Айбат » Эрланбек бар, эрикпейбиз!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Эрланбек бар, эрикпейбиз!

эки жжүздүү двуличие25-сентябрда айтылуу “Юпи” операциясынын баш каарманы Эрланбек Өмүралиев маалымат жыйынын өткөрүп тескери “сийди”. Бул жигит Аликбек Жекшенкулов айткан аферисттен да өткөн неме окшойт. Баштапкы көрсөтмөлөрүнөн баш тартып “УКМКнын кысымы менен жалган көрсөтмө бергем” дейт. Бирок, ушул эле сөздү орусча сүйлөп, атайын кызматтар тарабынан эч кандай кодулоо болбогонун сайрады. Анын мындай эки ача пикирин жыйынга катышкан журналист журтчулугу да байкап калып, “Эмнеге эки сүйлөп жатасыз? деп кокодон алды. Кокустан берилген таамай суроодон көпкө эсин жоготкон Эрланбек мырза “алар коркуткан жок” деп кайра “айныды”.

Эрланбек Өмүралиевдин сөзүнө ишенсек, бир ай бою өзү жөнүндөгү маалыматтарга сарасеп салып келиптир. Ал ээн-эркин эле көчөдө басып, туулган жерин сагынганда Нарынга байма-бай каттап да туруптур. Бирок, буга чейин Садыр Жапаров аны УКМК кайтарууга алып жатканын айтып чыккан эле. Садыр мырза атайын кызматтын катуу кайтаруусундагы Эрлан менен эбин таап жолугуп, эки жолу телефон менен сүлөшкөнүн шардана кылган. Анын бирин жаздырып алып, коомчулукка да жарыялаган. Бул жерде Садыр мырза менен Эрланбектин мурдаттан бери тыгыз байланышы бар экенин, алар бир максатка жетүүнү көздөгөнүн байкаса болот. Анткени, Бакыт Жуматаев аттуу “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү Эрландын “Юпи” операциясы менен жаз айларында таанышканын билдирген. Бул учурда С.Жапаров темир тор артында Эрланбек менен “сүйүү катын” жазышып жүргөн. Ошондой эле, маалымат жыйынында Садырдын бир тууган иниси Сабыр Жапаров да отурду. Ал журналисттердин ар кандай суроолоруна шашып калган Эрланга кагаз аркылуу көрсөтмө берип жатты.

Мындан сырткары ал К.Кадыров менен А.Жекшенкуловду байдын кызындай мактап, алар менен мамилеси ысык экенин айтты. Ошол эле учурда “С.Жапаровдон Аликбек Жекшенкулов менен Кубанычбек Кадыровго жолуктуруп коюңуз деп суранып жатам” деп оозду ачырды. Кыскасы, Эрлан бизди эриктирбейт окшойт.

Канткен күндө да анын УКМКга берген алгачкы көрсөтмөсү чындыкка жакын. Анткени, ал маалымат жыйынында “тантырагандай” ойду тоону сүйлөбөй “Юпи” планын конкреттүү баяндап берген.

Айбат гезити №47



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru