Айбат » Өлкө коопсуздугун сактаганы үчүн УКМК күнөөлүбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өлкө коопсуздугун сактаганы үчүн УКМК күнөөлүбү?

ГКНБ УКМККыргызстаныбыздын бейпилдигин бузуп, Нарын дарыясын ууландырууга багытталган «Кувакы», «Юпи» пландарын ачыкка чыгарган жаш саясатчы Эрланбек Өмүралиев мындай тирукмуш долбоорлорду Садыр Жапаров, Аликбек Жекшенкулов, Кубанычбек Кадыров, Курманбек Осмонов сыяктуу оппозиционерлер уюштуруп жатканын баса белгилеген эле. Эркин басылмалар жазгандай, Садыр Нургожоевич ири «долларбай», борбор калаадан квартира алып берем деп бал тилге салып азгырдыбы, айтор, Эрланбек баштапкы сөзүнөн танып, тескери «сие» баштады. Ага удаа УКМК төрагасы Бусурманкул Табалдиевге «маалымат согушу» күчөдү.

Биринчиден, Э.Өмүралиев атайын кызматка өзү арыз менен кайрылып, өлкөнүн коопсуздугун сактоо максатында оппозициянын планын ашкерелегенин билдирген. Ошондой эле тасманы көгүлтүр экрандан көрсөтүүгө расмий уруксатын берген. Андыктан Эрланбек канчалык танса дагы, анын өз колу менен жазган арызы калп айттырбайт.

Экинчиден, атайын кызмат мындай маалымат келгенден кийин биринчи кезекте өлкөнүн коопсуздугун, элдин саламаттыгын сактоо үчүн чукул чара колдонушу керек болгон. Анын үстүнө, тасманы жайылтууга Эрланбек өзү макулдугун берген. Айрым оппозиционерлер: «Эмнеге Нарын дарыясына уу төгүп жаткан кармап алышпайт? Ошого чейин күтүшсө болбойт беле?» деп элдин башын маң кылышууда. Өзүңөр деле элестетип көргүлө, качан Нарын дарыясына уу куят деп аңдып турмак беле? Эгер кокусунан түндө Нарынга уу төгүлүп кетсе эмне болмок? Кыргызстаныбыз гана эмес, бүткүл Орто Азия ууга чөмүлмөк? Демек, УКМКнын тасманы дароо жарыялап, оппозициянын планынын бетин ачканы өз убагында кадам жасады. Буга түрдүү тармактын өкүлдөрүнүн «Жалпы УКМКнын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?» деген сурообузга узаткан жооптору айкын далил.

 

Бакаев АширбекАшырбек БАКАЕВ, Генерал-майор:

“УКМК түзүк эле иштеп жатат”

– УКМКнын негизги милдети – өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө мамлекеттин коопсуздугуна доо кеткен деле көрүнүштөр байкалган жок. Ошентсе да алар элге жакыныраак болушу зарыл. Ишеним телефондорун кеңири жайылтып, жарандардын атайын маалымат ала турган булактарын ачып коюшу керек.

УКМК президентке түздөн-түз баш ийгенден кийин мамлекет башчысы гана аларга баа берүүгө милдеттүү. Өлкө башчысы анын кандай иштеп жатканын бизден жакшы билет. Ошондуктан, атайын кызматтын ишине сырттан баа берүү кыйын. Алар жашыруун кызмат болгондуктан кандай иш жүргүзүп жатканын эч ким билбейт. Бирок, жалпысынан алганда түзүк эле иштеп жаткандай.

 

Арапбаев АзаматАзамат АРАПБАЕВ, ЖК депутаты, “Ата журт” фракциясы:

«Эң негизгиси мамлекетибизде тынчтык. Бул УКМКнын ийгилиги»

– Негизинен азыркы тапта мамлекетибизде тынчтык. Мына ушуну Жараткан өзү кут кылсын. Экинчиден, жакында эле ар түрдүү терракттарды жасоого аракеттенген топторду кармашты. Мына ушунун өзү эле УКМКнын ишмердүүлүгүн көрсөтөт. Коомчулукта бул кызматка карата жаман пикир жок. Демек, алар өз ишин жакшы эле жүргүзүп жатышат деп ойлойм.

 

Какчекеев ТоктогулТоктогул КАКЧЕКЕЕВ, полковник:

«УКМК өз кызматын так аткарып келет»

– Улуттук коопсуздук кызматы өзүнүн ишин так аткарып келатканын көрүп атабыз. Бирок, Советтер союзунун доорундагы коопсуздук кызматынын деңгээлинде деп айта албайбыз. Ырасын айтканда ал доор бөлөк болчу. Азыр болсо биз демократилык, кол тийгис менчиктин доорунда жашап жатабыз. Демократияны, эркиндикти ээнбаштык деп түшүндүк. Эркиндикти баш кесер, зордукчул, жыныс жиндилери катары кабылдадык. Мына ушундай шартта коопсуздук кызматы үчүн дагы иштөө кыйын болуп турат. Германияда Конституцияны коргоо кызматы деген бар. Бардык иш-аракеттерибиз Конституцияга байланыштуу болгондон кийин ушул багыттагы комитетти Улуттук коопсуздук кызматына багыттасак алардын курч иштерге барып, тез аранын ичинде көптөгөн маселелерди таап чыгуусуна өбөлгө болот эле.

 

Акималиев ЖаминЖамин АКИМАЛИЕВ, коомдук ишмер:

«БуСурманкул Табалдиевдин келиши менен УКМК оңолду»

– Кандай гана иш болбосун, анын ийгиликтүү болушу жетекчиден көз каранды болот. Бул жагынан алганда Бузурманкул Таабалдиев жетекчи болуп келгенден бери УКМКнын иши оңолду. Себеби, ага чейин коопсуздук кызматы кыйын эле абалда калган. Багытын жоготуп алгандай абалда эле. Союздун убагындагыдай жолго да түшүп көрүштү. Ошондуктан бул кызматка татыктуу, профессионал жетекчи керек болуп турган. Мына ушундай жетекчи Таабалдиев болду. Ал профессионал гана жетекчи болбостон, абийиринин алдында да таза экендигин билем. Мисалы, убагында Текебаевге байланышкан куурчак боюнча өзү күнөөлүү болбосо дагы «менин дагы күнөөм бар» деп турп кызматын таштап басып кеткен. Андыктан бул адамга ишенсе болот. Эми ал жакшылап команда түзүп алса, УКМКнын иши дагы-да алдыга жыларына ишенем.

 

Сариев МарсМарс САРИЕВ, саясат таануучу:

«Жакшы эле иштеп атышат»

– Биринчиден, өлкөбүздө Кудайга шугур тынчтык өкүм сүрүп турат. Ар кандай коркунучтардын алдын-алгандары айтылууда. Демек, өз нугунда жакшы эле иштеп атышат десек болот. Бирок, толук кандуу баа берүүгө али эрте. Анткени УКМКнын жаңы жетекчиси дайындалганына көп убакыт боло элек. Жок дегенде бир жыл өткөндөн кийин анан толук кандуу баа берсек болот.

Айбат гезити №48




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru