Айбат » Чынга айланган тамаша

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Турмуш » Чынга айланган тамаша

измена

Айылдан келген агам экөөбүз ээрчишип Ош базарына бардык. “Беш-Сары” соода борборунан болгон акчабызга чактап уюлдук телефон алып, жайдын ысык аптабында батыраак үйгө кеткенче шаштык. Үйгө келип телефонду чукулап карап, жолдошумдун номерин тердим. Буга чейин жолдош келиндерибиз күйөөлөрүн “тамаша торго” салып жүргөндөрүн эшитип калгам. Жөн отурбай аны бир тамашага салайын деген ой менен, үнүмдү кооздоп сүйлөгөнгө даярдана, жооп беришин күтүп калдым. Телефондун чакырыгы бир топко созулду. Бирок жолдошум Асан телефонун көтөрө бербеди..

Бир маалда тамак жасап атсам, арыта терезеде турган байкемдин жаңы телефону шыңгырады. Карасам Асандын номери, колумдагы сүлгү менен оозумду тумчулай, үнүмдү кубултуп наздана үн каттым.

– Алло

– Алло, ким болду экен?

– Тааныган жоксузбу?

– Баятан мага эки ирээт чалыптырсыңар..

– Ушинтип анан, унутуп калмай жайың бар. Эркектер ушусуңар да.

Таарынгандай мурчуйдум.

– Унутпай эле, балким иштер боюнчабы деп…

Асан баятан кыйкырган үнүн басаңдата кебин улады.

– Табышмактатпай айтыңыз, мүмкүн зарыл иштериңиз бар чыгаар

– Жок, убактыңыз болсо жолугушсакпы дегем..

Маселенин ток этээр жерин айттым окшойт. Асан бир азга унчукпай, ортодо тунжуроо өкүм сүрдү.

– Сен Жамал окшойсуң ээ?

– Ойлонуп атып мени араң тааныдыңыз го?

Эч нерседен сыр алдырбай, кепти уланттым.

– Кечирип коюңуз. Андан бери бир топ убакыт өттү. Анын үстүнө сизди кокустан башка телефондон чалат деп үч уктасам дагы түшүмө кирген эмес.

– Сүйлөңүз, иштериңиз кандай?

– Жакшы, баса шаарга качан келдиң?

Демек, Асандын бул таанышы Бишкектен сырт жашайт окшобойбу.

– Жамалка келгениң ырас болбодубу, сени сагынганымды сөз менен жеткирип бере албайм.

Жолдошумдун кайдагы бир кызга жалынып жалбара сүйлөгөнү менин нервдеримди козгоп жиберди. Турган жеримде уккан кулагыма ишене бербей, оозума бир сөз келбей, араңдан зорго өзүмдү карманып турдум.

– Анда жолукпайлыбы?

Оозуман кандайча бул сунуш чыгып кеткенин аңдабай калдым.

– Мейли, жолуксак шаарыбыздын “престижный” жеринен жолугалы.

Кечинде агам менен шаар аралап келебиз деген планыбызды унутта калтыра Асан Жамал менен жолугууга макул экенин билген жаным карбаластап абдаарый түштүм.

– Макул, кечинде саат сегизде “40 х 40” караоке клубунун астында күтөм.

– Анда эмесе, жолугушканча, Жамалка

Телефонду кармаган тейде дубалга сүйөнө көпкө ойлонуп туруп калдым. Окуянын кандай өңүттө уланаарын элестетип отурдум. Жолдошуман мени кайдагы бир чала тааныш кыздарга алмаштыраарына көзүм жетти. Буга чейинки кылган мамилелеринин баары, демек жасалма турбайбы. Ушунчалык ичим ачышып, жаныма келген кызымды байкабай калыпмын.

– Апа, атам чалып атат…

Үйдүн телефонун чубуртуп арыдан сүйрөп келип колума берди.

– И, эмне болду?

Көңүлсүз күңк эттим.

– Гүлзат!

Асан маанилүү бир нерсе айтчудай олуттуу кайрылды. Оюмда бир аз мурда Жамал болуп сүйлөшкөн мен экенимди билип, ушул тамашаң кантип болсун деп мени уяткарабы деген ой менен:

– Сен…

Сен билип калдыңбы деп сурайын деген суроомдун акырына чыкпай калдым.

– Бүгүн башкы доктурубуз Марат Камилович мени түнкү сменге иштеп бер деп катуу суранып атат. Иштери чыгып калыптыр. Улуу киши суранып атса, жок деп моюн толгоо болбойт го дейм. Ал эми кайнаганы өзүң балдар менен аянтка алып чыгып эс алдырып келе берсең кандай болот?

Мен жиним келип унчукпадым. Анткорлонуп сыр алдырбадым

– Тамак жасап, сени күтүп атканбыз…

– Азыр бир аздан соң үйгө барам. Жумушта суу токтоп калганга душ жок. Ысыкта сууга бир чайынып келип, жакшылап башкы доктурду уят кылбай бир түн иштеп берейин. Анын үстүнө бүгүн биздин оорукана шаар боюнча кызмат кылат. Болуптур, баса мага кийим даярдап койчу, ээ?

– Эртең менен алмаштырбадың беле?

– Тердегенге тер жыттана түштүм.

– Жумушта башка кийим кийип жүрөсүң да..

– Көп мээмди чакпай, даярда дегенде даярдап койсоң, болбосо өзүм деле барганда таап кием.

Асан телефонду коеру менен баштаган тамагымды арыдан бери кыла тез арада даяр кылдым. Агама тамак берип, балдар менен чогуу сиңдимди кечки Бишкекти көрүп келгиле деп кеч кире электе эле үйдөн чыгарганга ашыктым. Уурдатасыз деген шылтоо менен агамдын телефонун үйгө алып калуунун амалын кылдым эле, байкем тыштаганга макул болду. Асан келсе, бир чоң уруш баштаганга катуу даярдана баштадым. Толук бир саат тынбай конок үйдө каршы-терши басып, акыры сабырдуулук керек экенин түшүнүп, эч нерсе болбогондой жолдошумду тозуп алууну чечтим. Калганын көрө жатаарбыз деген ой менен өзүмдү-өзүм сооротконго өттүм.

– Эшикти дагы ачык тыштапсың..

Жайдары маанай менен Асан эшиктен кирип келип, жүзүмөн сүйдү.

– Байкем кана?

-Балдарды, байкеңди балдызыңа кошуп аянтка жибердим.

Жасалма жылмайып ашкана жакка бастым. Колуна сүлгү көтөрүп ал жуунучу бөлмөгө кирип кетти. Бир аздан соң халатымдын чөнтөгүндөгү телефон шыңгырады. Жуунучу бөлмөдөн жашырынып чалды. Телефондун үнүн өчүрүп, жуунучу бөлмөнүн эшигин тыкылдаттым эле, чакырыгы токтоп калды.

– Мен эшикке чыгып муздак суу алып келе калайынчы.

Эшикке чыгаарым менен кайра телефон шыңгырады.

– Угуп жатам.

Чоёктой, наздана жооп кайтардым.

– Жамалка жетиде эле жолуга берсек кантет?

– Болуптур, сиздин бир кебиңиз го, агатай

– Жолугушканча!

Дүкөндөн алган муздак суу менен бетимди жууп, чын эле мен сүйгөн адам башка бирөө менен жолугуп жүрөбү деген суроо жүрөгүмдүн толтосуна толуп, мени мыжыгылап жатты.

Үйгө кирдим. Ал сыр алдырбай тамак ичти. Жумушу тууралуу кеп кылып, аябай шашып жатты. Даярдап койгон кийимдеримди кийип болуп, жасанып театрга барчудай кийинип алган мени көрүп анчейин түшүнбөй калды.

– Сен каякка?

“Өзүң кайда?” деп баратып араңдан зорго кармандым.

– Баятан сени күтүп атпадымбы. Эми сен жумушуңа бар, мен аянтка балдарга барайын.

– Мени жумушка кетирип коюп, деги бирөө жарым менен жолукпайсыңбы?

Ичимден ойлоп койдум. “А, байкуш мени да өзүңдөй ойлоп атасыңбы?”

Аялдамага чогуу чыктык. Ал жолугушчу жер – караоке клубга бара турган маршруткага түшпөстөн, жумушуна-ооруканага бара турган маршруткага түштү дагы зуу койду. Мен түз эле жолугушчу жерге бара жаттым. Асан Жамалына телефон чалбады. Караоке клубдун жанындагы скамейкага көчүк басып, “мүмкүн, Асан чын эле жумушта түнкү смендедир, убара болуп бул жакка келбей эле койсом болмок экен. Жолдошуңа ишенип жашаш керек да, мен эмне күйөөмөн күмөн санап атам. Үнүмдү таанып, мени маш кылайын десе керек” деп ар түркүн ой чабыттарымда термелгичекти телефондун шыңгырашы мени селт эттирди. Чочуп ордуман тура калып, жанымда отурган кыз-жигиттен уяла арыраак бастым.

– Алло

– Алло, Жам..а..л…

Тааныш көздөр тиктешкен тейде токтоп калды. Экөөбүз бетме-бет келип, мен абдаарып эмне дээримди билбей, катыдым да калдым. Асандын өңү купкуу боло түштү. Эки ооз сөз сүйлөгөнгө дарманым келбей, жашка муунуп, көзүмдөн ылдый аккан жаш жүзүмдү аймалады. Тиктешип турганда эмне пайда, шарт бурулуп бет алды эч нерсе көзүмө көрүнбөй кетип бара жаттым.

– Гүлзат, токтосоң, токтосоң дейм.

Асан чуркап келип жолумду тороду.

– Иттик менден кетти…, кечир, суранам кечир мени..!!!

– Кантип…? кандайча…?

Көөдөнүм ыйга толуп, болгону эки сөз кекечтенип араң сүйлөдүм. Ал мени ийнимен кучактай эрди-эрдине тийбей сүйлөп бара жатты. Кулагыма эч нерсе кирбеди. Сыягы, актанып бара жатты окшойт. Тез арада, чагылган чартылдап жамгыр жаап кирди. Ошол шаардын тиги башынан үйгө дейре жамгырда жөө басып келдик. Алгач дал ушундай жамгырлуу кечте таанышканыбызды, Асандын жакшы сапаттарын, кичинемден акыл кошкон апакемдин алын кептерин эстеп, сабырдуу болгонго аракет кылдым. Шалбыраган жамгыр, ага кошул-ташыл Асандын адам кейирлик абалы бир аз мурун жүрөгүмө түшкөн такты жууп салгандай болду.

Ал эми Асан, бул окуядан бери көп мезгил өтсө да, азыркыга чейин өзүн күнөөлүү сезип, карегим менен тең айланып, кечирим суроодон тажай элек…

Гүлзат

Айбат гезити №48



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru