Айбат » Талиева жардамчыларынын жанын алабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Талиева жардамчыларынын жанын алабы?

Камила Талиева2Саясатта жылдызы кокусунан жанып, Куловго кутум уюштура коюп вицеликке жеткен Камила Талиева деген айым бар. Вице-премьер министр болгондон кийин кандай маанилүү иштерди кылганын эч ким деле билбейт. Бирок, коомчулукка жана саясий чөйрөгө жини чукул, жанына киши жолотпогон “ажаандыгы” менен өтө популярдуу.
Камила ТалиеваСөзүбүз кургак болбош үчүн, жетиштүү далилдер, кыйкырган үнү, тегерегиндегилерди оозго алгыс сөздөр менен ашатканын жаздырып алгандар бизге угузду. Ошол себептүү кабылдамага отурган катчы кыздар айына 7-8 жолу алмашса, жанына жардамчы түтпөйт экен. Өзүнүн сабатсыздыгын жардамчыларынан чыгарып кан кууруп, кулак мээсин тынч койбой, айрым жардамчы болуп иштегендер ооруканага түшүп калганга чейин жетип атыптыр. Талиевадан заарканган жардамчылары жумушун таштап, кол шилтеп кетип жатканын Көкүйдөгүлөр үшкүрүнүп эскерип, дегеле киши түтпөс болду деп кейип жүрүшөт. Ал эми жакында көп жылдан бери жанында жүрүп, Талиеваны саясатчылардын катарына кошуп, сүйлөгөн сөзүнөн бери даярдаган Токтогул аттуу жардамчысы да кабинетин таштаганын эшиттик. Учурда жанына жан жолотпогон Камила айым, мурдагы депутат Турдукан Жумабекованы жардамчы кылып, экинчи жардамчынын орду аңгырап бош, киши издетип жатыптыр. Ал эми кызматка чакырылганда Камила айымдын чоо жайын укканда эле тескери басып, “асыл жанды ошого кор кылбайлы”, -деп күлүп жүрүшөт дейт. Ошентип Камила айым кабинетинде соксоюп жалгыз калат өңдөнөт.

Сарбагыш уруусунан камчы сап мырзалары калбай калгансып Камила айымды Ормон Хандын 220 жылдыгын өткөрүү мааракесинин башына коюшуптур.

Айбат гезити №48



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru