Айбат » Клара Ажибекова: Батукаевди Кыргызстандан Феликс Кулов чыгарып кеткен

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Клара Ажибекова: Батукаевди Кыргызстандан Феликс Кулов чыгарып кеткен

Клара АжибековаКоммунист эжебиз Клара Ажибекованын ою боюнча, Азиз Батукаевдин түрмөдөн жана Кыргызстандан чыгып кетүү операциясынын башында “ар намысчы” депутат Феликс Кулов турат. Бул тууралуу К.Ажибекова Камчыбек Ташиевдин акырынан жем жеген “Саясат.kg” маалымат сайтына билдирип, анысы бакыйып видео форматында аталган сайтта илинип турат.

Анын айтымында, ушунун баарын көзөмөлдөп, ойлоп тапкан, уюштурган башкы адамды табыш керек.

“Ушунчалык жогорку денгээлде ушундай адамды чыгарып кетүү иш-чарасынын башкы көзөмөлдөөчү – бул Феликс Кулов деп эсептейм. Анткени ал Батукаев менен абдан тыгыз криминалдык жана үй-бүлөлүк жактан байланышта болчу. Биз баарыбыз билебиз, Тынчтыкбек Акматбаевди жана Жогорку Кеңештен эки жардамчысын, ГУИНдин төрагасын өлтүрүшкөндө, Кулов эки жарым сааттан ашуун ушул Батукаевдин тобун көзүн тазалаттырбай коргоп отурган. Ошончүн баары түшүнүп турат, бул кылмыштын башында ким турганын жана кыргыз эли менен кыргыз мамлекетин ким шылдыңдаганын. Ошондуктан эң башкы заказчиктин ысымын аташса, адилеттүү болмок”, – деп Клара Ажибекова агынан жарылыптыр.

Айбат гезити №47




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru