Айбат » Жумгалда мекеме жетекчиси журналистке кыйкырып, жакалаганга чейин барды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалда мекеме жетекчиси журналистке кыйкырып, жакалаганга чейин барды

Асаналиев МирбекНарын облусунун Жумгал районунда 2-октябрь күнү Жумгал райондук электр тармактар ишканасынын башчысы Борбушалиев Амантур райондун журналисти Мирбек Асаналиевге жулунуп, жакалаганга чейин барган. Бул тууралуу аймактык кабарчы М.Асаналиев өзү кооптонуу менен билдирди.

Анын айтымында, мекеме жетекчисинин бул жагдайга баруусунун себеби – интернет тармактарына мекеме тууралуу жана электр энергиясынын өчүрүлүшү тууралуу буга чейин жарык көргөн маалыматтардан улам болгон. Райондун Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын 10 түтүн тургуну аймактык кабарчыга 3 күндөн бери электр жарыгы жок отурушкандарын айтып кайрылышкан.

Ал эми кабарчы, бул маалыматтарды интернет тармактары жана социалдык түйүндөр аркылуу коомчулукка чагылдырган. Ошол менен бирге 1-2-октябрь күндөрү Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында электр жарыгы өчүп калгандыктан кабарчы жетекчиге телефон аркылуу кайрылып, жарык качан күйө турганын тактап суранган.

Телефон аркылуу байланышканда, «мен сага отчет бермек белем, сен менден антип такап сураба, сен өзүң ордуңду бил», – деген сөздөр менен кыйкырып салган. Бул күнү бул имараттын бир бурчунда катар жайгашкан нан чыгаруучу ишканасыда да жумуш үзгүлтүкө учурап, нан чыгарууда да бир топ убакыт күтүп калгандыгы айтылган. Ошондой эле кабарчы күн мурунтан эскертүү берип койсоңуздар болмок экен деген оюн билдирген. Ага болбой мекеменин жетекчиси аймактык кабарчынын кеңсесине кирип жакалап, коркутуп “бас чык эшикке” дегенге чейин барган.

«Негизинен мени коркутуп кандайдыр бир коркутуу ойлорун айтышкан жетекчилер көп эле. Мен болгон ишти тартынбастан жаап-жашырып жазбагандыгымдан ушундай нерселер жашоодо көп эле болуп жатат. Телефон аркылуу жашыруун номерлер менен чалып, колу-башыңды кыйып кетебиз. Тизгиниңди тарта жүрсөң деген сөздөр көп эле болуп келет», – дейт аймактык кабарчы М.Асаналиев.

Айбат гезити №48




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru