Айбат » Жекшенкуловдун жел ооздугу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жекшенкуловдун жел ооздугу

Аликбек ЖекшенкуловАкыркы мезгилде бүгүнкү оппозициянын тың чыкмаларынын бири Аликбек Жекшенкулов Казакстандын гезиттеринин бирине маек куруп, Кыргызстандын бийлиги жана өздөрүнүн жаңы ойлоп табуусу «Юпи-гейт» тууралуу ого эле бир топ кеп козгогон. Ал бул окуяны «Ата Мекен» партиясынын лидери Ө.Текебаевдин «Матрешка-гейти» менен салыштырат. Муну менен Жекшенкулов өзүн Текебаевге тең саясатчы катары баалайт. А чындыгында саясатта Аликбек Текебаевдин бучкагына тең келбесин жакшы билет. «Юпи-гейт» баянын бийлик эмес так ошол оппозициядагы туугандар ойлоп тапкан. Кылаарын кылып, кыл жип менен бууп коюп теңирден тескери маалымат берип жатканы Аликбектин абийирсиздигинин бир белгиси. Кыргыздар буга окшогондорду «тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» деп туура эле айтыптыр. Андан дагы цианид агын сууда касиетин жоготуп коет. Барскоондо камаз аңтарылганда деле эч нерсе болгон эмес деген сөздөрү нени каңкуулайт? Демек, Аликбек «химик», Нарын дарыясына камаздап цианид төгө берсек болот экен да? Логикаңа баракелде? Мындан «жел жүрбөсө буудай башы ыргалбайт «дегендей «Юпи-гейт» жалган жерден чыкпаптыр да? Ушундай түшүнсөк болобу, Жекшенкуловдун кебинин маанисин?

Эми Соң-Көлдө болгон курултай жөнүндө

Курултай кыргыздар үчүн жаңылык деле эмес. Аны биздин эл жыйырма эки кылымдан бери өткөрүп келүүдө. Соң-Көлдөгү курултайга 400 адам катышыптыр. Ал адамдардын тизмесин караган кишиге канча жана кимдер келгени айкын болот. Мурунку экс-жетекчилер, башкача айтканда азыркы бийликтен кызмат албай калган адамдар жана жеке амбициялары башынан ашкан инсандар. Бийликке көзү кызаргандар Соң-Көл эмес Жеңиш чокусуна деле чыгып барышат эмеспи. Анын үстүнө бир кезде Жекшенкулов мырза бул жайлоодо кой кайтарып жүргөн имиш. «Чындык үчүн күрөшкөн» адамдын мындай курултайдан куру калганы уят. Акырындап жаштарды колго алуунун амалын көздөгөн саяк саясатчыга мындай окуя табылгыс нерсе эмеспи. Жекшенкулов бийлик ооматынан сырткары калышы түн уйкусун качырганы ачуу чындык. Ошондуктан дараметине жараша бийликти сындап жаткан кербези… Парламенттик шайлоодо ал жетектеген партиянын салмагы даана байкалганын көпчүлүк жакшы билет. Андан дагы Жекшенкуловдун: «2007-жылы Тышкы иштер министринин кызматын тапшыргандан кийин Бакиевдин бийлиги менден коркуп мага кылмыш ишин козгогон» дегени кызык. Министрдик ээрден кантип шыпырылганын ТИМдегилер жакшы билишет Апыртып айтуунун кажети жок. А бирок 2010-жылдын 16- мартындагы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечимин кайда катабыз, Аликбек мырза? Анда А.Жекшенкулов Тышкы иштер министрлигинин имаратын оңдоого берилген грантты бөлүштүрүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган күнөөсү далилденгендиги үчүн беш жылга эркинен ажыратылып, сыноо ирээтинде шарттуу түрдө үч жылга кесилген. Соттун чечиминен кийин А.Жекшенкулов үч жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштей албастыгын кайсы кара теке сүзүп унутуп калды экен? «Биздин бийлик бардык жактан төмөн түшүп кетти. Өлкө башкарылбай калды» дейт да Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Өзгөндө болгон окуяларды санап чыгат. Баткендеги чек арадагы болгон окуя. Мындай окуялар бүгүн гана чыга калдыбы? Акаев менен Бакиев заманында деле булар болгон. Чек ара маселеси жыйырма эки жылдан берки бийликтин мээ катырмасы экенин тышкы иштердин экс-министри жакшы билет да баарын азыркы бийликке ыйгарып коет. Жалал-Абад менен Көлдө болгон окуялар. Аларды өздөрү уюштурбадыбы? Кантип коомчулукту алдайсыңар? Бизде Конституция иштебейт. Бардык бийлик президенттин аппаратына топтолгон дейт Аликең. Конституция иштегендиги үчүн парламенттик республика болуп жатабызбы? Парламент бардык бийлик бутактарын чакырып алып кантип такалап жатканын Жекшенкулов Соң-Көлдө жүрүп көрбөй калганбы? Саясий илимдеринин доктору ар кандай сүйлөсө боло берет турбайбы. Ошол эле парламенттеги оппозиция болуп саналган «Ата Журт» саясий партиясына кайсы комитеттер берилген? Алардын колун ким байлады, иштей беришпейби Муну Аликбек жакшы билет, а бирок ооз ачкысы келбейт. «Турмуш жаман. Жаштар жакшы жашоо издеп өлкөдөн кетип жатышат» дегени да жаңылык деле эмес. Жаштар жыйырма эки жылдан бери кетип жатат. Кыргызстандагы жашоо бир жарым жылдан бери гана төмөн түшүп кеткен жок. Буга мурунку бийлик өкүлдөрү күнөөлү. Алардын бири так ошол Жекшенкулов мырза. «Де-юре — биз парламенттик, а де-факто — суперпрезиденттик өлкөбүз». Бардык бийликти Атамбаев өз колуна топтоп алды. Өлкөнү охлократия менен анархия каптады. Мындай жагдай бир да президенттин учурунда болгон эмес. Бакиевдин учурунда калк анын кадр саясатына, криминал менен болгон байланышына нааразы болгон. Өлкө мыйзам менен эмес түшүнүктөр менен жашап калган. Азыр болсо мыйзам да, түшүнүк да жок…» Жекшенкуловдун маегин угуп алып ыйлагың келет. Чынында эле ошондойбу? А балким көп партиялуулукка жол берилип калып президенттин колу байланып жаткандыр. Бийлик бутагында кимдер отурат? Кайсы партиянын өкүлдөрү? «Акыйкат» партиясынын лидери муну байкамаксанга салат. Тескерисинче, жумурткадан кыр издеп жаткандай… Андан дагы Кыргызстанга инвесторлордун аз тартылышынын негизги себебин «жерлердин сатылбай калышынан эмес, өлкөдөгү туруксуз абалдан көрөт». Таппасаң сыйпалап кал, Кыргызстандын бейкуттугуна бүлүк салган кимдер? Жекшенкуловго окшогон бир ууч саясатчылар. Же калппы? «Бизде инвестицияны коргоого кепилдик жок. Анткени дайыма рейдерлик ээлеп алуучулук болуп турат. Эл да муну сезип, билген иштерин жасап жатат» дейт. Туура, ушундай иштер болуп жатат. Аны эч ким танбайт. Бирок андай рейдерликтен Жекшенкулов өзү да таза эмес экенин унутуп калганбы. Апрель төңкөрүшүндө жаштар канга чулганып бейкүнөө шейит кетип жатканда Аликбек кайда жүрдү эле? Пайдалуу болуп эсептелген «МегаКом» ишканасына барып акча өндүрүп жүргөнү жалганбы? Бул эмне рейдерчиликке жатпайбы? 15 жыл чоң дипломатияда иштеген адам алгач бирөөнү сындагандан мурун өзүн караш керек. Дагы бир Аликбектин учурмасы:» Назарбаев Атамбаев менен кантип сүйлөшөөрүн билбей калды. Ошондуктан биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерде натыйжалуу жиреп өтүүлөр алигинче болбой жатат» дейт. Казак президенти Аликбекке сырын кайсы күнү айтканын билбейбиз. Болгону ар качан Атамбаевди колдоп жүргөнүн жалпы эл билет. А балким тың чыкма саясатчы тымызын алардын сүйлөшкөндөрүн тыңшап жүргөндүр? «Акыйкат» партиясынын лидери Кыргызстанда иш кагаздары кыргыз тилине өтүп жатканына нааразы. Андан дагы кээ бир саясатчылар орус тилинде сүйлөшүүгө тыюу салууда деп дөөрүптүр. Бул эмне жеңил-желпи барк топтоонун бир амалыбы. Же, орус тилдүү шайлоочулардын башын оорутууга жасалган аракетиби. Жыйырма жылдан бери иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрө албай жүрсөк Жекшенкуловдун «бөйрөктөн шыйрак чыгарышы» кимдин да болсо кыжырын келтирет. Бизде тогуз жашар баладан токсондогу карыяга чейин орус тилин жакшы билет. Орусча сүйлөйсүң деп бири-бирин күнөөлөгөндөрдү көргөн жокпуз. Үйүнө жатып алып коомдо болуп жаткан иштерден тышкары калыш дипломат адамдын кылаар ишиби? Көп улуттуу Кыргызстанда тил маселеси жаңы гана жанданды го. Буга ким күнөөлүү? Албетте эл башкарган эгелер. Алардын катарында орус тилинде эротикалык анекдотторду катыра айткан Аликбек да бар. Жекшенкуловго окшогондор өз тилин жерип жатканда анда кимге нааразы болосуң? Андай кыйын экен дипломатия боюнча кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошпойбу? Ошондо анын инсандык чыныгы жүзү ачылмак. Албетте, бийликтин талуу жерлерин тандап оппозиция сындай берет. Бул табигый көрүнүш. Бирок кимдир-бирөөнү күнөөлөөдөн мурун кандайдыр бир кичине илинчек болушу зарыл. Таптаза адамды болбогон жерден каралоо мүмкүн эмес. Анткени аны коомчулук да, карапайым калк да дароо сезет. «Чындык ийилет, бирок сынбайт». Адам канчалык таза болсо, ага эч кандай жалаа жакындабашын жакшы билебиз. Бул өңүттөн алып караганда Аликбек мырзаны улам-улам өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп айыптап келишти. Болуптур областтык комсомол уюмундагы кыздын өлүмүнө күнөөлү деген ойдон чыгарылган нерсе болсун. Экинчи факты боюнча айыптоону да четке кагалы. Анткени Жекшенкулов Бакиевдердин чекесине чыккан чыйкан болуп, кекиртектерине сөөк болуп сайылгандыктан «түрк бизнесмени Жекшенкуловго ыйгарылган сыйлык тапанчадан атылганын жана баллистикалык экспертиза далилдегенин» бийлик атайын жасаганына ишенели. Бийлик мындай иштерге бараарына толук макулбуз. А бирок «МегаКомду» эмне кылабыз Аликбек мырза? Бул да жалганбы? Эгер Сиз сүттөн ак болсоңуз, анда неге Сизди күнөөлөп жатышат? Акыры бийлик Сизди куугунтуктагандай Сиз эмне ушунчалык эле «ашынган» оппозиционерсизби? Артыңыздан бүтүндөй кыргыз калкын ээрчитип бийликке коркунуч туудура турган улуттук лидермин деп ойлоп жатасызбы? Жок. Сиздин артыңыздан канча адам ээрчирин парламенттик шайлоодо эле көргөнбүз. Ал бар болгону комсомолдун деңгээлиндеги гана орто баскычтагы функционер жетекчи. Бир нече мамлекеттик кызматтарда иштеп тышкы иштер министри гана болду, азыркы альтернативдүү бийликти башчысы болгону менен саясат айдыңында жаркырап жанган жылдыз боло албады. Жогорку жактагы башчылардын айткандарын так аткарган илбериңки мамчиновник. Кез-кезде оппозицияга өтө качканы болбосо туруктуу принциби деле жок. Бийликтин туура эмес саясатын сындамыш болуп эл үчүн жакшы иштерди жасоону тилегени менен кыргыз калкынын кайсыл убакта керегине жараганын көргөн адам жок. Тескерисинче, кызмат үчүн «көпөлөк» болгондордун арасында. Саясатчы, лидерлик сапаттарын өзү уюштурган « Акыйкат» партиясынын электоратынын санынан эле байкоого болот. Партияны түптөөдөгү каржы маселеси «МегаКомдон» түшкөн миллиондогон сөлкүбайларды тымызын «четинен кемирип» пайдаланууга барып такалат. «Каркыра» жайлоосун казактарга сатуудагы Жекшенкуловдун ролун Садыр Жапаров жакшы билет. Анткени С.Жапаров кээде ачуу чындыкты бетке айткан жигиттердин бири. Ага Аликбек терикпесе да болот. Теле берүүлөрдүн бириндеги С. Жапаровдун «Силер мени мына ушул кадамга түрткөнсүңөр» дегендин артында Жекшенкуловдун Тышкы иштер министри болуп тургандагы ишмердүүлүгү былгып жатат… Садырдын сөзүнө териккен Аликбектин “С.Жапаров эч качан көрүнүктүү саясий ишмер боло алган эмес..” деген аныктамасын Жекшенкуловдун өзүнө пайдаланганыбыз мезгил талабы… Андан да чет элдин басылмасына өз эли жөнүндө көчөдөгү адамдай маек курганы студенттерге дарс окуган лектордой эле таасир калтырат. Бул бүгүнкү Жекшенкуловдун болгон дарамети… Болгону ушу гана…

Жекшенкулов түрмөдөн Бакиевден кечирип сурап гана кутулганбы? 

2010-жылы 16-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-министр Аликбек Жекшенкуловду үч жылдык сыноо мөөнөтү менен беш жылга эркинен ажыраткан. Аликбек Жекшенкулов соттук териштирүүдө чет элдик гранттарды бөлүштүрүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, келген каражатты өз билемдик кылып Тышкы иштер министрлигин имаратынын ремонтуна жумшап жиберген. Ошол эле учурда 2007-жылдын декабрь айында болуп өткөн түрк ишкеринин өлүмүнө катыштыгы болгону да аныкталган. Тактап айтканда ал ишкер экс-министрге белекке берилген курал менен атып өлтүрүлгөн. (16.03.2010 16:19 msk. Фергана.Ру)

Соттун өкүмүнөн кийин Аликбек Жекшенкулов үч жыл мамлекеттик кызматка бара албайт. Бирок Жекшенкулов оппозициялык партиянын жетекчиси болгондуктан соттун чечимин саясый куугунтук катары жар салган. 2009-жылдын март айында беш жылга кесилген Жекшенкулов алты айдан кийин үй камагына чыгарылган. Анын түрмөдөн бошонуусун Жекшенкулов Бакиевдерден кечирим сураган деп айтып жүрүшөт. Элдин ырыскысын жеп, адам өлтүргөнгө катышкандар президенттен кечирим сураса эле күнөөсү акталып калабы?

 Темир Бекмуратов

Айбат гезити №48




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru