Айбат » Жолдошбек Бектурганов, Кыргызстан Авиакомпаниясынын башкы директору: “Биз өнүгүү жолундабыз”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жолдошбек Бектурганов, Кыргызстан Авиакомпаниясынын башкы директору: “Биз өнүгүү жолундабыз”

Бектурганов Жолдошбек- Жолдошбек мырза, алгач кепти Кыргызстандын авиация системасындагы тарыхынан баштасак…

– 1933-жылдардын башында, биринчи учак Фрунзеге Ташкенттен учкан. Кыргыз Граждандык Авиациясынын  башталышы ушундай болот. Андан кийин Ил-4, Ил-18 деген учактар аэрофлоттун курамында Москва багытында учуп баштаган. Дагы кийин Ту-134, Ту-154, Як-40, Ан-24 деген учактар дээрлик 2010-жылга чейин учушту. 90-жылдардын башында, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин аэропорттор бөлүнүп чыкты. Биздин өзүбүздүн Кыргыз Граждандык Авиация агенттиги болуп түзүлүп, Акаевдин убагынан бери келе атат. Анан Кыргызстан Аба Жолдору улуттук компаниясы болуп түзүлүп, аэропорттор, авиакомпаниялардын бардыгы ушунун курамына кирген. Эгемендүүлүктүн биринчи күндөрү аябай кыйналдык. Анткени борборлоштурулган союздук система үзүлүп, тетиктерге өзүбүздүн акчабыз жетпей калып жатты. Анын үстүндө жөнөкөй элдин, жүргүнчүлөрдүн акча төлөмдүүлүгү төмөндөп кетпедиби. Ал эмес нан сатып алганга акчасы жетпей калган күндөр болбодубу. Ошол убакта учактарга эчким түшпөй калды. Аэропорттор, аэрофлоттор, авиакомпаниялар токтоп калды жана банкрот болгону да көп болду. Кээ бир аэропорттор жергиликтүү администрацияга берилип кетти. Мисалы, Чаткал, Токтогул, Балыкчы аэропорттору такыр эле жоюлду жана айдоо жерлерине айланды.  Көп авиакомпаниялардын Ан-28, Як-40 деген учактары Африкага кеткен бойдон жиксиз жоголду. Анысы үчүн деле бирөөнү күнөөлөш керек эмес, заман ошондой болуп калды. Мамлекет жардам бере албаса аэрофлот кантип өнүгүшү керек эле?.. Анан биздин пилоттор аз акчага болсо дагы, үй-бүлөсүн багыш үчүн Африкага барып иштеп, айла кылышты да.

- Бул 90-жылдардан, 2005, 2010-жылдарга чейин болду. 2010-жылдардан баштап араң элдердин төлөө мүмкүнчүлүгү жогорулап, учак каттамдары көбөйүп калды. Азыркы маалдагы абал кандай?

– Ушуга мисал катары айта кетсем,  Россия ж.б. аба каттамдары аркылуу кетип жаткан Ош жергесинде жашаган тургундарынын саны өскөндүктөн айрым маалдарда авиа билеттердин жетишсиз болуп, кезекке тургандардын саны өстү.  Ошонун эсебинен авиация мына өнүгүп баштады. Андан сырткары тыш жакта эмгектенип жаткан мигранттарыбыздын  чет мамлекеттерде отурукташып, жумуштары оңунан чыгып бара жаткандыгына байланыштуу учак менен учуучулардын саны кескин түрдө көбөйдү.  Алар 2002-2003 жылдары учушчу эмес.  Ош-Баткен ж.б. ички каттамдарда Як-40 менен учат, бирок билеттин баасы жогору болгондуктан учак аркылуу учууга кудуреттери жеткен эмес. Москва, Новосибирск, Екатеринбург жана башка жактарга автобус менен барышчу. Он төрт киши отурчу унаага, жыйырма киши болуп кетип калышчу. Ошондо мен эсептеп көрүп, Кудай буюрса 2005-жылы кайра артка  акчалуу болуп кайтышат жана эми автобуска түшүшпөй, учак менен жүрүп калат дегем.  Мен айткандай эле  ошондой болуп келе жатат.

- Автобус менен каттоочулар үчүн чегара көйгөйлөрү жетиштүү эле эмеспи… Андан көрө жеңил-желпи учак менен келген жакшы эмеспи..?

– Сиз айткандай, автобус менен чет өлкөгө чыгуу машакаттуу жана коопту. Андыктан  автобуска биринчи жолу түшкөнү менен бирок экинчи жолу түшпөйт. Анткени,  таможня, чек ара, милициялар ар кандай ыкмалар менен опурталдуу жагдайларды түзүп жаткандыктарын көргөндөн кийин экинчи түшкүсү келбей калаары бышык. Андан тышкары жолдо ичип жечү  тамак-ашы менен жол кире бир топко чыгып кеткени маалым. Андай кырдаалда кыйналып-кысталып араң жетишет.  Жол көйгөйүн мындай коёлу, өтө оор жумуштарда иштөөгө мажбур болушат. Кандай гана жумуштар болбосун иштеп жүрүп, чарчап-чаалыккан жарандарыбыз кайра келе атканда учак менен келе башташат. Себеби, автобус менен жүрүүдөгү кыйынчылыктарды башынан өткөзүп койгон.

учак- Алгач Россия авиакомпаниялары Ош-Россия авиа каттамын Россия тарап ачты эле. Азыр көрүп отурабыз абдан өнүгүп, кирешелүү тармакка айланды дегендей… Бирок, толук кандуу авиа система туризм өнүкмөйүн болбойт. Туристтердин келиши кандай болуп жатат?

– Туура, сиз айткандай туризм өнүкмөйүн толугу менен авиа система өнүкпөйт. Буга толугу менен кошулам. Азыркы тапта кыргыз мигранттарын ары-бери ташып туруу менен гана чектелип жатабыз. Андыктан туристтерди тартуу алдыдагы иштердин бири. Туризмди өнүктүрүүнүн бир топ жолу бар. Ушул тапта мамказынадагы каржы капаатчылыгынын кесепетинин бу тармак обочо болуп өнүгүүнүн жакшы жолуна түшө албай келет. КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Туризм министрлигин бириктирип койсо болмок. Ал эми Туризм министрлигинин  Маданият министрлигине кошуп койгону бир аз туура эмес болуп калган.  Кайсы гана турист болбосун  транспорт менен жүрөт, азыркы заманбап дүйнөдө жөө жүргөндөр жокко эсе. Автомашина, автобус же учак болобу, бары бир транспорт да.

- 80-жылдын эң ийгиликтүү жылдары 2010-жылдардан башталды деп жатасыз, эми ички каттамдарды кантип оңдосо болот?

– Ички каттамдарды оңдош үчүн ички туризмди өнүктүрүш керек. Элдердин арасында байланыш күчөтүүбүз зарыл.  Жерде жол салынгандай, асманда да жол салуу зарылчылыгын туудурушубуз абзел.  Эки аймакты жакшылап байланыштырып алсак ички туризм өнүгөт. Мисалы, Нарында Ошту көрө элек, Ошто Нарынды көрө элек элдер бар. Ошто Сулайман Тоо болсо, Нарында Таш-Рабат бар. Кыргызстанды багып кете турган тармактардын катарында туризм да бар. Туризмди өнүктүрүүдөгү кооз жана сырлуу жерлерибиз арбын. Өлкөнүн кайсы гана бурчунда болбосун касиеттүү керемет жерлерге кездешесиң. Ушул жерлерибизди таанытуу, рекламалоо менен ички жана тышкы туризмди өнүктүрүүгө болот. Мисалы, төрөй албай жүргөн келиндер, кыргызчылык кылып, Жалал-Абаддагы Апшыр-Ата деген жерге барып сыйынышып, кийин төрөп алгандар да аз эмес. Ноокат, Папан, Баткенде да ушундай жерлер бар. Баткендеги Айгүл гүлүн көрбөгөндөр бар. Мен өзүм Баткенге канча барып жүрөм, көрө элекмин. Ал эми чет өлкөдөн, ушу Айгүлдү көрөбүз деп, атайын келген туристтер бар.

Дагы бир мисал, Пакистандын өтүп кеткен президенти, Бабур хандын урпактарынан экен. Ошол, убагында Оштогу Сулайман Тоого келип, кой союп куран окутуп кеткен. Андан кийинки Мусараф да ошентип келип кеткен. Ушул сыяктуу жерлерибиз менен туристтерди кызыктыруу мезгилдин талабы. Туризмди авиациянын бир канаты катары стратегия кабыл алышы керек. Жол картасына киргизиши керек. Ошол эле Транспорт министрлигинин астында, Граждандык Авиация агенттиги бар, ошону эле Граждандык Авиация жана Туризм агенттиги деп койсо болот болчу. Туризмди чогу өнүктүргүлө деп. Ошонун эсебинен ички каттамдар өнүгүп, түндүк жана түштүк аралык байланыш жана катнаш жакшырат, куда түшүп, кыз беришип, алышып дегендей…

стюардесса-  2014-жылы АКШ авиабазасы чыгып кетсе ХАП түзүлөт деген маалымат бар. Ошол ХАПтын негизги багыттары кандай жана пайдасы барбы?

– ХАПтын өзүнүн пайдасы бар. Бирок, ал бир-эки жылдык эмес, көп жылдык план менен түзүлөт. Анан ал ХАПты түзүш үчүн жергиликтүү аэропорттун базасын түзүш керек. Аларга салым жана башка жагынан жеңилдиктерди бериш керек. Авиакомпаниялардын учактары эски деп жатпайбызбы, анан кантип жаңыртабыз дегенде өздөрүнүн мыйзамдары бар. Биздин компания сатып алып, башка авиакомпанияларга ижарага берет. Муну “операционный лизинг” деп коёт. Анан дагы убактылуу кийирүү (временный ввоз) деген бар. Ушунун баарына чоң салык төлөнөт. Жаңы учак 50 млн. доллар турса, алар кайдан сатып ала алмак эле?.. Банк бербейт, мамлекетте жок, авиакомпанияларда да жок. Тетиктер алынып келет, ошолорго дагы салыкты азайтыш керек. Убактылууларды  Орусиядагыдай кылып, жок кылыш керек. Орусия ошону менен авиациясын өнүктүрүп алды. А биз өнүктүрмөк түгүл, ача албай жатабыз. Бир баштап алсак, өз жолуна түшүп алса, кете берет эле. Жаңы учактарды алып келгенде, убактылууларды  бошотулат деген нормаларды киргизип койсо да болот.

- Сиздин компанияга мамлекет тарабынан кандай жардамдар берилип жатат?

– Моралдык жөлөк алабыз, ал эми акчалай бир дагы тыйын албайбыз.

стюардесса2- Кардарларды тейлөөдө силердин компаниянын кандай айырмачылыктары бар?

– Биздин компаниянын мамлекеттик компания болуп деле, өтө чоң айырмабыз жок. Мамлекет бардыгына бирдей мамиле жасап жатат. Мамлекет бир гана авиация тармагына эмес, башка тармактарына дагы бирдей мамиле кылганга аракет кылууда. Андыктан биз деле ошол мамилени көрөбүз. Биз күйүүчү майды алсак дагы, элдикиндей баа менен алабыз, башкача айтканда бизге жеңилдик жок.

- Кимдерге жеңилдик бере аласыңар?

– Мамлекет жетекчилери чет жактагы мекендештерибиздин диаспоралары менен жолугушканда, алар “Жүк 200” алып келүү кээде кыйынчылыкка турат дешкен. Анткени, ар кандай себептер болот, айрымдары  оорудан каза болсо,  кээ бирлерин атайын өлтүрүп кетишет. Анан өз жерине алып келүүгө шарттары жетишээрлик болбой кыйналышат экен. Айрымдарынын  иштеп тапкан акчасы болуп, туугандары алып кетсе, кээ бирлеринин акчасы жок, ошол диаспоралардын карамагында жардам сурап калышат. Диаспоралар акча чогултуп анан алып келишет. Мамлекеттин жардамы болуп,  биз ошол “Жүк 200” бекер алып келебиз. Алар болгону учакка чейин алып келиштин акысын төлөшөт. Кээде оорулуулар бизге жардам сурап келишет. Мисалы, бизде дарылай албайт, Москвага барып дарылаш керек болуп атат деп.  Билетке эмес, ошол дарылоого араң акча таптык деп. Ошол оорулууга бир орун, ал эми жанындагы атасына же энесине 50 пайыз арзандатып беребиз. Андан сырткары пенсионерлерге, студент жана спортсмендерге арзан тариф менен, ар бир каттамда беш-алты орунду жардам кылабыз. Мисалы, Ошко көп учушат. Мына ушундай социалдык жеңилдик, жардамдарды көргөзүп келебиз. Кээде келишим түзүп спортсмендерди, же маданият өкүлдөрүн колдоп, бекер алып барабыз. Кыргызстандын атын чыгаралы деп кино тарткандарга да жардам кылып. Арийне,  Москвага бекер алып бардык. Андан сырткары Москвада иштей албай, селсаяк болуп калдан мекендештерибизге жардам катары Москвадагы элчилигибизге ай сайын эки билет берип турабыз. Бир дагы башка компания мындайды кылбайт.

Ту-154М

- Биздин аэропорттон канча мамлекеттин учагы учуп жатат?

– Көбүнчө Россиянын шаарларына учат. Москва, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург, Челябинск жана башкалар. Башка мамлекеттерден Кытайдын Үрүмчү, Ташкент, Душанбе шаарларына учабыз. Индиянын Дели шаарына  каттам ачсак, эл аз, токтотуп койдук, анткени, алар менен визалык жактан тоскоолдуктар көп экен. Болливуддун кино компаниялары келип, Кыргызстандын кооз жерлеринен кино тарталы деп жатышты эле, ошол визанын проблемасынан келбей калышты окшойт. 44 мамлекет менен виза тууралуу келишимибиз бар экен, бирок ошолордун арасына Индия кирбей калыптыр.

Бизге караганда Тажикстан, Казахстан, Өзбекстанда учуу арзан. Атаандаштыктын  айынан ансыз деле билеттин наркы түшөт. Кышында жана  эмки жайда да арзан болот.  Биринчи алып келген учактарыбыз 148 орундуу болчу, эми дагы ойлонуп жатабыз өзүн- өзү актаган да көп орундуу учактарды алып келебиз. Көп орундуу болсо, ошого жараша билеттин баасы  түшөт. Бүгүн 148 орундуу менен ташып жатсак, эртеңки күнү 220 орундуу учак менен ташуу менен билеттин наркынын ак айырмасы 50 пайызга чейин жетет эле. Муну менен өзүбүзгө жакшы  болот. Бирок, мамлекет дагы жардам берсе?! Мына биз самолёттордун тетиктерин алып жатабыз. Маселен, ар бир тетиктерге эле миңдеген сомдорубуз жумшалат.

Маектешкен Бакыт Бектуров

Айбат гезити №48




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru