Айбат » Түлеев бардыгын сатып алса болот дейби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Түлеев бардыгын сатып алса болот дейби?

Нариман Түлеев“Жемейдин кусмайы бар” макалын эстебегенби, айтор, Нариман Түлеев Бишкек мэри кезинде “атакеси” КурСалиевичтин колтугунан жай алып, мамказынаны каалагандай майкандаган экен, Ленин райондук соту аны 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн окуду. “Ууру тоёрчо жеп, өлөрчө карганат” демекчи, кайран Нариманчик чечимге моюн сунбай, Бишкек шаардык сотуна доо арыз жазды. Ал ортодо, ар кандай нааразычылык акциясын уюштуруп көрдү, бирок, карапайым калктан колдоо тапкан жок. Мындан улам, ал атакеси Ташполот аксакалдын акылы менен ишти караган шаардык соттун коллегиясын сатып алууга ниеттенип жатыптыр, ал турсун, “соодалашууну” кызуу баштады дешет. Чыңгызхандын үч “шакирти” дагы убагында Бишкек шаардык сотун дүңүнөн сатып алып, убактылуу эркиндикке чыкканы менен, Жогорку Сот аларды кесип салганы белгилүү. Андыктан Нариман Ташполот уулу бардыгын сатып алуу мүмкүн эместигин эсинен чыгарбаганы оң. “Уурунун орду түрмө” экендигин акыры түшүнүшү керек…

Айбат гезити №48



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru