Айбат » Ала-Бука районундагы А.Жумабаев мектебинин окуучулары чатырда окуп жатат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ала-Бука районундагы А.Жумабаев мектебинин окуучулары чатырда окуп жатат

1Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы А. Жумабаев атындагы орто мектептин 10а, 10в жана 11-класстагы окуучулар өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген чатырда окуп жатат. Мындай маалыматты бүгүн КРнын өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы боюнча экинчи ирет өткөрүлүп жаткан коллегияда маалымадаганын аймактык кабарчы Жумагүл Шайыкова билдирди.

Анын айтымында аталган мектеп Көк-Таш айыл округуна карайт. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат. «Тийиштүү жетекчилерди тилдөөгө алганда гана жеке үйлөрдү сүйлөшө башташты», – деди Г.Аширова.

Облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматовдун айтымында, жаңы окуу жылына даярбыз деп маалымат берип алып, кайрадан окуучулардын чатырда окуп жаткан жергиликтүү бийликтин шалаакылыгы. «Август айындагы коллегияда ачык маалымат беришиңер керек эле», – деди ал

Ала-Бука райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысынын орун басары Калчагүл Үсөнбаева азыркы окуп жаткан имаратта окуучуларды деле окутса боло турганын, бирок убакыт үнөмдөө үчүн чатырга убактылуу окутуп жатышканын белгиледи.

Маалыматка ылайык, жаңы окуу жылына мектептердин даярдыгы боюнча август айында өткөн коллегияда аким-мэрлер мектептер толугу менен даяр деп маалымат беришкен эле. Айтылган маалыматтарды тактоо иретинде кайрадан мектептерге текшерүү жүргүзүлгөн, натыйжада бир топ кемчиликтер орун алган.

Азыркы тапта кемчиликтерге орун берген мектептер тууралуу маселе каттуу талкууга алынып жатат.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru