Айбат » Ош шаарынын бюджети коррупцияга каршы аеосуз күрөшүүнүн натыйжасында үч эсеге көтөрүлдү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ош шаарынын бюджети коррупцияга каршы аеосуз күрөшүүнүн натыйжасында үч эсеге көтөрүлдү

Мырзакматов МелисКыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаары ырасында эле акыркы жылдары өнүгүүнүн үстүндө келет. Ага кабат-кабат жаңы турак-жайлардын, жаңы жолдордун, социалдык имараттардын курулушу мисал боло алат. Бирок, мына ушул жетишкендиктердин бардыгын бир эле адамдын энчисине байлап, республикалык деңгээлде Ош шаарына кам көрүп жаткан жетекчилердин эмгегин көңүл сыртында калтырууга далалат жасаган массалык маалымат каражаттары да болууда.

Эске сала кетсек, 2010-жылы апрель революциясынан кийин эле түштүк жергебизде кыргыз-өзбек бир тууган элдеринин ортосуна Кадыржан Батыров өңдүү эл бузарлар от жагып, натыйжада улут аралык жаңжал чыгып кеткен. Анын кесепетинен жүздөгөн бейкүнөө жарандарыбыз каза таап, кереметтүү Ош шаары талкаланып, түтүнгө чулганып калган эле. Мына ошол оор кезеңде Убактылуу Өкмөт саясый стабилдүүлүктүн жоктугуна, казынанын какшып турганына карабай Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө болгон аракетин жумшаган.

Натыйжада, Ош шаары кайрадан мурунку көркүнө келип, жадагалса мурункусунан дагы бир топ көрктүү шаарга айланды. Коогалаңда турак-жайсыз калган жарандарыбызга турак-жай салып берип, бейкүнөө туугандарынан, балдарынан, ата-энесинен ажырап, мүңкүрөп турган мекендештерибиздин аза кайгысын тең бөлүшүп, моралдык да, материалдык да жардамдарын көргөздү. Өкмөттүн эсебинен аксыз батирлер берилди.

Албетте, канча байлыкты башына үйүп койсо дагы, ал каза болгон бир тууганын, же ата-энесин кайра тирилтип бергендей болбойт. Бирок, ошондой кыйын кезеңде башынан жөлөп, жылуу сөзүн айтып, материалдык колдоо көрсөтүүсү менен жаңы келген бийликтин өз элине жасаган камкордугу, гумандуулугу байкалган.

Бирок, эмнегедир жогоруда айтып өткөндөй айрым басылмалар Ош шаарын өзүнчө мамлекет катары көрсөткөнсүп, анын башында турган мэр Мелис Мырзакматовду гана көкөлөтүп мактоо менен алек болушууда. Албетте, Мелис мырзанын да Ош шаарынын өнүгүшү үчүн эмгеги бар. Анын кече жакында эле «Азаттыкка» курган маегиндеги маалымат боюнча бүгүнкү күндө Ош шаарынын бюджети бир миллиард 300 миллион сомду түзөт. Апрель революциясынан кийинки кыйын кырдаалга карабай шаар бюджетин үч эсеге көтөрүү дагы мактоого арзыйт.

Мындай жетишкендикти Мелис Мырзакматов төмөнкүчө сүрөттөйт: «Ичпей-жебей, эч кимди «крышовать» этпей бардык салыкты мыйзамдын негизинде казынага төктүргөнбүз». Демек, мына ушул жерде дагы президент Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы аоесуз күрөшүүнүн натыйжасы көрүнүп турат. Аны жүзөгө ашырууга тикесинен тик туруп аракет кылган Мелис мырзанын да салымы бар. Бирок, эмнегедир Мырзакматов «Биз бүгүн дүйнөнүн бир да мамлекетинде жок башкаруу формасын тандап алдык. Азыркыдай башкаруу менен өнүгө албайбыз» деген пикирин билдириптир. Кыязы Ош шаарынын бюджетинин акыркы үч жылда үч эсе көтөрүлгөнү, быйылкы жылы дагы 100 миллион сомго өскөндүгү, жергиликтүү бюджеттин эсебинен эле 1 миллиард 100 миллион сомго 615 ар кандай социалдык, маданий, инфраструктуралык долбоорлор турмушка ашкандыгы кайсыл башкаруу системасында болуп жаткандыгын бир аз эсинен чыгарып койгондой.

Анан дагы жергиликтүү бюджеттин өсүшүнө «шаардыктардын колдоосу менен ишке ашырып жатабыз» дегени албетте туура. Бирок, эмне себептен 16-статьяга таянып, «жергиликтүү бюджет бекигенден кийин жергиликтүү бийликтин күнөөсү жок кандайдыр бир кырсык болуп жоготуулар болсо, аны компенсация кылынсын» деп жазылып турат деп айтканын түшүнүү бир аз кыйын болду.

Албетте, мындай мыйзамдын беренеси бар. Аны өкмөт өз убагында, жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик менен аткарды. Ал эми ушул эле бийликтин бир бутагында отурган Мелис мырза «алар милдеттүү» дегендей кепти кыйытып отурганы акылга сыйчу сөзбү? Андай болсо, Ош шаарындагы бүгүнкү жетишкендиктерди айтып мактануунун деле кереги жоктур. Шаар мэри катары салыктардын өз убагында жыйналышын, алардын максаттуу пайдаланышын Мелис мырза көзөмөлгө алганга милдеттүү эмеспи? Ал ошол эмгеги үчүн мамлекеттин казынасынан айлык акы алат.

Албетте, муну менен биз Мелис мырзаны каралагыбыз келбейт. Болгону Ош шаарындагы бүгүнкү жетишкендиктерге республикалык бюджеттин таптакыр салымы жок катары көрсөтүп жатканы, аны «шаардыктардын колдоосу менен» деген сөзгө жамынып, өзүнүн гана атын чыгарууну максат кылып жатканы бир аз өкүнүчтүү. Бул биринчи жагдайы.

Макаланын буга чейинки бөлүгүндө биз жалаң Мелис Мырзакматовдун айтып берген маалыматтар боюнча талкууладык. Эми жер тепкилеп турган чындыкка да бир аз кайрыла кетели.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча Ош шаарынын бюджети Мелис мырза айткандай үч эсеге эмес, эки эсеге көбөйгөн. Тактап айтканда, 2009-жылдан бери 681,3 миллиондон 1528 миллион сомго чейин өскөн. Шаардык бюджеттин тез аранын ичинде мынчалык деңгээлде өсүүсү 228,7 миллион сомго жеткен түрдүү жалпы мамлекеттик салыктардын, 265,5 миллион сомго тете категориялык гранттардын жана республикалык бюджеттен берилген 414,2 миллион сом каражаттардын эсебинен болгон. Жалпы жонунан Ош шаарынын казынасына 2009-жылдан 2012-жылга чейин республикалык бюджеттен 1180,2 миллион сом келип түшкөн. Бул сумма категориялык жана социалдык тармактарда иштеген кызматкерлердин айлык акыларын көтөрүүгө кеткен чыгымдарынан сырткары сумма.

Ошол эле учурда 2012-жылы Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов «биздин шаардын бюджети 54,2 миллион сом профицит менен чыкты» деп төш кагып чыкканын билебиз. Бул жетишкендик борбордук бийликтин тынымсыз аракетинен жаралган ийгилик экендигин унутуп, аны жеке өзүнүн ийгилигине айланткысы келген Мелис мырзага эмне дээрибизди да билбей калганбыз. Жогоруда белгиленгендей, албетте Мелис мырза деле жаман иштеген жок, бирок бардык ийгиликти жеке өзүнө ыйгара бербей, борбордук бийликтин дагы өзгөчө салымына басым жасап койсо, ал өзүнүн чыныгы мыкты жетекчи, эл уулу экендигин көрсөтөт эле…

Акинай АЙДАРОВА

 Айбат гезити №48



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru