Айбат » Сапар Исаковду “каралоонун” артында Жекшенкулов турабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Сапар Исаковду “каралоонун” артында Жекшенкулов турабы?

Сапар ИсаковАтактуу ырчы Асанкалый Керимбаевдин аткаруусундагы “Оң бетин өпсөм, сол бетин калат” деген ыр саптарын укканда эле көз алдыбызга “Акыйкат” партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун карааны тартылчу болду. Курманбек Бакиевдин доорунда “Джек Потрошитель” атка конгон Жекшенкулов камалганда чыны аны аяганбыз, ак жеринен күйүп жатат дегендей боор тартканбыз. Жаңылыптырбыз. Бекер эле аяп жатыптырбыз. Анын бийликке жетсем дегенде өз элин ууландыруудан да кайра тартпастыгын Эрланбек Өмүралиев “Кувакы”, “Юпи” сыяктуу пландарды ачыкка чыгаргандан кийин билдик. Ошол эле учурда кайсы бир адамга өчөшсө, аны жалган жалаа, курулай дооматтар менен каралагандан да кайра тартпастыгын көрдүк. Буга президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси, президенттин аппарат жетекчисинин орунбасары Сапар Исаковго карата жүргүзүлгөн маалымат чабуулун айтсак болот.

Сентябрдын башынан бери “Азия Ньюс” гезитинин ар бир санында Сапар Исаковду бир жактуу каралаган, “имишбайлардан” куралган макалалар жарыяланып келет. Мунун “заказчиги” Аликбек Жекшенкулович экени айтпасак деле түшүнүктүү. Себеби, “Азия Ньюстун” башкы редактору Асланбек Сартбаев “Джек Потрошителдин” жакын санаалашы экени маалым, убагында анын Түштүк магистралдын жээгиндеги квартирасында “Учурдун” редакциясы жайгашканын билебиз.

“А.Жекшенкулов заказ менен макала жаздырып, жамандаткыдай Исаков эмне кылыптыр?” деген суроо туулат. Мунун сыры тереңде жатат. Сапар Исаков эркин гезиттердин бирине курган маегинде Аликбек Жекшенкуловго бир катар элчиликтер сунушталганын, бирок, ал бөлөк кызматтарды сураганын, андай кызматтар коалициялык өкмөттө чечилерин айткан болчу. Ошондон кийин “кутулгус куяга” калып жатпайбы! Сураган кызматын бербей койгон соң бийликке, анын ичинде Сапар Исаковго карата “кара пиарын” баштап, анысын алигиче улантып келет.

“Эки үйдү эриктирбей, бир айылды бириктирбеген” мүңөз ушакчы жеңекелерге, эжекелерге таандык сапат эле, “господин” Жекшенкулов мындай “ушакчылык өнөрдү” кимден өздөштүргөнү белгисиз. Бирок, өзүн бир партиянын лидери санаган, вице-премьерлик, тышкы иштер министрлигин жетектейм деген адамдын мындай пастыкка түшүп, баласындай болгон Сапар Исаковду ушакчы жеңелерче гезиттерден жамандатканы абийир алып келбейт. Бул “Джектин” аброюн гана кетирет. Минтип кыпындай фактысы жок, жалган маалыматтарга жык толгон макалаларды заказ кылып жаздырып, акчасын короткондун ордуна ошол каражатка адвокат жалдап, Исаковдун айткандарын сот аркылуу жокко чыгарбайбы? Анте албагандан кийин, демек, Исаковдун айткандары чын. Такыр айласы куруган соң ушак таратып, “Азия Ньюс” аркылуу “бомбалатканынын” себеби ошондон го…

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №48



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru