Айбат » Карылар ар дайым катарда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Карылар ар дайым катарда

карылар (1)Эзелтеден эле улуу адамдарга өзгөчө сый-урмат тиешелүү болуп келген. Мындай улуу салтыбыз кылымдан кылымга сакталып, өз маани-маңызын жоготпой бүгүнкү күнгө чейин жашап келди. 1-октябрь улгайгандардын күнү болуп белгиленгенден бери эгемен өлкөбүз коомчулук менен бирдикте бул күндү “Улгайган адамдардын күнү” катары белгилеп келе жатабыз.

“Карысы бардын ырысы бар” демекчи, ырысыбызга шерик болгон кутман карыларыбызды куттуктоо максатында 1-октябрда Ысык-Көл районунда Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү, айыл депутаттары, Аялдар ден-соолук комитеттери (АДК) менен бирдикте Сары-Ой айылындагы “Барчын” эс алуу жайында улгайган адамдарга арналган атайын майрамдык иш-чара өткөрүштү. Мындай майрамдык иш-чарага  5 айылдан 60 улгайган адамдар чакырылды. Ошондой эле 5 айылдын АДКдан 20, ал эми айыл депутаттарынан 20 адам катышты.

Айыл өкмөт башчысы Максат Канатович жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрү менен улгайган адамдарды куттуктап,  майрамдык иш-чараны ачып берди. “Алтын балалык” ден-соолукту чыңдоо комплексинин директору Тилек Борончиевна да алтындай болгон убактысын бөлүп, майрамдык иш-чарага катышып, ата-апаларыбызды куттуктады. 89 жашты чамалап калган Өрнөк айылынын тургуну Асангазиев Үсөнбай ата жана ар бир айылдын аксакалдары 1-октябрь “Улгайган адамдардын күнү” менен баардык карыларды куттуктап, ошону менен бирге ушундай сый-тамак уюштуруп, майрамдык маанай тартуулаган уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирип кетишти.

карылар (2)5 айылдын Аялдар коомдук комитетинин айымдары оюн-зоок уюштурушуп, театрлаштырылган  номерлерин тартуулашты. Айрыкча, турмушта реалдуу  көрүнүштү чагылдырган “Классташтар” аттуу номеринде мектепте жалаң “2” деген баага окуп бүткөн окуучу, кийин аким болгондугун, ал эми “5” деген баага татыктуу окуучу, эч кандай кесипке ээ болбогон, күнүмдүк турмушун эптеп өткөрүп аткан жөнөкөй жашаган адам болуп калгандыгын кудум эле театрдагы актёрлордой аткарышты. Ошондой эле АДКнын айымдары созолонгон жагымдуу үндөрү менен отургандардын көңүлүн ого бетер көтөрүштү.

Ата-апаларыбыздын жүздөрүнөн нур төгүлүп, көңүлдөрү ачык болуп, жылмайып отургандарын көрүп, өзүнчө бир кубанычка, ырахатка  бөлөнөт экенсиң. Биз карылардын басып өткөн байсалдуу жолун, элибиздин келечеги үчүн жасаган эмгектерин эч качан унутпайбыз. Учурдан пайдаланып Кыргызстандын бардык ата-апаларыбызды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, төмөнкү төрт сап ырды тартуулап кетээр элем.

Төрүбүздө ден-соолукта жүргүлө,

Бейпилчилик дөөлөт доорун сүргүлө.

Карылыкта көрүп бакыт жыргалды,

Балдарыңардын урмат-сыйын көргүлө.

Бар болуңуздар аталар, апалар!

Тыныбек кызы Рыскүл

Чолпон-Атадан атайын кабарчы Рыскүл Тыныбек кызы

Айбат гезити №48




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru