Айбат » Марат Султанов: «Кумтөр» боюнча макулдашууларды денонсация кылуунун пайдасы жок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Саясат » Марат Султанов: «Кумтөр» боюнча макулдашууларды денонсация кылуунун пайдасы жок

Марат Султанов ЖК депутаты, “Кумтөр” боюнча парламенттик комиссиянын мүчөсү Марат Султанов өкмөттүн жаңы Меморандуму боюнча өз ою менен бөлүштү.

- Жогорку Кеңеште “Кумтөр” боюнча жаңы Меморандумду угуу өттү. Анда айрым эл өкүлдөрү тарабынан 2009-жылдагы келишимди денонсациялоо сунушу айтылды. Сиз мындай сунушка кандай позициядасыз?

– Менин оюмча бул сунуш туура эмес. Мындай кадам менен өлкө экономикасына эч кандай пайда алып келе албайбыз. Учурда канткенде “Кумтөр” кени аркылуу Кыргызстандын экономикасын көтөрө алабыз деген суроо негизги болушу керек. Бүгүнкү күндө кендин айланасында эки саясий топ бар. Биринчиси, канткенде “Кумтөрдү” башкаруу мүмкүнчүлүктөрдөн арттырабыз десе, экинчи топ алтын казып алууда өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылууну самайт. Ошол эле кезде инвесторлор да пайда табууну көздөп жатат.

“Кумтөрдүн” биринчи инвестору  “Камеко” компаниясы боюнча жакшы пикир айтуу кыйын. Бул инвесторлор кыргыз тараптын баардык көрсөткүчтөрүн төмөндөтүп, өздөрүнүкүн ашыра көрсөткөн. Ошондуктан 2003-жылдагы келишимде элдин кызыкчылыгы эске алынбай “Камеко” проекттен чыгып кеткен. Аталган ишкананын жетекчилиги да алардын ишмердүүлүгүндө көптөгөн суроолор пайда болорун жакшы билген.

Кыргыз тарап “Кумтөрдүн” азыркы инвесторлору менен өзүбүздүн өнөктөштөрүбүз сыяктуу иш жүргүзүшү керек. Анткени, келишимди денонсациялоо өлкөнү тобокел соттошууга алып барат. Эл аралык аренада соттошуу ири каражаттарды талап кылат. Ошондуктан эл өкүлдөрү “Кумтөр” маселесинде баардык маселелерди терең анализдеп, чечим чыгарса дейт элем.

- Кээ бир депутаттар эки тарап түзгөн ишкананын 67 пайызы Кыргызстандыкы болушу керек деп жатат. Сиз мындай сунушка кандай пикирдесиз?

– Кандай гана компания болбосун анын үлүшү эмес ишкананын ийгиликтүү иштеп кеткени биринчи орунда болушу зарыл. Биргелешкен ишкана кандай шартта түзүлдү, анын башкаруу жагы кандай жолдор менен жүргөнү маанилүү. Менеджерлерди тандоо кандай критерийлердин негизинде болот? Эгер биргелешкен ишкананын менеджменти күчтүү кадрлардан түзүлгөн болсо, кен казып алуу ийгиликтүү жүрөт.  Ал эми компанияга тааныш аркылуу компетентсиз адамдар келип калса, иштин өлгөнү ошол. Бул жагынан алып караганда, Кыргызстандын үлүшүнүн канча болгону маанилүү эмес.

Бүгүнкү күндө “Кумтөрдүн” башчыларын кызматка коюу ачык болушу үчүн атайын мыйзам керек. Мына ушул мыйзамдын негизинде жаңыдан түзүлө турган ишканага таза, профессионал кадрларды тартыш зарыл. Бул маселеге партиялык түшүнүктү аралаштырбашыбыз керек.

Анткени, акыркы жылдары өлкөнүн баардык тармактарында партиялык кармашуу жүрүп жатат. Фракциялар министрликтен тарта бизнес структураларына чейин бөлүштүрүп алды. Мунун айынан Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү төмөндөп жатат. Ошондуктан партиялык күрөштө улуттук кызыкчылык унутулуп каларын эске алуу керек.

Келечектеги биргелешкен ишкана партиялык функциялар менен жүрүп олтурса андан жыйынтык чыкпайт. Бирок, фракция өкүлдөрү өз адамдарын ошол жакка илештирүү үчүн өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевди кыйнайт. Ж.Сатыбалдиев да азыртадан  мындай көрүнүшкө каршы экенин айта баштады. Бул боюнча өкмөт тиешелүү чечим чыгарып, биргелешкен ишкананы партиялык курчоодон сактап калышы керек.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru