Айбат » “Үч мушкетерду” актаган соттор кантип мыйзамды тебелешкен?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Үч мушкетерду” актаган соттор кантип мыйзамды тебелешкен?

сотМурдунун учунан алысты көрө албаган саясатчылар жана алардын бакма басылмалары «Ата-Журт» фракциясынын үч депутатын актап жиберген сотторго кысым болуп жатат деп чуулдатуу менен алек.

Ырастап айтканда, оппозициячыл саясатчылардын кылган күнөөсүн далилдеп, темир тор артына отургузуу өкүмүн чыгаргандар бийликтин көзүн караган соттор болот дагы, алардын жасаган кылмышын көрүп-билип туруп актап жибергендер акыйкат, адилет сот болуп чыга келишет.

Мына эмесе, бир беткей гана ой-жүгүртүүнүн формуласы. Болбосо, өткөн жылдын 3-октябрындагы «Чынгызхандын шакирттеринин» Ак үйгө жасаган чабуулун, Ташиев мырзанын бийликти басып алууга жасаган чакырыгын укпаган, көрбөгөн киши калган эмес. Жадагалса шишке сайылган жеринен бери дапдаана тартылып алынган. Бирок, догурунма адамдарга айла жок экен, мыйзамсыз аракеттерин каратып туруп танып турушту. Жаңыдан там-туң басып жүргөн бала деле шымын толтуруп койсо, «Ким жайлады?» деп сурасаңыз, өзүн эч качан айтпайт. Жанындагы башка бирөөнү көрсөтөт. Ошондой эле көрүнүш болду да. «Толтурганын» толтурушту, бирок аны жууп-тазалап, жазасын өтөгөнгө келгенде «олуттуу» тарта калышып, «Биз кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн ушул жерде отурабыз» деп сайрашты. Акчанын күчү менен аялдардын батальонун жалдашып, сотторго, мамлекеттик айыптоочуларга кысым көрсөтүштү.

Акыры мындай аракеттерин үзүрүн көрүшүп, Бишкек шаардык сотун 3 млн сомго сатып алуу жолу менен акталып чыгышкан эле. Андагы үч соттун бирөөсү өзүнүн өзгөчө пикирин билдирип, актоо чечимине каршы экендигине карабай К. Зулушев менен М. Сатыев экөө арыдан бери шашылыш эле актоо чечимин чыгарып жиберишкен.

Албетте, мындай актоо чечими «атажуртчу» депутаттардын жактоочуларынын чырагына май тамызып, аттары аталган эки сотту баатыр да кылып жиберишти. Бирок жалпы коомчулук шаардык соттун бул чечимине түшүнбөй калган. Эгерде бийликти басып алууга чакырык таштап, Ак үйдүн тосмосун ашып түшүп, Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерин тызылдата кубалап жүрсө дагы эч кандай күнөөсүз деп табылса, анда Ак үйдүн тосмосун күнүгө эле ашып түшүп ойной берсе болот турбайбы деген ойго келишкен.

Мына ушундай пикирлерден улам Бишкек шаардык сотунун «атажуртчу» үч депутатка карата чыгарган өкүмүн Соттор кеңеши кызматтык иликтөөгө алган. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын процессуалдык законунун нормаларын өтө одоно бузган учурлары табылган. Маселен, 2013-жылдын 17-июнунда апелляциялык инстанциянын судьялары бул кылмыш ишин 24-июнга жылдыруу чечимине келишкен. Бирок, сот залындагы адамдардын ишти тез арада кароо жана актоо чечимин чыгаруу өңдүү талаптарды койгон кысымы менен судьялар кылмыш-процессуалдык кодекстин нормаларын бузуу менен тараптардын оюн укпастан эле өздөрүнүн чечимин өзгөртүп, сот отурумун андан ары улантышкан. Анан чечимин чыгарышкан.

Мындан сырткары иликтөөнүн натыйжасында судьялар кеңешүүчү бөлмөдө отурушуп, компьютердин жоктугуна байланыштуу чечимди кол менен жазышып, анан аны жарыя кылышкандан кийин беш күндүн ичинде кошумчалары жана өзгөртүүлөрү менен компьютерде теришкен. Ал эми колго жазылган чечимди иш материалдарынын арасына киргизишкен эмес. Бул Кыргыз Республикасынын кылмыш процессуалдык кодексин одоно бузуу болуп саналат. Анткени чечимди угузаарга чейин судьялар чечимге кеңешүүчү бөлмөдө гана кол коюлары керек болчу.

Мына ушундан улам коомчулукта «үч мушкетёрго» карата шаардык соттун чечими мыйзамдын алкагында болдубу, же кысым көрсөтүүлөрдүн натыйжасында болдубу деген күмөндүү суроо жаралды.

Мына ушундай мыйзамды одоно бузуулардан улам К. Зулушев менен М. Сатыев кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушту. Андыктан аларды кызматтан бошотуу бир гана үч депутатка карата актаган чечимди чыгарып койгондору үчүн деген түшүнүк болбошу керек. Алар актаган күндө дагы кылмыш-процессуалдык кодексти одоно бузууларга барбаганда эч ким эч нерсе демек эмес.

Жеңишбек ОРГОЕВ

Айбат гезити №48




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru