Айбат » Осунбек Жамансариев, “Мекен шейиттери” кыймылынын лидери: “Өлгөндөр арасында БОМЖдор бар дегендер ойлонбой сүйлөп жатышат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Осунбек Жамансариев, “Мекен шейиттери” кыймылынын лидери: “Өлгөндөр арасында БОМЖдор бар дегендер ойлонбой сүйлөп жатышат”

Жамансариев- 7-апрелде аянтта өлгөндөрдүн көпчүлүгү автоматтын огунан каза болгону айтылып жатат. Айрым оппозициялык сайттар каза болгондордун санын арттыруу үчүн оппозиция тараптан да ок атылган сыяктуу божомолдорун айтууда. Мындай сөздөргө негиз барбы?

– Бул Мадумаров айткан сандырак кептердин бири. Учурда апрель окуялары боюнча сот жүрүп жатат. Анда 7-апрель окуясында 87 адам каза болгону аныкталган. Анын 77и аянтта окко жаңылган болсо, 10 киши шаардын ар кайсыл аймактарында каза болгон.  Ал эми алардын арасында бомждар бар дегендер ойлонбой сүйлөп жатат. Бул сөздү айтып жаткандар Апрель революциясын уккусу келбеген адамдар. Анткени, алар ыңкылапка чейин жеп-ичип, каалагандай тайраңдап жүргөн.

Кеп канча адам өлдү, же анын санында эмес. Алардын санын арттыруудан майнап деле чыкпайт болчу. Башында айткандай эле бул 7-апрелдин атын уккусу келбеген адамдардын кеби. Бийликте туруп, каалаганын жасап, элдин мүлкүн жеп жүргөндөр кайрадан бийликке келип мурдагы жоругун кайталагысы келип жүрсө керек. Бирок, Бакиевчилердин кайра келишине жол бербейбиз.

Айбат гезити №48




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru