Айбат » Караколдогу митингдин артында Отунбаева, Бабанов жана Каптагаев турат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Караколдогу митингдин артында Отунбаева, Бабанов жана Каптагаев турат

Отунбаева Роза Исаковна“Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн атайын өкүлү Эмилбек Каптагаев учурдагы бийликти кулатууда негизги күч болуу үчүн экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүп алган. Ал туткунга түшкөн адамдын ролун эң жакшы аткарды”. Бул тууралуу митинг тууралуу толук маалыматка ээ болгон жогорку бийлик эшалонундагы булак билдирди.

Анын айтымында, алгачкы сценарий боюнча Каптагаев облустук администрацияны митингчилер басып алуу учурунда Кыргызстанда эмес, Казакстанда кызматтык командировкада болушу керек болчу.

“Бирок, Казакстанга барбай калып, пландар өзгөрүп кеткен. Андан кийин башка сценарий иштеген: ал өзүн туткунда калтыруу болчу. Ал бул ролду мыкты аткарды”,- деп билдиришти.

Булактын айтымында, баш аламандыктар биринчи кезекте Бабанов тарабынан каржыланган.

“Паспорт бизнесинин атасы саналып, Феликс Кулов “крыша” болгон Дмитрий Цой дагы каржылоого салымын кошкон. Башкы байлыныштыруучу бул “революциянын бульдозери” аталган Азимбек Бекназаров болгон. Ал эми башкы таң калуучу нерсеси идеалык демилгени көтөрүп чыккан бул – экс-президент Роза Отунбаева болгон”,- деп булак билдирди.

Булак ошондой эле Талас обулсунда дагы туруксуздук кылууга аракеттер болгон.

“Мына ушул максатта Өмүрбек Суваналиев Таласка келип, мейманканада бир катар жолугушууларды өткөргөн. Ал Талас облусунун борборунан колдоо таппагандыктан Көк-Сай айылына жөнөгөн. Айыл тургундары да анын бийликти басып алууга болгон чакырыгына көнгөн эмес. Андан кийин ал Талас шаарына келип, чакан топторду 10-октябрда митингге чыгууга үндөгөн. Ал “тынчтык” митингине чыккандардын ар бирине 300 сомдон төлөп берүүнү убада кылган. Бул жакта жогоруда аты-аталган кишилердин бийликти кулатуу үчүн пландуу иш алып барганы көрүнүп турат”,- дейт булак.

Белгилей кетсек, буга чейин башка булактап “Каршылык көрсөтүү кыймылынын” лидери Өмүрбек Суваналиев Талас облусунда бш аламандык уюштуруу үчүн күчтөрдү топтоп атканын билдиришкен болчу.

Булак: kyrgyz.vb.kg/231827




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru