Айбат » Суваналиев менен Жапаров чагымчыл жолдор менен төңкөрүш даярдам жатабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Суваналиев менен Жапаров чагымчыл жолдор менен төңкөрүш даярдам жатабы?

Садыр ЖапаровДепутаттык мандатынан ажыраган Садыр Жапаров бир аз убакытка тыным алып алгандан кийин кайрадан билегин түрүнө Каракол шаарында митинг өткөрүүгө кам уруп жаткандыгы кабарланууда. Анын айлана-тегерегинде кол кабыш кылуучулар баягы эле дагы бир партиялашы Талант Мамытов, «Юпи-гейт» пландары аркылуу коомчулукка чыныгы жүздөрүн көрсөткөн экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жана Кубанычбек Кадыровдор экендигин дагы ишенимдүү булактардан маалымдашты. Бул митингге Көл кылаасынын тургундарын көбүрөөк тартуу максатында «Кумтөрдүн» өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылгандары ашкере болгон Эрмек Жунушбаев менен Бахтияр Курмановдун туугандарынын дагы баштарын айлантып, колдорунан келишинче бийликке каршы көкүтүп, анан алдыларына салып алууну көздөп жатышыптыр. Садыр мырза Караколдо митинг өткөрөм деп чуркап жүрсө, «Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын» башкы көзүрү Өмүрбек Суваналиев учурда Талас жергесинде кантип, кандай масштабдагы митинг өткөрсөм деген маселе менен башын оорутуп туру дейт.

Азыркы оппозициянын колунан келген жападан жалгыз эле жумушу митинг, пикет өткөрүү болуп калганы эч кимге жашыруун эмес. Ал эми алардан мамлекеттин өнүгүүсү үчүн кандайдыр бир олуттуу сунуш-пикирлерин күткөн элдин үмүтү таш каап келет. Элдин алдына чыгышса эле эски пластинкаларын кайталашып, бир гана бийликти жамандоо менен алек болушат. Бул жолу деле Жапаров менен Суваналиевдин митингдери мурдагыларынан эч кандай айырмасы болбостугун күтө бергенибиз оң. Садыр мырза адатынча «Кумтөр» «ырын» бир аз «аранжировкалап» алып созолонтот. Карапайым, тоо-кен тармагынан таптакыр түшүнүгү жок элдин башын оңоюраак айлантуу үчүн «Кумтөр» бул силердин байлыгыңар, аны канадалыктар ташып кетип жатат» деп көкүтөт. «Экологиябызды талкалап жатышат, мөңгүлөрүбүздү эритип жатышат» деп кыйкырат. Мына ушундайча атайын элдин кыжырын келтирип, чыңалуусун күчөтөт дагы, аягында «Биз бардыгын мыйзамдуу жол менен чечебиз» деп акырын айтып коёт. Мунусун ал эртеңки күнү кандайдыр бир башаламандык болуп кетсе «Мен элди мыйзамдуулукка чакырган болчумун, кайсы бир провокаторлор атайын провокация уюштурушту» деп актануусу үчүн атайын кошуп коет эмеспи. Ал эми Талас жергесинде митинг өткөрүүгө шымаланып жүргөн Суваналиев дал ошол 10-октябрь күнү атайын провокация уюштуруп, облустук мамлекеттик администрациясынын имаратын басып алууну пландап жатышканын алардын арасында жүргөндөр эле шыбырашып жатышат. Жадакалса «элдик губернатор» ким болорун алдын ала бычышып, бата бере турган аксакал энелерди да таап коюшуптур. Карапайым мекендештерибиз таң эртеден кечке чейин кара жандарын карч уруп иштеп жүрүшүп дагы, үй-бүлөсүн бакканга араң жете турган тыйын таап келишсе, бул эч жерде иштебей эле байбачадай жашашкан Суваналиев менен Жапаров улам-улам митинг өткөрүүгө каражатты кайдан таап жатышат болду экен деп элдин ичи уу-дуу болуп туру. Анын үстүнө бири Минскиден, бири океандын ары жагынан баш көтөрүп жаткан Бакиевдер бул жактагы кыйышпас адамдары менен байланышып, кырдаалды курчутуу үчүн Кыргызстандан ала качышкан миллиондорунан жөнөтүп турууну убадалагандарын эшиттик. Эгерде булардын Бакиевдердин акчасына митинг өткөрүп, ошолордун кызыкчылыгына иштеп жаткандарын таластык жана көлдүк мекендештерибиз билип калса эмне болор экен? Таласка атырылып барып Бакиевдин бийлигин коргойм деген дагы бир генералдын 7-апрелдеги абалын көрдүк эле. Эми болсо 7-апрелде революция болгон эмес, куралдуу төңкөрүш болгон деп безеленип жаткан Суваналиев Таластан аман келгей эле.

Баса, 10-октябрда Жети-Өгүздөгү жаш активисттер дагы нааразычылык акцияларын уюштурарын кулагыбыз чалды. Ошол эле күнү С.Жапаров борбордо митингин улантары каңкууланууда. Жакшылап баам салсаңыз, Жети-Өгүздөгү жаш активисттер, Садыр Жапаров жана анын “юпичилери”, Өмүрбек Суваналиевдин “Каршылык Көрсөтүү Кыймылы” 10-октябрда – бир маалда акция өткөрүшү атайын түзүлгөн сценарийдин негизинде жүрөрүнөн кабар берет. Суваналиев Таластагы облимаратты басып алууга ниеттенген соң, С.Жапаровдон деле “басып” алмайды күтө берсе болот. Муну тийиштүү органдар алдын алып, катаал чара колдонбосо, Кыргызстанды аңга түртүүнү көздөгөн ички-тышкы күчтөр отко май тамызгандай, кырдаалды курчутуп жиберишпейби? Качкын президент Курманбек Бакиевдин “2010-жылдын 7-апрелинде революция эмес, куралдуу төңкөрүш болгон” деген сөзүн үтүр-чекитине чейин кайталаган Суваналиев генерал башы менен төңкөрүшсө барса, калган оппозиционерлерден кайсы жакшылыкты күтүүгө болот?

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru