Айбат » Суваналиевдин эңсегени президенттик кресло, түштүктүн тыңчыкмалары колдобойбуз дешүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Суваналиевдин эңсегени президенттик кресло, түштүктүн тыңчыкмалары колдобойбуз дешүүдө

Суваналиев“Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын” лидери Өмүрбек Суваналиев “жыгылган күрөшкө тойбогон”, “айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарган” саясатчынын образын жаратат.

Анткени 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо, андан кийинки президенттик жарышта, 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешинде жыдып, мэрликке жетпей, эл арасындагы кадыр-баркы нөл экенин сезсе дагы көңүлү калбай, кийинки президенттик шайлоого камдана баштаптыр.

Дал ушу “алына карабай ышкырганы” Камчыбек Ташиев, Бектур Асанов, Үсөн Сыдыков сыяктуу түштүктүн тың чыкмаларынын кыжырын кайнаткан чагы. Ал турсун, Үсөн аке: “Өмүрбек тизгинин тартсын. Эмки президент түштүктөн болушу керек” дегендей Суваналиевге салам дуба жолдогону айтылууда.

Аброю Кыргызтудэй.кг сайтынан бери көтөрүлө албаган Суваналиевди карапайым калк колдобосу азыртадан билингенден кийин, акылына келер эми…

Айбат гезити №48




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru