Айбат » Турсунбек Акун бүгүн ачкачылык акциясын токтотууну ниеттенүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Турсунбек Акун бүгүн ачкачылык акциясын токтотууну ниеттенүүдө

Турсунбек акунЭкс-акыйкатчы Турсунбек Акун ачкачылык акциясын токтотууну ниеттенип жаткандыгын бүгүн 30-сентябрда билдирди.

Анын айтымында, анын ачкачылык жарыялаганына 15 күн болгон. Бирок бул убакыт аралыгында бир дагы бийлик өкүлү келип анын ден-соолугунан кабар алган эмес.

“15 күн аралыгында бир дагы бийлик өкүлү менин ден-соолугумдан кабар албаганын эске алуу менен алар менин өлүмүмдү каалап жатат деп бүтүм чыгарса болот. Эгерде мага кимдир бирөө жамандык кылса, ошондой эле нерсе сөзсүз аны башына келет. Дарыгерлер ден-соолугумдун солгундап кеткендигин айтып жатышат. Андыктан ачкачылык акциясын токтотууга аргасыз болуудамын “, – деди Акун.

Эскерте кетсек, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун алгачкылардан болуп Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыгуу маселесин көтөрүп чыккандыгы үчүн 27-июнь күнү парламент аны ээлеген кызматынан бошотуу чечимин кабыл алган.

Буга байланыштуу 3- июлда Жогорку Кеңеш тарабынан акыйкачылык кызматына сынак жаряланган. Документтерди кабыл алуу 15- августта аяктап, ат салышуу үчүн 54 адам арыз берген. Бирок кийинчерээк “Ар-Намыс” фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева өз талапкерлигин чакыртып алган.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru