Айбат » Элиза Орозова, ырчы: “13 жашыман тарта иштеп баштагам”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Шоубизз » Элиза Орозова, ырчы: “13 жашыман тарта иштеп баштагам”

Элиза ОрозоваЫрчылардын арасында өзүнүн өзгөчө үнү менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө арзыган Элиза менен маек.

-  Элиза, ыр дүйнөсүнө канча жашыңан баштап аралаша баштагансың?

– Мен өзүм бала күнүмдөн ырдап келем. Ал эми профессионалдуу ырды 18 жашымда студиядан жаздырып, ошол күндөн баштап ыр дүйнөсүнө сүңгүп кирип, аралашып жүрөм.

- Күнүмдүк түйшүктөн тажаганда эмне иш кылганды жакшы көрөсүң?

– Андай учурларда бирөөнүкүнө конокко барганды, кызыктуу кино көргөндү же болбосо бир жакка барып эс алганды жакшы көрөм.

- Кыздар стресстен жаңы кийим сатып алып чыгышат, сен кантип чыгасың ал абалдан?

– Мен деле жаңы кийим алып, дүкөндөрдү кыдырып калам. Мурда болсо стресстен чачымдын өңүн башка түскө боёп чыкчумун, азыр чачыма көп тийишпей калдым. (күлүп)

- Музыкалык билимиңди өркүндөткүң келеби?

– Албетте музыкалык билимимди өркүндөткүм келет. Бул менин келечек планымда бар. Азыр шартка байланыштуу музыкалык жактан билим алууга убакытым тар болуп жатат. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип кетип, музыкалык билимге басым жасай албай жатам. Буюрса али жашмын, окуп алам деген ойдомун.

- Чыгармачылыктагы устатың ким?

– Кыргыз ырчыларынын атасы болгон Улукмырза Полотов агай да менин устатым. Ошол киши менин үнүмдү койгон.

Элиза Орозова- Эмнеге сенин продюссериң жок?

– Башка ырчылардай болуп мен деле продюссер менен иштешким келет. Азыр продюссер издештирип атам. Жакшы продюссер болсо иштешмекмин.

- Мыкты ырчы болуш үчүн үн гана керекпи же акча биринчи орундабы?

– Албетте биринчи кезекте үн болуш керек. Үнүң болбосо канча акчаң болсо да ырчы болушуң кыйын, болсоң да бир күнү өчүп каласың. Анан албетте акчасыз да болбойт. Азыр акчасыз эч бир маселе оңунан чечилбей калбадыбы.

- Эмнеге өкүнөсүң?

– Чынын айтсам эч нерсеге өкүнбөйм. Жашоодо кандай катачылыктарды кетирген болсом, анын баары мага сабак болду. Ал кемчиликтерди – кайталагыс болдум.

- Кайсы кылыгыңды эстегенде күлүп аласың?

– Кылыктарым абдан көп. Бирок досторум “Өткөндө сен мынтпедиң беле, билесиңби?” – дегенде гана эстеп күлүп калам.

- Кимдин ырларын кыңылдап ырдайсың?

– Радиодон же башка жерлерден угуп калган ырлардын баарын кыңылдап ырдап жүрө бермей адатым бар.

- Акчага зыкымсыңбы же мартсыңбы?

– Кыз болгондон кийин сарамжалдуу болуш керек деп апам көп айтат. Ошентсе да акчаны такыр сарамжалдуу пайдалана албайм, колум ачык.

- Алгач өзүңдүн маңдай териң менен канча акча тапкансың?

– Канча акча тапканым эсимде жок, бирок 13 жашыман баштап акча таап, иштей баштаганым эсимде.

- Кийимге айына канча акча коротосуң?

– Алыбай алына жараша дегендей, мен да өзүмдүн алыма жараша коротом. Бирок, чегинен чыгып кетпейм.

- Ырымчылсыңбы? Кандай ырымдарды жашоодо көп колдоносуң?

– Ырымчыл деле эмесмин. Бирок, бейшемби, жума күндөрү үйдү ысырыктап, жети токоч жасап, куран окутуп турабыз.

- Курбуларың менен канча убакытта бир ушакташасыңар?

– Ар кандай, бош убакта телефон чалышып жаңылыктардан сурашып калабыз.

- Маегиңизге чоң рахмат.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №48




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru