Айбат » Караколдо үйлөрдү тоноп жүргөн кылмыштуу топ колго түшүрүлдү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Караколдо үйлөрдү тоноп жүргөн кылмыштуу топ колго түшүрүлдү

наручникиЫсык-Көл облусунун Каракол ШИИБнин ыкчам тобунун комплекстүү чараларынын жүрүшүндө, үч кишиден турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы Замир Асаналиев.

Маалыматта айтылгандай, акыркы мезгилде облустун борборунда үйлөрдү тоноо учурлары көбөйүп кеткен. Уурулук аракеттеринин ыкмалары бири бирине окшош экени байкалган. Ушуга байланыштуу үйлөрдү тоногон жаңы уюшкан топ түзүлгөнү тууралуу божомол пайда болгон. Аталган кылмыштуу топту аныктоо максатында, Каракол ШИИБдин базасында ыкчам иликтөө тобу түзүлгөн.

Ыкчам иликтөө тобунун комплекстүү иликтөөсүнүн жүрүшүндө, кылмышкерлердин изине түшүп, аларды кармоого мүмкүндүк түзүлдү. Алар Каракол шаарынын тургундары 22 жаштагы Ш.У, жана Р.А. 19 жаштагы Д.А.

Учурда Каракол ШИИБдин тергөөчүлөрү тарабынан кармалган топко үйдү тоноодогу 12 эпизод боюнча айып коюлуп, далил буюмдар алынды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru