Айбат » Равшан Жээнбеков жеке өзүн гана ойлоп, саясый упай топтогон Нарцисс

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Равшан Жээнбеков жеке өзүн гана ойлоп, саясый упай топтогон Нарцисс

Жээнбеков РавшанМассалык маалымат каражаттарына чыкпай калса башы ооруган саясатчылар бар. Алардын бири «Ата Мекенден» куугун жеген депутат Равшан Жээнбеков.
Кайсы гезитти ачпа, кайсы интернет сайтын караба – ал өзүнүн жаттап алган ырын созгону, созгон. Бирөөгөжабышса,  чап кенедей жабышып, кое бербей коет. Кезинде өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага президент болгонуна бир да жыл боло элегинде ушинтип жабышкан эле, Бакиевге окшоп баратат деп негизсиз сындап. Эми азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин сындаганы сындаган. Ушул жол менен өзүнө саясый упай топтогусу келет. Жөнү бар сын болсо, баракелде демекпиз. Жөн гана ММКга чыгыш үчүн популисттик кылып айтып атканына эмне дейли?

Мисалы, КСДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиеванын пикиринде, канткен күндө да президент биз жашап жаткан сүйүктүү өлкөбүздүн башчысы жана бул кишини жүз миңдеген эл шайлаган.

“Алмазбек Шаршеновичтин кылып жаткан иштерин калк туура кабыл алып жатат. Муну белгилеп коюшубуз керек.Кыргызстандын мыйзамында президенттин абройуна шек келтирүү  тыюу салынган. Эгер фактылар болсо, анда башка кеп. Ал эми “Депутаттын статусу жөнүндө” кодексинде эл өкүлү эч кимге акаарат келтире албайт деп айтылган. Анын авторлорунун бири менмин. Демек, Р.Жээнбеков негизсиз айыптары менен депутаттын этикасын бузуп жатат”, – деп белгиледи Д.Ниязалиева.

Бул жолу Жээнбеков «Парламентаризмдин сабактары.Үч жылдан кийин» деп аталган тегерек үстөлдөпрезидент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга бүт бойдон ээлик кылып атат, УКМК менен КТР оппозицияга басым жасоочу курал болуп калды деген оюн айтты. Бийликтеги таасирди кызматтардын баарында президенттин кадрлары отурарын билдирди. Бирок, өкмөт мүчлөрүнө президент кантип таасирин тийгизип атат деген маселени чечмелеп берген жок.

Ушинтип жөнү жок сүйлөп, ММК бетинен түшпөй популисттиги буга аброй алып келбеши турган иш.  Андан көрөк керек учурда, салмактуу пикирлерин айтып, өзүндө салмактуу саясатчынын образын түзбөйбү? Жеөзүнүн жүзүн сактап калуудан дагы АКШнын мамдепартаментинин тапшырмасын аткаруу жогору турабы? Анткени, ал мамдепартаменттин берген көрсөтмөсүн эки кылбай, өз өлкөсүнө чыккынчылык кылып жүргөнү эч кимге жашыруун деле эмес болуп калды.
Ушундан улам, Равшан Жээнбеков Кыргызстанга, кыргыз элине, келечегине куйбөй эле жеке өзүнүн гана кызыкчылыгы, саясаттагы орду менен алек болуп, теледен акылдуу беттин маскасын кийип алып, сырттанөзүнө суктанган Нарцисстин элесин калтырууда деген тыянак чыгарса болот.

Айбат гезити №47




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru