Айбат » Маалыматтан маалыматыңар бар беле?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Маалыматтан маалыматыңар бар беле?

1Массалык маалымат каражаттарынын катарын дагы бир “Мaalymat.KG” деген сайт толуктады. Дабышы бийик чыгып, кабар таратуу жагынан ыкчам иштеп, саясатчылардын сазайын колуна кармата турган өңдүү сайт окшойт, аяк салышы менен айрымдардын келмесин оозуна алдырып, кээ бирин акылына келтирип койгонсуду. Деги бул эмне болгон сайт, кимдин сайты деп иликтесек, кесиптешибиз “Мекен инфо” гезитинин редактору Дайырбек Орунбековдун кулагы кылыйып чыгып атат. Бу жигит жаш эле туруп бир гезитти бутуна тургузуп, эми караандуу маалымат порталын ишке киргизиптир. Азыркы заманда гезит менен сайтты каржылоо көбүнүн эле колунан келе бербеген иш эле, бу Дакем кайсы кыйынды кармап, же кандай тыйындын көзүн ачып алган эме деп башыбыз маң. Эмне болгондо дагы калыстыкты карманган, сапары узак сайт болсун дейли. Ийгилик!

Айбат гезити №48



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru