Айбат » “Мол булактан” тамган “тамчылар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Мол булактан” тамган “тамчылар”

Мол булакОлуттуу саясатчыларды гана эмес, саясаттан анча-мынча түшүнүгү бар жарандарды да мыйыгынан жылмайтып Өмүрбек Суваналиев түптөгөн «Каршылык Көрсөтүү Кыймылы» «чү» деген эле жерден «Бийликти бир партия узурпациялап алды» деп чуу салгысы келип чыкты. Албетте, Суваналиев менен Бегалы Наргозуев экөөлөп канчалык көшөрүп «узурпация» тууралуу сүйлөшпөсүн, өкмөттү үч фракция түзүп иштеп жатканын, парламентте беш фракция иш алып барып жатканын, жергиликтүү кеңештерде жаңы чыккан партиялар, Жогорку Кеңешке келбей калган партиялар утуп чыгып, иш алып барып жаткандарын көрүп турган коомчулук бул эки эрендин апыртмасына анчалык ишене алышкан жок. Бирок, өлкө ичиндеги саясый айдыңга жан кирди. Бийликтин бортунан алыс ыргытылгандар ысык токочтору Ак үйдүн ичинде кала бергенсип, өлкө ичинде болуп жаткан ийгиликтердин бардыгын жокко чыгарып, жалаң гана жакырчылыкты, чечилбеген көйгөйлөрдү көрүп, өздөрүнө саясый упай топтоо менен алек болушууда. Өзгөчө оппозиция жээгиндеги саясатчылардын «Юпи-гейт» өңдүү радикалдуу пландары алдын-ала ашкере болгондон бери түн уйкуларынан калышты. Эч жерде иштебеген, кызматсыз бош жүргөн саясатчылар бат эле «кыймылга» келишип, республикабыздын аймактарын кыдырып чапкылай башташты. Кызыгы, мындай аракеттерге кайсы булактардан каражат алып жатышат деген суроо болууда. Болбосо, Суваналиев мырза президенттик ат салышка чыкканда кайсы бир өзүнө жакын басылмалар менен сүйлөшүп, мыйзам боюнча жарнама акысын төлөп, анан кайра андан мамлекет салыгын алып калгандан кийин, калганын кайтарып алып жүргөнүн билет элек. Башкача айтканда чөнтөгү жука талапкерлердин бири болчу. Андан кийин деле эч жерде иштеген жок. Же алгылыктуу бизнесин деле айтпайт. Анан азыркы тапта акчаны кайдан таап жатат болду экен? Абдан кызык суроо. Мына ушул суроого биз жооп издеп көрөлү.

Бийлик үчүн өзүнүн элине ок чыгарып, жүзгө чукулун бейажал өлүмгө кириптер кылып, миңдегенин жарадар кылып качып кеткен Бакиевдер буга чейин деле өлкөбүздөгү стабилдүүлүктү жоготуп, кырдаалды курчутууга далалат жасап келишкен. Мына ошондой аракеттерин эми дагы улантып жатышкандары маалым болду. Биздин ишенимдүү булактардан алган маалыматыбыз боюнча Курманбек Бакиевдин иниси Марат Бакиев өзүнүн курсташы, Сот департаментинин экс-директору Ыйман Көчөрбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, алдыдагы парламенттик шайлоодо кайсы бир партияны колдоого ала тургандыгын билдирген. Андан сырткары ал курсташына Бакиевдерди колдоо үчүн айрым саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, анын ичинде Мелис Мырзакматовго басым жасаганы билинген. Ош шаарынын мэрине басым жасап жатканы да албетте түшүнүктүү. Анткени Мырзакматов убагында Жаныш Бакиевдин айтканын эки кылбай аткарып келген, анын ыраазычылыгы катары Ош шаарына мэр болуп дайындалганын тар чөйрөдөгүлөр билишет. Ошол эле учурда Марат Бакиев агасы Жаныш Бакиевдин курсташы, Ош ИИБнын мурдагы жетекчиси, учурда «Мөл-Булак» микрокредиттик компаниясынын ээси Кудрат Каримов менен да телефон аркылуу байланышканы каңкууланууда. Аны менен дагы алдыда боло турган парламенттик шайлоо тууралуу пландарын сүйлөшүп, ага жардам берүүгө Каримовдун макулдугун алганы жалганбы? Мына ушул телефондогу сүйлөшүүлөрдөн кийин эле оппозициялык маанайдагы саясатчыларга жан кирип, биринин артынан бири баш көтөрө баштаганы кызык. «Ак жол» партиясына кирип, артын булгап алган Бегалы Молдогозуевич дагы чээнден чыга калды. Суваналиевде дымак пайда болду. «Атамбаев менин душманым» деп жалпы кыргыз эли шайлаган президентке асыла баштады. Мунусу менен ал жалпы кыргыз элине душманмын деп айтып жаткандай эле болду. Демек, сырдын түйүнү кайда жатканы эми түшүнүктүү болуп жатабы? Адегенде чет өлкөлөп качып жүргөн Бакиевдер козголуп, анан алардын артынан эле «Каршылык Көрсөтүү Кыймылы» өңдүү кыймылдар түзүлө калып жатпайбы? Демек, чөнтөгү жука Суваналиевдин кыймылын Жаныш Бакиевдин курсташы Кудрат Каримовдун «Мөл-Булак» микрокредиттик компаниясы каржылап жаткан болуп жүрбөсүн? Мына ушул жагын терең иликтөөгө алыш керек. Өзүн кыргыз элинин патриоту катары эсептеген Суваналиев Бакиевдердин акчасы менен бүгүнкү бийликке ор казып, Бакиевдердин арыгына суу жеткизүү менен алек болуп жатса, анда ага ишенгендер алды-алдыңардан тал кармай бергиле дейлиби?  Муну божомолдобосок деле, Суваналиев менен Наргозуевдердин сүйлөгөн сөздөрүнөн деле ачык эле көрүнүп турбайбы? Маселен экөө бирдей жарышып «2010-жылы 7-апрелде куралуу төңкөрүш болгон» деп жатышат. Наргозуев болсо Бакиевдердин убагында доорду мактап түгөтө албай келүүдө. Бирок, кыргыз эли акылман, көрөгөч эл экендигин унутпаңыздар. Бир күнү Бакиевдерден келген акчаңарга билет сатып алып Минскини көздөй качып калбаңыздар? Себеби, 7-апрелди куралдуу төңкөрүшкө айланткыңар келгенине элдик революциянын чыныгы баатырлары тиштерин кайрап туру…

Бакыт БЕКТУРОВ

Айбат гезити №48



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru