Айбат » Почта, эртең, бүгүн…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Почта, эртең, бүгүн…

19-октябрь  бүткүл  дүйнөлүк почта күнүнө карата

Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын Жумгал райондук филиалынын жетекчиси Нургүл Исмаилова менен баарлаштык

Почта Биздин  почта филиалында 41 адам эмгектенет. Айылдарда 16 байланыш бөлүмдөрүбүз бар анын ичинен  Кызарт, Сары-Булуң, Жумгал, Байзак айылдарында  4 почточу  0,5 ставка  менен иштешет. Учурдан пайдаланып  ыраазычылык айта кетсем болот  жакында  өзүбүздүн генералдык директорубуз Таалайбек Мамырбаевич иш сапары менен  келгенде   Өрнөктөн, Сары-Камышка почточу  25 километрге  ат менен  барып келип таратат десек  почточудан эмгек акысын 1 ставкага көтөрүп берди.  Почта тармагы көптөгөн кызматтарды аткарабыз  кат алып жөнөтүү, мезгилдүү басма сөзгө жазылуу, калктын электр энергиясына болгон  төлөмдөрүн алуу,  акча которуу берүү, айып МАИ, ММК, пенсия, пособия, жөнөтмө жана башка ушул сыяктуу көптөгөн кызматтарды аткарабыз.

Бир жылдык  планыбыз 5044,8. Азырынча тогуз айдын жыйынтыгы чыга элек алты ай менен айта кетсем 105 аткарганбыз. Ар бир байланыш бөлүмдөрү өзүлөрүнө берилген пландарын ай сайын 100дан  ашык аткарышат.

Район боюнча пенсия 4918 адам  23 миллион, пособия  2564 адам  5 миллион, компенсация 400 адам 800,0  сом буларга  (Авган, ЧАЭС, ВОВ, ИОВ) кирет.

Көбүнчө айылдагы пенсионерлер   банкка  өтүп атышат  менимче  ар бир айылдагы почтадан  алса жакшы болмок деп ойлойм.  Келгени  кеткени 200 сом.  айылдан  таксилер  эртең менен келип кечинде элдин жумушу бүткөндө кайра алып кетет  кечке ачка жүрө бермек беле түштө  тамак ичет  100 сом  ошентип 300 сом  кетет. Ар бир банкта 1 ден банкомат бар  кечке кезек  күтүшөт, биздин почта кызматкерлери  үйлөрүнө жеткизип беришет. Андан сырткары “жерге берүүнү” биз күттүрбөй беребиз.

Биз  жогору жакты карабай байланыш бөлүмдөрү менен бирдикте  байланыш  бөлүмдөрүн колубуздун келишинче ремонт кылып, баардык  көрсөткүчтөрүбүздү баннер менен жаңыртып алдык.

Айылдык кенештин депутаттарына кат менен кайрылып, көпчүлүк депутаттардын добушу менен  56000 миң сом бөлүнүп   филиалдын алдына  скамейка жасатып алдык депутаттарга  чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Филиалга  өрт өчүргүч шит жасаттык, кабелдерди алмаштырдык айтсак көптөгөн майда иштер жасадык.

Ар бир мекемеде көптөгөн көйгөйлүү маселелер  бар болуш керек. Ошондой эле  биздин мекемеде дагы чоң көйгөйлүү маселе бар.  Былтыр сиздер келгенде  дагы айттык эле  транспорт жагынан аябай кыйналып келебиз. Биз байланыш тармагы болгондуктан  кат кабар жеткизүү, пенсия, пособия ушулардын баарына жалаң жалданма такси жалдап канча жылдан бери кыйналып келебиз.

Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын Жумгал райондук филиалынын  кызматкерлерин  9-октябрь бүткүл дүйнөлүк почта күнү менен өз атымдан  кызуу куттуктайм. Өзүңөргө белгилүү  болгондой  ишиңиздердеги  эл менен байланыш түзүүдөгү  жана маданияттуу  тейлөөдөгү  өтө жоопкерчиликтүү, өтө кооптуу майда ишиңиздерге  районубуздун  аймагындагы  баардык байланыш  кызматын  өз деңгээлинде  жүргүзүп  тынымсыз  иш жүргүзүп келесиздер. Сиздерге ишиңиздерге  албан албан ийгиликтерди, бекем ден-соолукту  ошондой эле  ынтымак ырыскы каалап кетет элем.

Мирбек Асаналиев

Айбат гезити №48



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru