Айбат » Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында «Ааламга кетчү жол-айылдан башталат» урааны кабыл алынды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында «Ааламга кетчү жол-айылдан башталат» урааны кабыл алынды

1Алсак айыл өкмөт башчысынын демилгеси менен айылдын кире беришине  көрнөк орнотулуп бүттү. Бул тууралуу өздүк кабарчыбыз Нуркожо уулу Айбек билдирди.

Анын берген маалыматына карасак, аталган айыл өкмөт башчысы Бийсеев Надырбек таланттуулар айылдан чыгат ураанынын астында айылдын ичине көрнөк тургузуп, анын бетине «Ааламга кетчү жол — айылдан башталат» деген жазуу жаздырткан.

Орнотулган көрнөктүн көлөмүнүн узуну 3 метр туурасы 5 метр. Орнотулган жери айылга кире беришиндеги «Улуу катаган жаштары» коомунун  1976 жылкы мүчөөлөрү орнотушкан көрнөктөн 100 метр айылга жакын жердеги эки айрылыш жолдун ортосуна орнотулган.

«Алдыда дагы көптөгөн иштерди аткарабыз, күзгү оруп жыйноо иштери жана кышка кам көрүү келе жатат. Бардык иштерге убагында жетишкенге аракеттенүү үстүндөбүз» — дейт айыл өкмөт башчы Н.Бийсеев.

Маалымат булак




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru