Айбат » Жогорку Кенештин төрага орун басары А.Сасыкбаева Тажикстан парламентинин депутаттарын кабыл алды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жогорку Кенештин төрага орун басары А.Сасыкбаева Тажикстан парламентинин депутаттарын кабыл алды

Асия СасыкбаеваЖогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева бүгүн, 2-октябрда Тажикстан парламентинин депуттар тобун – жакында Кыргызстанда өткөн «Борбордук Азия: бирдиктүү билим берүү айдыңын түзүү маселеси» эл аралык конференциясынын катышуучуларын кабыл алды. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Роза Акназарова, Наталья Никитенко, Карамат Орозова, Бахтияр Кадыров катышты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы маалымдайт.

Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары өз сөзүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтык мамилелерди андан ары өнүктүрүү зарылчылыгын баса белгиледи. А.Сасыкбаева өткөн эл аралык конференциянын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн билим берүү тармагында пикир алышуусу билим берүү жана илим жаатында кызматтык мамилелерди кеңейтүү зарылчылыгынын күбөсү.

Ошондой эле, жолугушуу жүрүшүндө кызматташтык мамилелердин кеңири катмары, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы парламенттер аралык алакаларды арттыруу маселелери талкууланды.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru