Айбат » Э.Өмүралиев “Юпи” пландары тууралуу Курултайдан эмес, жаз айларынан бери билчү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Э.Өмүралиев “Юпи” пландары тууралуу Курултайдан эмес, жаз айларынан бери билчү

жазЭркин басылмалар жазгандай, Садыр Жапаров ири акча, борбордон квартира сатып бергенден бери Эрланбек Өмүралиев башкача сайрап калды. Ал оппозициянын «Кувакы», «Юпи» сыяктуу үрөй учурган, мамлекетибизди кыргынга салып, элибизди ууландыруучу пландарын айткан эмесмин деп танып, маалымат жыйынын өткөрүп да жиберди. Бирок, ал канчалык оппозицияны актагысы келгени менен, оозунан чууруп чыккан сөздөрү бири-бирине коошпой, сөздөн чалынып жатпайбы.

Эрланбек тасмада «Юпи» планын жүзөгө ашыруу үчүн Бактыбек Жуматаев аттуу «Хизб-Ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү менен сүйлөшкөнүн билдиргенин көргөнбүз. Б.Жуматаев буга дароо реакция жасап, «Юпи» долбоору чындап түзүлгөнүн ырастады.

Анын айтымында, жаз айландарында Өмүралиев келип, ушул планды сунуштаган жана Садыр Жапаровдон чоң суммадагы акча келе турганын айткан. Бирок Б.Жуматаев ошондо эле бул сунушту четке кагып койгонун айтып отурат.

Ал эми Өмүралиев болсо мурунку айткандарын танып, ошол курултай болгон күнү бул пландарды ага “Калыс” деген бирөө айтып бергенин сайрап жатпайбы!

Ушул жактан Эрланбектин сөзү эки чыгып атат. Жуматаевдин айтканы чын болсо, Өмүралиев бул пландар тууралуу тээ жаз айларында эле билчү.

25-сентябрдагы маалымат жыйынында журналисттер: «Бактыбек Жуматаевдин айткандары чынбы?» деген суроосуна Эрланбек конкреттүү жооп узата алган жок. «Мен аны Кудайга койдум, андай планды аны менен талкуулаган эмесмин» деп гана чектелди. Эми жакшылап байкаңыз: Өмүралиев Жуматаев менен тааныштыгын ырастайт дагы, кайра аны жакшы тааныбайм дейт. Андан дагы кызыгы, неге тасмада Бактыбек Жуматаевдин ысымын атап, аны менен Нарын дарыясын ууландыруу планын талкуулаганын баяндайт? Эгер өзүнүн актыгына ишенсе, неге анда Жуматаевди сотко бербейт? Курулай актангандан көрө Жуматаевди сотко берип, мыйзам чегинде өзүнүн тазалыгын далилдебейби? Эрланбек анте албаса керек. Ал эми Бактыбек Жуматаев тасмадагы билдирүүсүн маалымат жыйынында дагы бекемдеп, Өмүралиевчесинен эки жээкке ойдолоктогон жок.

Кандай болгон күндө да, Өмүралиев эркин гезиттер жазгандай, Жапаровдун акчасына жана квартирасына алданып, оппозицияны акташ үчүн баштапкы билдирүүсүнөн таңам деп жатып тагдырына балта чаап алды. Оппозиция лидерлери бүгүн Өмүралиев керек болгону үчүн аны коргоп жүрүшөт. А эртеңки күнүчү? «Салыңды катындай» таштап кетишери аштан бышык эмеспи?

Айбат гезити №47



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru