Айбат » Жумгалда мөөнөтсүз күзгү митинг башталды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалда мөөнөтсүз күзгү митинг башталды

митинг“Жер-жер жана жер керек” деп өткөн жылдын аягы бул жылдын башы менен башталган Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы жер маселеси боюнча чырдын аягы алиги күнгө чейин үзүлбөй келет. Илгертен ата-бабабыз ар бир жерге чек коюп калайык калың журттун жер маселесин тактап чечип бардыгына жетчүдөй кылып берер эле. Атың өчкүр атам замандан бери, үй-бүлөө күтүп бала бакыралуу болуп өмүр сүрүп күндөн күнгө кыргызымдын урпактары чоңоюп келе атканыбыз менен отурар жерибиз, турар аймагыбыз тарып ортодогу алдым-жуттум менен кысылып келе жатканыбызды айтпасак да белгилүү эмеспи. Ошту омкоруп, Теңир-Тоону томкоруп жиберген биздин бийликтеги жеп жутаарларыбыз убагында Кудайды карабай ичип-жеп каалашынча чартаңбай тебишкен экен.

Аның сыңары азыркы заманыбызды бир карасаң “Ит менен араба тартсаң” бир карасаң “Күлчөтай” болуп турган кез.

2-октябрдан бери ыр-чыры түгөнбөгөн Нарын облусунун Жумгал районунда күзгү митинг башталып ага Көк-Ой айыл аймагынын тургундары акимиаттын алдына боздотуп ыр коюп боз үй тигип митингге чыгып отургандары.

Эки күндөн бери ээрчип өткөн эки адам, бери өткөн бир адамга бул жерде боз үй тигилип турса ойлойт окшойт эт жеп атышкансып. Митингге чыккандар бир канча талаптарды коюп аткарылмайын бул жерден кетишпей тургандыктарын билдиришип үй жайды унутуп жер үчүн, акыйкат үчүн отурушса, жерин бергиси келбеген берки тарап мыйыгынан күлүп үйдө чалкалап отургандары отурган.

Жергиликтүү бийликке ишеним жок, сот кетсин, прокурор кетсин, РИИБнин башчысы кетсин, мурдагы жер жеп, тоногон Шекин Токтоналиев кетсин, «Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасы кайрадан өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин тактап беришсин, жери жок жана жер ала албай жатышкан тургундарга жер бөлүп беришсин деген талаптары менен отургандары отурган.

1“Дүнүйөң түңүлүп бүтсө деле” – бул митингге жогорку талаптан адамдар келип элге жолугуп бул жагдайды, жер маселесин чечип беришпесе митингге чыккандардын кете турган түрү жок. Көк-Ойлуктар талаптарыбыз аткарылбаса күндөн күнгө айыл тургундары кошулуп жатат, учурда 50 чукул тургун келсе дагы күн санап кошула беребиз дейт алар. Митингге чыккандардын талаптарын буга чейин Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы тиешелүү тармактарга кайрылуу менен бир катар талаптарын чечип берген.

Ал эми жергиликтүү серепчилер менен активисттер “бул жерде акимиаттын алдында, боз үй тигип митинг уюштургандары негизинен туура эмес. Эми сот бардык ишти мыйзам чегинде чечет эле да. Бир күн күтүп коюшса эмне болушмак эле, сот процесси болоордо акимиаттын алдына боз үй тигип митингге чыккандары бул жаман иш — деген ойлорун айтышты.

Ал эми буга чейин Жумгал райондук прокуратурасы тарабынан Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Ынтымак Өмүровго жаз айынан бери эле кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, 112-беренеси боюнча жана жазык процессуалдык кодексинин 115 жана 118-беренелери жана бир канча статьялары менен иш козголуп келген. Бардык ишти тергөө органдары кылдаттык менен карап жаз айынан бери иш оң жагына чыкпай, бир чечимге келбегендиктен акыркы соттук отурум 3-октябрга саат 11:00 белгиленген. Эми соттук отурум кайрадан 16-октябрга жылдырылып калды.

Чындыгында Көк-Ой айыл өкмөтүнүн жаңы дайындалган айыл өкмөт башчысы Ынтымак Өмүров айыл тургунун сабап, өз бөлмөсүнөн үстөл менен башка чаап, жабырлануучунун ден-соолугуна залака тийгизген деген айып менен райондук прокуратурасында иши каралып келген. Буга утурлаш эле элди туура эмес багытта үндөп, митинг – пикеттерди уюштурган деген айыптар жана жумушунан кыянаттык менен пайдаланып үлүш жерлерди таркатып берген деген айыптар коюлган.

Ал эми «Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Ажыбек Касымалиев өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин кайрадан тактап чыгуу боюнча талаптарына биздин тиешебиз жок деген билдирүү таркатты.

Ажыбек мырзанын айткандарына таянсак, Жумгал районундагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жеке менчик фирма «Кемоникс-Кыргызстан» тендерден утуп алып, ишти алып барууга  »Атлас+» ЖЧКна берген алар 2007-жылы жерлерди мамкатоо менен бирдикте инвентаризация кылган. «Ошол кезде аталган жеке менчик фирмалар, ишти туура эмес жазап коюшкан. Элдин көтөрүлүп жатканын себеби ошондо. Эми жерди гипрозем тактап берсин деп талап коюп жатышат, биз эми кайрадан бекер кылып бере албайбыз да, ошол кезде бюджеттен жакшы каражат каралып убагында чечилмек иш болчу. План өзү туура түзүлүп калган» — деди А.Касымалиев.

Ал кошумчалагандай, өз мезгилинде айыл өкмөттөр менен мамкаттоо жер иштерин тактап иштеп, ченеп бөлгөн. Биздин учурда бул жагдайга тиешебиз жок. мен өзүм Нарында 3 жыл аким, жарым жыл губернатор болуп кызмат кылгам. Мен жер боюнча бардык ишти так билем, азыр аталган жагдайды туура түшүндүрүү үчүн башкы инженерим Адал Таштемировду Жумгалга жибердим деген билдирүүсүн телефон аркылуу кабарлады.

Эгер бул жагдайга келе турган болсок кандай күндө деле, бул жер маселеси кандай багытта чечилет аны келечек билдирет эмеспи. Кандай күн болгондо деле, Жумгалда тынчтык болуп, жери жоктор жерге жетип, малы жоктор мал күтүп, суусу кенен, абасы таза Жумгал жергеси дайым эле тынчтыкта, ынтымакта жашап күн кечире беришсинчи.

Айбат гезити №48



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru