Айбат » Чолпон-Атада жана Ошто К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Чолпон-Атада жана Ошто К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

наручникиОш шаарында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы уюшкан кылмыштуу топтун куралдуу мүчөсүн кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 30-сентябрында ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун куралчан мүчөсүн кармоо үчүн атайын аракет жасалган.

Анын натыйжасында болжол менен саат 19:00дөр чамасында Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн бири бар болгон «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унааны токтоткон.

Кармалган Ош шаарынын жашоочусу 1985-жылы туулган криминалдык авторитет («смотрящий статусуна ээ») Жаныш Маматалиев болуп чыккан. Аны жеке текшерүүдөн өткөргөндө андан Макаров ПМ-9 мм магазини жана огу менен согуштук тапанча табылып жана алынган. Тапанчаны ал кийимине каткан.

Ок атуучу куралды мыйзамсыз сактаган деп шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү мурда кылмыш кодексинин 97-беренеси менен соттолгон.

Алынган ок атуучу курал боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалды (баллистикалык ж.б.). Мындан сырткары, тапанчанын кайдан келип чыккандыгы аныкталып жатат (курал уурдалган болушу мүмкүн).

Бул факт боюнча чогултулган материал Ош шаарынын ИИМнин кылмыш китебине катталды. Тергөө иши боюнча кылмыш кодексинин 241-беренесинин (мыйзамсыз ээлик кылуу, сатуу, сактоо, ок атуучу куралды ташуу же алып жүрүү, ок-дары, жарылуучу зат жана жарылуучу түзүлүш) боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмыш кодексинин 94-беренесине ылайык шектүү деп кармалган адам убактылуу камоочу жайга камалды.

Учурда тергөө-иликтөө иш-чаралары уланууда. Кармалган адамдын башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги тууралуу текшерүү жүрүп жатат.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармады. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 33 жаштагы Нурлан.Бны кармап суракка алганда, жанынан 5 грамм гашиш чыккан. Кармалган адам мурда бир нече ирет бирөөнүн ден соолугуна залал келтирген оор кылмыштарды кылган жана уурулук кылган, мыйзамсыз эркиндикке чыккан.

Ал боюнча башка кылмыштарга да катыштыгы бар деген да маалымат бар. Азыркы тапта милиция кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru