Айбат » Ж.Молдокматов: “Митинг өткөрүп жаткандардын Кумтөр боюнча негизги талаптарын колдойбуз”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ж.Молдокматов: “Митинг өткөрүп жаткандардын Кумтөр боюнча негизги талаптарын колдойбуз”

Жеңиш МолдокматовКумтөр кенине байланыштуу нааразычылыгын билдирип, митинг өткөрүп жаткандардын негизги талаптарын колдойбуз. Бирок, митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары  мыйзамдын чегинен чыкпастан, мыйзамдуулукту сакташы керек деп билдирди жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов.

Анын айтуусунда, Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген Өкмөт өз шаалакылыгын жана чабалдыгын билдирип, маселени создуктуруп алганы аз келгенсип, бардык министирлер кабинети жана күч структуралары менен биргеликте Азиз Батукаевди кызыл килем төшөп учуруп жибергендегиси элдин кыжырын кайнатты. “Ал эми Өкмөттү шайлаган Жогорку Кеңеш “Кумтөргө” байланыштуу маселеде бири-бири менен кайым айтышып, эл алдында туруксуздугун көргөзүп, ушул кырдаалга алып келди. Андыктан бул маселеде жалгыз Өкмөт эмес, Жогорку Кеңештин дагы жоопкерчилиги чоң. Муну менен катар бийлик менен оппозициянын ортосунан чыга келген Эрлан Өмүралиев деген эргулдун бүтпөс жомокторунан улам бийлик менен оппозициянын жүзү ачылып, ансыз деле араң турган элди козгоду” дейт Ж. Молдокматов.

Ошондой эле Ж. Молдокматов Кумтөргө байланыштуу өкмөттүн аткарган иши Кыргыз мамлекетинин жана кыргыз элинин кызыкчылыгынын бирине да жооп бербестигин кошумчалады. “Бүтүндөй Кыргыз мамлекети Канадалык жекекомпания менен сүйлөшүүдө мамлекттин кызыкчылыгында маселени чече албасы азыркы өкмөттүн алсыздыгын тастыктап турат. Мыйзамдарга ылайык, өндүрүлгөн алтынды алтын түрүндө 50:50 болуп же, кирешеден 67:33 дегенге алып келсе эч кандай нааразычылык чыкпайт эле” дейт жаш саясатчы.




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Азыркы бийлик кетиши керек,башкарганга алы келбей калды….!!!!!!.АЗАМАТСЫН!!!!!!!!!!!!!! Ж. Молдакматов….!!!!!!!!!!!!!!!!

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru