Айбат » “Каршылык Көрсөтүү Кыймылы” мамлекетибизди аңга түртүүгө кыймылдап жатабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Каршылык Көрсөтүү Кыймылы” мамлекетибизди аңга түртүүгө кыймылдап жатабы?

ККККүркүрөгөн күздүн келиши менен саясат майданында кайрадан эле бийлик үчүн айыгышкан күрөш башталды. Бул жолу «Каршылык Көрсөтүү Кыймылы» аттуу кыймыл пайда болуп, анын башында Бакиевчил бийликтин «баш бакандары» болгон Өмүрбек Суваналиев менен Бегалы Наргозуев пайда болду. Кимге каршылык көрсөтүшөт, эмне максатта каршылык көрсөтүшөөрү азырынча анык эмес. Анык болгону эптеп эле учурдагы бийликтин белин мертинтип, кызматка жетпей ызаалуу болуп турган экс-чиновниктердин «ур-раалап» бийликке келишин көздөп тургандары. Алар мындай амбициялуу максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн белгилүү коомдук ишмер Чолпон Жакупова, парламенттеги «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандары маалым болду. Өздөрүнүн катарына Өмүрбек Чиркешовичти кошуп алууну эмне себептен көздөп жаткандары жалпы коомчулукка деле айдан ачык түшүнүктүү болуп турат. Анткени Текебаевдин парламенттеги кадыр-баркы, жасаган кадамдары кырдаалды кандайдыр бир деңгээлде каалаган жагына буруп кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Балким алар өкмөт менен парламентти таратуу ниетинде Текебаевди пайдалануулары мүмкүн. «Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын» «кыймылчылары» кез келген эле массалык маалымат каражаттарына эбин таап кыйкырып чыгуу менен алек болушууда. «Атамбаев бийликти узурпациялап алды» дегендери менен аны тастыктаган эч кандай фактыларды айта алышкан жок. Анткени андай фактыны азыр лупа менен издешсе деле табышпайт.

Кечээ жакында эле Суваналиев менен Наргозуев Нарын жергесине барып, чогулган элден кагуу жеп келишти. «Биз канкор бийликке каршы күрөшүп, канга чулганып жатканда силер кайда элеңер?» деп жергиликтүү тургундар суроолорду кабыргасынан коюшту. Буга жооп таба албаган «кыймылчылар» «Бийлик атайын провокация кылып атат» деп этек-жеңин күүп кайтып келишти. Бирок, ал жерден бийликтин бир да өкүлүн көрө алган жокпуз.

«Кыймылчылар» негизги төрт талапты коюушууда. Биринчиден, «учурдагы коалициялык өкмөттү таратып, элдик ишенимдеги өкмөттү куроо» керек дешет. Ырасында учурдагы өкмөттү да эл шайлаган депутаттар кураганын билип турушса да, билгилери келбейт окшойт. Экинчиден, президентти сырткы саясатка кийлигиштрбөө талабын коюшууда. Үчүнчүдөн, президенттин карамагынан Улуттук статистикалык комитетти, мамлекеттик кызмат ведомствосун, дин иштери боюнча жана мамлекеттик тил комиссияларын өкмөттүн карамагына өткөрүп берүү, төртүнчүдөн, сот системасын жана укук коргоо органдарын саясаттан алыстатып, коомдук көзөмөлгө өткөрүп берүү талаптары. Демек, алардын ою боюнча укук коргоо органдары дагы мамлекеттик бийликти коргобой, көчөгө элдер кыйкырып чыга калса эле, аларга кошулуп кетиши керек экен. Деги эле мына ушул талаптардын бардыгы мамлекетибизде башаламандыктын жаралышына түрткү бере турган талаптар болууда. Алардын ою боюнча мамлекет башчысы сырткы саясатка да, ички саясатка да кийлигишпей көргөзмөгө коюлган сыңары кабинетинде койкоюп отура бериши керек. Андай болгон күндө деле ушул эле «кыймылчылар» «Президент неге таптакыр иштебейт?» деп кыйкырып чыгышмак. Айтор, «ККК» кыймылынын лидери Суваналиев жана анын айланасындагылар мамлекетибиздин туңгуюкка гана кептелишине кызыкдар болуп жаткандыктарын ачык эле билгизип коюшту.

Айбат гезити №48




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru