Айбат » Нарында БАУ шаарчасынын биринчи баcкычынын курулушу башталды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Нарында БАУ шаарчасынын биринчи баcкычынын курулушу башталды

нарын

Ушул жылдын 27-сентябрында Нарын шаарынын батышынан Борбор Азия университетин (БАУ) куруу үчүн бөлүнүп берилген жер аянттардын дал ортосунда окуу жайдын курулушунун алгачкы баскычы башталгандыгы тууралуу расмий маалыматтык жыйында кеп болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегин билдирди.

Анын ишине БАУнун өкүлдөрү, Кыргызстандын жана Тажикстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. БАУнун башкы директору, доктор Богдан Кравченко бул окуу жай Борбор Азиядагы эл аралык деңгээлдеги уникалдуу университет болоорлугун шардана кылды.

Толук курулуш баскычтары бүткөндө БАУнун Нарындагы кампусунда 1 миң 200 студент окумакчы. Ал эми азыр курулуш башталган кампустун биринчи баскычынын курулушу 2016-жылы аяктап, ал жылы алгачкы 30 студент кабыл алынат.

«Мындагы уникалдуулук студенттер да, окутуучулар да, баарысы бир шаарчада жашашат. Экинчиси мисалы, нарындык студенттер Текелиге (Казакстан) же болбосо Хорогго (Тажикстан) барып окуганга мүмкүнчүлүк ала алышат», – деди Б.Кравченво.

Ачылыш аземге катышууга келген ЖМК өкүлдөрү БАУ салынуучу жерлерде болушуп, алгачкы курулуштар курулуучу аянтардагы казуу иштерин көрүштү.

БАУнун коомчулук менен байланыш жана коммуникация департаментинин жетекчиси Нисар Кешвани алдыдагы эки жыл аралыгында БАУнун административдик-кызматтык имараты, ички жолдор жана унаа токтоочу аянттар, дарскана, ашкана, китепкана, лабораториялар, окутуучулар жана студенттер жатаканалары бүткөрүлөөрүн белгиледи. Учурда ал жерде 180 жергиликтүү жумушчулар иштеп жаткандыктары айтылды.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru