Айбат » Нарындын тургундарынын “Юпи-Гейт” боюнча ой-пикирлери

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Нарындын тургундарынын “Юпи-Гейт” боюнча ой-пикирлери

Нарын суу

Мээрим Искакова, Нарын облусунун тургуну:

“Нарын дарыясын булгоо Кудайга да жакпайт”

– “Юпи” паланы негизинен адамды ойлонто турган окуя болду. Оппозиция өкүлдөрү бийлик үчүн ушундай жолго баргандыгы чын болсо жоопко тартылышы керек. Бирок, акыркы кездерде бул жөнүндө унутулуп бараткандай. Менин оюмча атайын кызматтын өкүлдөрү окуяны иликтеп, тиешелүү чечим чыгарышы зарыл. Болбосо коомдо ар кандай ойлор пайда боло берет.

Канткен күндө да жалпы Борбор Азия суу ичип жаткан Нарын дарыясын булгоо Кудайга да жакпайт. Ошол эле уюштурган деп жаткан саясатчылардын арасында Нарындын кулуну, биз сыйлаган экс-чиновниктеринин болушу иренжитет.

 

Алтынбек Исмаилов, Нарын районунун тургуну:

“Эрлан деген акмак окшойт”

– Бийлик деп өз элин ууландыруудан баш тартпаган оппозициянын өкүлдөрү кыжырды келтирет. Анын кайра актанып койгонучу? Эрлан деген неме да акмак окшойт. Кайра тескери сүйлөп бериптир го. Калп эле актанып жатат, аларда мындай планы болбогондо ошонун баарын оюнан чыгармак беле. Кыскасы, мындай чыккынчыларды аныктап камаш керек. Бийлик да жумшактык кылып жатат окшойт. Эгер мен президент болуп калганымда баарын темир тор артына тытмакмын.

 

Дастан Алдаяров, Кочкор районунун тургуну:

“Мындай окуялар жөн жерден чыкпайт”

– Азыр эмне дешти деле билбей калдык. Телеканалдардан “Юпи” операциясы жөнүндө укканымда төбө чачым тик турду. Саясатчылар бийлик үчүн ушундай жолдорго барарын күткөн эмесмин. Ал эми Эрлан Өмүралиев деген бала кайрадан актанып УКМКнын кысымы менен ушундай көрсөтмө бергем деп чыкты. Бирок, биринчи тасмада анын коркуп-үрккөнү деле байкалган жок. Менин жеке оюм боюнча мындай окуялар жөн жерден чыкпаса керек. Бирок, убакыт өткөндө баары ачыка чыгат деген ойдомун.

 

Анарбек Жекшенов, Жумгал районун тургуну:

“Оппозиция ит болду”

– Оппозицияны башатаган А.Жекшенкулов, С.Жапаров, К.Кадыров бул иште актанбай эле койсо болот. Алар бийлик үчүн мындай жолдон да кайтпайт. Кызмат дегениң укмуш нерсе окшойт. Же анын кумары күчтүүбү? Оппозициямын дегендердин баары мурдагы чиновниктер. Кыйын болсо, иштеп турганда аракет кылбайбы.

Кыскасы, Нарын суусуна уу төгөм дегендердин тилеги таш каап, ит болду. Бул боюнча жалпы нарындыктар атайын кызматка рахмат айтыш керек.

Бул карапайым нарындыктардын пикири болду. Эскерте кетсек, Эрлан Өмүралиев өз ыктыяры менен УКМКга келип, оппозиция аталган А.Джекшенкулов, С.Жапаров, К.Кадыров ж.б. оппозиция өкүлдөрүнүн Нарын дарыясына химиялык заттарды кошуу, ошону менен элдин нааразычылыгын жаратуу пландарын ачыктаган. Бул пландарды ишке ашыруучу деп аталган “Хизбут-тахрир” уюмунун мүчөсү Бактыбек Жуматаев да аларды тастыктап берген.

Айбат гезити №48



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru