Айбат » “Өзүм дегенде өгүздөй күчү бар”, уулунун, туугандарынын камын ойлогон Жекшенкуловго оппозиционер болгонду ким коюптур?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Өзүм дегенде өгүздөй күчү бар”, уулунун, туугандарынын камын ойлогон Жекшенкуловго оппозиционер болгонду ким коюптур?

Аликбек ЖекшенкуловАк үй менен Көк үйдү сындап, элге күйгөндөй түр жараткан оппозиционерлердин табигый бет кабын сыйрысаң таптакыр бөлөк адамдын образы жаралат. Алардын көпчүлүгү жеке таарынычтар, эңсеген кызматына жетпей калганынын эсесин кантип чыгарышты билбей, бийликтин оппоненти болуп чыга келишет. Мындайды кыргызда “жармач оппозиционерлер” деп тергеп коёт. Мына ушундай “жармач патриоттордун” алдыңкы сабынан Аликбек Жекшенкуловду кездештиресиң. Бул киши соңку үч жылдан бери өзүнүн жасаган кадамдары аркылуу чыныгы жүзүн көрсөттү.

Апрель окуясынан кийин эки жылча “чээнге кирген аюудай” унчукпай жүрүп, жыл башында уйкудан “ойгонуп”, бийликти сындай баштады. “Де-факто” гезитине курган маегинде байлыктын, бийликтин, кара курсактын кулу болбогондугун, эгер креслонун кулу болгондо убактылуу өкмөт учурунда эле тышкы иштер министрлиги сунушталганда макул болмоктугун мактаныч менен айтканы эсте. Бирок, жарыктык киши тышкы иштер министрлигин ким сунуштаганын жаап жашырыптыр. Жакын досу Өмүрбек Текебаевби дейин десек, анын ал убакта Конституция жазгандан колу бошогон эмес. Ал турсун, туалетке чейин коштоп жүргөндөрдүн арасында Жекшенкулов болгонун, бирок, ал сураган кызматты берүүгө чама чаркы чак келбегенин тар чөйрөдө айтканын эшиткенбиз. Мына ушундан эле Жекшенкуловдун тышкы иштер министрлигин сунуштады дегени кыялынан жаралган сөз экенин байкайсың.

Апрель окуясы дегенде “Мегаком-гейт” операциясы көз алдыбызга тартылат. “Мегаком” компаниясынын ошо кездеги жетекчилери Аликбек Жекшенкуловдун “бандасы” уюлдук компанияны басып алганын, ал үчүн, 100 миңдеген долларды “шыпырып” алганын жарыялашкан. Натыйжада Жекшенкуловдун жардамчысы темир торго отуруп чыкты. Дагы бактысына досу Текебаев ортого түшүп, ишти пас-пас кылгансыды, антпесе, өзү дагы эркиндиги менен кош айтышып калат беле…

“Уулумдан, жээндеримден кызмат айлансын!”

“Аликбек Жекшенкуловичтин жашоодогу урааны ушундайбы” деп кетесиң. Себеби Австрияда элчиликти аркалап турганда кара чечекей карындашы Айжан Иманкулованы бухгалтерлик кызматка дайындаганы белгилүү. Ал эми жээни Нурайым Тыныбекованы БУУнун 2-катчылыгына отургузууга жетишкенин бул чөйрөдөгүлөр жакшы билишет. Эч кандай тажрыйбасы жок Тыныбекова таякесинин арты менен 2006-2010-жылдар аралыгында “ээрден” түшкөн жок. Мындан сырткары, жакын тууганы Бактыгүл Дакенова тышкы иштер министрлигинде, Стамбулдун башкы консулдугунда эмгектенди. Бул 2006-2009-жылдарга туура келет.

Учурда Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде иштеп жаткан уулу Бекназар тууралуу айта берсек сөз көп. Анткени, анын тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратында эмгектенбегенине карабастан, элчиликте иштеши “Мамлекеттик кызмат”, “Дипломатиялык кызмат” тууралуу мыйзамдарды одоно бузулганын айгинелейт. Буга сөз жок Жекшенкуловдун салымы зор. Өзү мыйзамды бузуп, тууган-туушкандарынын камын ойлогон адам кантип оппозиционер болмокчу?

Өткөндөн бир элес…

Кечээги аткаминер, бүгүнкү оппозиционердин басып өткөн жолу чуулгандуу окуялар менен коштолгону белгилүү. 2005-жылы мартта Акаев режимин жата калып коргоп, Акаевдин тапшырмасынын негизинде Вашингтонго барып, оппозицияны поктоп келгениңизди алигиче айтып жүрүшөт. Кайсы бийлик келбесин эбин тапкан Жекшенкулов Бакиевдин тушунда тышкы иштер министрлигин жетектеди. Ошондо ага карата кылмыш алгачкы кылмыш иши козголгон болчу. Тийиштүү органдар министрликтин имаратын оңдоп-түзөөдө 690 миң сом сол чөнтөккө “солонгону” таап, Аликбек мырзага олуттуу кине таккан. Айлакерлигине дабаа жок экен, мында да “суудан кургак чыкты”.

Сыйлыкка алган тапанчасына байланыштуу кылмыш иши ачылып, акыры түрмөгө отурду. Ошол тапанчадан өлтүрүлдү делген түрк ишкерине байланышкан окуяда уулу Беккулдун да катыштыгы бардыгы каңкууланганы эстен чыга элек. Эгер апрель окуясы жүзөгө ашпаганда, экс-министр өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн абакта өткөрөт беле, ким билет… Ошон үчүн, Аликбек мырза апрель окуясын жүзөгө ашырып, Бакиевдик режимди кулаткан карапайым кишилерге, шейит кеткен жигиттерге ыраазычылык билдириши абзел.

Адам баласынын табияты ушундай экен, кыйынчылыкты дароо унутабыз. Анын сыңарындай, Жекшенкулов дагы өткөнүн эстен чыгарып, апрель окуясынан кийин “Акыйкат” аталыштагы партия түптөй салып, парламенттик шайлоого аттанды. Жыйынтыгында “Акыйкаты” партиялардын артында калып, маарага жетпей жыдыды. Кийинчерээк Европа өлкөлөрүндөгү элчиликтердин бири сунушталса “аный” деп вице-премьерликтен бөлөккө муюбастыгын билдирди. Анын дараметин билгендер баш тартышса, дароо оппозиция жээгине өтө качып, бүгүнкү күндө бийликти сындап жүргөн кези. Оппозиционер болсун, ага эч кусаматыбыз жок. Бирок, бийликтин оппоненти болгонго жараша өзүнүн алды артын карап, дараметин сынаса жакшы болмок. Антпесе анын соңку кадамдары “өз башындагы төөнү көрбөй бирөөнүн башындагы чөптү көргөн”, “айдаганын беш эчки, ышкырыгын таш жарат” макалдарын гана эске салат…

Айбат гезити №48



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru