Айбат » Быйыл кыштын оор болоору болжолдонууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Быйыл кыштын оор болоору болжолдонууда

кыш

Кечээ, 1-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов министрликтин тиешелүү жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, анда кышка даярдык көрүү боюнча маселе талкууланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жетекчилердин маалыматтары боюнча министрликке караган түзүмдүк жана аймактык башкармалыктары көмүр менен толук камсыз болушкан. Ал эми көйгөй катары КРнын ӨКМнин Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы, Баткен облусундагы жана Нарын облусундагы өрткө каршы күрөшүү бөлүмдөрү үчүн курулуп жаткан имараттардын курулуш иштеринин кечиктирилиши айтылды. Министр Кубатбек Боронов бул маселе боюнча ӨКМнын өрткө каршы күрөшүү мамлекеттик кызмат агенттигинин директору, полковник Нуржан Осмоналиевге жана министрликтин Жалал-Абад, Баткен, Нарын райондук башкармалыктарынын башчыларына кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Ал эми ӨКМнын Гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаевдин айтымында, быйылкы кышта өткөн жылдарга салыштырмалуу кар көп жаап, суук болоору болжолдонууда. Мындай маалыматты уккан Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов “Кышка даярдык көмүр сатып алуу менен эле чектелбейт. Кызматкерлер эмгектенип жатышкан бардык имараттарды жылуулатуунун аракеттери азыртадан көрүлүүсү зарыл. Качан бюджеттен акча келет экен деп отура берүүчү мезгил артта калгандыгын унутпагыла. Биринчи кезекте куткаруучулар менен катардагы жоокерлердин кызмат ордуларын, жашаган жерлерин кышка даярдашыбыз керек. Анткени ар кандай кырсык учурунда калкка жардам көрсөтүүчү негизги күчүбүз ошолор. Аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп бербей туруп, биз калкка жардам көрсөтө албайбыз. Экинчиси, биздин техникаларыбыз ар кандай кырсыктарга даяр болуусу зарыл. Үчүнчүсү, кышында кар көп жаагандан улам калктын каттоосуна кыйынчылык жаратуучу жолдордун, ашуулардын карталары кайрадан каралып чыгып, тиешелүү министрликтерге өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча сунуштар менен эскертмелердин берилүүсү зарыл”,- деди министр.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru