Айбат » Текебаев Жолдошевага неге жагалданды?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Текебаев Жолдошевага неге жагалданды?

ТекебаевКечээ күнү эле укук коргоочу Токтайым Үмөталиева борбор шаарыбызда маалымат жыйынын өткөзүп, «Ата-Мекен» лидери Өмүрбек Текебаевдин качкын президент Максим Бакиев менен башынан эле ымаласы бар экендигин, ал мамилелери бүгүнкү күндө деле уланып жаткандыгын билдирген болчу.

Сыртынан караганда Бакиевдик бийликке катуу каршы турган саясатчыдай көрүнгөн Текебаевдин Максим Бакиев менен биргеликте Кыргызстанды ар түрдүү фонддордун мекенине айлантууну көздөп, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн эмес, бир гана алтындын аркасынан кубалап жүрүшкөнүн айткан. Айтканда дагы толтура фактылар менен, документтер менен бекемдеген.

Ал маалымат али ысыгынан кайта электе эле, парламент отурумунда Өмүрбек Текебаев парламенттеги элдешкис кас душманы болуп келген «атажуртчу» Жылдыз Жолдошевага жагалданып туру.

Тактап айтканда, Жылдыз Жолдошева кече жакында эле автокырсыкка кабылып, ооруканада жаткан. Ал өзүнүн айтуусунда ооруп атканына карабастан Омбудсменди шайлоого добуш берүү үчүн парламент отурумуна келген экен. Жолдошева ушинтип айтаары менен эле Текебаев сөз алып «Сиз ооруп атсаңыз дагы атайылап шайлоого келипсиз, тарых сиздин эрдигиңизди унутпайт» деп жагалданып кесиптештерин эле эмес, анда катышып отурган журналисттердин да оозун ачырды.

Жылкы теппей, жылан чакпай эле элдешкис душманы болуп келген Жолдошевага Текебаев неге жагалданып калды экен деген суроо эмитеден эле журналисттердин арасын аралай чуркады. Себеби эң эле жөнөкөй экендигин дагы айтышууда. Анткени буга чейин Бакиевдин убагында «Матрешка-гейт» окуясын Максим Бакиевдин жардамы менен жабууга жетишсе, эми калп менен чындыкты аралаштыра согуп, эч нерседен тайманбагандай көрүнгөн, анча-мынча эркектерге караганда бетке чабар айым Жолдошеванын да жардамына муктаж болуп тургансыйт. Аны ушул кезге чейин арты жабылбай, түмөн түйшүккө салып жүргөн мародерчулук темасы чүнчүтүп бүткөндөй.

Фракциялаштары Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдордун мародерчулукка катыштыгы бар экендиги ачык эле көрүнүп калды. Андыктан Чиркеш аксакалдын уулу же эки партиялашын ачыкка чыгып коргой албай, же чындыкты моюнуңарга алгыла деп аларга айта албай, кыл көпүрөнүн үстүндө тургансыйт. «Чындыкты моюнуңарга алгыла» деп айтайын десе, анда берки экөө «Сен менен деле бөлүшпөдүк беле?» деп айтуулары мүмкүн. Айтор жарга кептелген кербези.

Андыктан азыркы тапта Текебаевге душманы болсо да, колдоо керек болуп турат. Мародерчулук темасы акыры моюндарына сыйыртмак саларын алдын-ала түшүнүп турган Туратбек Мадылбеков болсо бүгүнкү парламент отурумунда чыйпыйы чыгып, Омбудсменди шайлоо темасы бүтө электе эле кайрадан Батукаев темасын карайлы деп кыйкырып чыкты.

Айтор, «атамекенчилер» парламенттин отурумунда өтө активдүү болушууда. Кыязы «мародерчулук деген аркандын учуна май төгүлүп, өрт коюлду, ал өрт куйкалап кете элегинде башка темалар менен суу сепкендей өчүрүп алалы» деп жатышат окшойт. Бирок, Текебаев өзү айткандай «Мародерчулук темасын эми тарых эч качан унутпайт» эмеспи..?

Айбат гезити №48



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru