Айбат » Санжан Мыкыев өзүнүн автордук долбоорун элге тартуулайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Санжан Мыкыев өзүнүн автордук долбоорун элге тартуулайт

Санжар МыкыевТалыкпаган эмгеги менен юмористтердин ичинен айырмаланып турган тамашоучу Санжар Мыкыев, чындыгында абдан эмгекчил жигит. Кайда жүрбөсүн куйкум сөздөрү менен элдин көңүлүн көтөрүп, буга кошумча өзүнүн жумушун да калтырбай так аткарып келет. Мына ушул сапаттарынын жардамы менен да көптөгөн ийгиликтерге жетишип, жыл өткөн сайын бир тепкич өйдө жылышып келе жатканы да байкалат. Бирде карасаң тамада, теле алпаруучу, тамашоучу боло калган куудул жигит дагы да болсо изденүүнүн үстүндө. «Эл адамы болгон соң, кызмат кылуудан эч качпайбыз. Баары карапайым элдин көңүлүн алып, маанайын көтөрүү үчүн. Бул үчүн дагы да болсо көптөгөн идеялары ойлонуштуруп, жыйынтыгында продюссер Канат Култаев жетектеген KULTAEV Production студиясы менен биргеликте тартуулаган чоң масштабдагы «Экстрим Караоке» аталган долбоордун үстүндө иштеп жаткан убагыбыз. Элдин арасынан таланттуу 27 катышуучуну тандап алдык. Алдыда эми бир гана съемка менен алек болобуз», – дейт Санжар мырза. Эскерте кетүүчү нерсе, бул долбоор этаптын негизинде болот. Ар бир берүүсүндө бир жеңүүчү аныкталып, 2 адам сынактан четтетилет. А калганы сыр экенин долбоордун жетекчилери эскертет. А эң башкысы жеңүүчү Дубайга жолдомо утуп алат! Аталган долбоор теле экрандарда дал ушул жылы пайда болот.

 Айбат гезити №48



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru