Айбат » ЖКнын депутаты Жыргал Саматов Өзгөнгө мектеп салды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » ЖКнын депутаты Жыргал Саматов Өзгөнгө мектеп салды

Саматов ЖыргалӨзгөн районунда эзели өкмөттүн буту басып барбаган, бийликтегилердин көңүл сыртында калган Зергер деген айыл бар. Көп жылдан бери ал жердеги окуучулар көчүп бүткөн мектепте билим алып жаткандыгын жергиликтүү тургундар бир канча жолу какшаса да эч ким кулак салган эмес эле. Дүйшөндүн мектебине окшогон эскилиги жеткен мектепте билим алып жаткан өспүрүмдөргө депутат Жыргал Саматов боору ачыганбы же берешендиги кармап кеткенби, быйыл 260 орунду мектеп куруп, бүгүн ачылыш аземин кылып, үлкөндүн баарын чакырып ойда-а той берип жаткан кербези. Жыргал мырза өкмөттүн бюджетин карап отурбай өзүнүн капчыгын кагып, орто окуу жайын бүтүрүп бергенин уктук. Бали, деп кубанып калдык. Жигит болбосоң коё кал!

Айбат гезити №48




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru