Айбат » «Кыргызгаз» кийинки жылы 500 млн кубметр газ сатып алат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » «Кыргызгаз» кийинки жылы 500 млн кубметр газ сатып алат

газ

«Кыргызгаз» ачык акционердик коому өзүнүн салттуу болгон газ жеткирүүчүлөрү – «Узтрансгаз» акционердик компаниясына жана «КазТрансГаз» акционердик коомуна 2014-жыл үчүн 500 млн кубметр жаратылыш газын жеткирүү жөнүндө расмий билдирме берди. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Бишкектеги маалымат жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Анын айтымында, келишимдер «Кыргызгаздын» жаңы ээси болгон Россиянын «Газпром» ачык акционердик коому менен биргеликте түзүлөт.

«Андан ары карай бардык жеткирүүлөр россиялык акционер тарабынан жөнгө салынат», – деп баса белгиледи О.Артыкбаев.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru