудай, ур десе баса калчуудай жигиттердин баары маўкурт болуп кетишкенби. Жыйынтыгы эмне болду? Азыр бешєє кармалып, суралып атышат. Дагы калгандары издєєдє. Кимге пайда, кимге зыян? Тиги айдоочулар єз ара келишип алышты. Алар жабыркаган болуп таанылып жатышат. Арачыга алты муш дегендей бир мас аялдын айдактаганына чуркагандар кылмышкер болуп чыга келишти…




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru